Чолпон Талипбек, ырчы: «СҮЙҮҮГӨ ИШЕНЕМ ЖАНА СҮЙҮҮМДҮ КҮТӨМ»

– Салам, Чолпон! «Нон-Стоп» дуэтинен кеткенден бери өз алдыңча чыгармачылыкка шымалана кириштиң окшойт.
– Саламатсыздарбы? Жаңы жылды жаңы кадам менен баштап, жеке ырчы катары чыгууга аракет кылып жатам. 2 ыр жаздырып, 1 клип тарттык. Учурда 2-клиптин үстүндө иштеп жатабыз.
«Сени издейм» («Ищу тебя») деген ырыңдын клибинде Ариана Грандени аябай туурап коюптур дегендерди көп уктум.
– Клип боюнча көп эле сын уктум. Бирок, менин оюмча, клип жакшы болду, биз ойлогонубузду иш жүзүнө ашыра алдык. Ванна бир клипке окшошуп калыптыр дегендер болду. Ванна клиптердин 80 пайызында бар. Бирөөнүн идеясын алды деген туура эмес.
– Дуэтте иштеген жакшы бекен же жеке ырчы катарыбы?
– Ар нерсенин жакшы да, жаман да жагы болот. Команда менен иштөө да көп нерсени үйрөттү. «Нон-Стоп» дуэтинде биз чыгармачылык менен гана алек болдук. Азыр болсо уюштуруу иштери менен да алпуруша баштадык. Өз алдынча иштегенде жоопкерчилик көбүрөөк болот экен. Бирок менин командам мыкты, өзүнчө иштеген кыйынчылык жараткан жок. Акыркы эки клибиме сиңдим Медина режиссёр-монтажёр болду.
– Качан чалсак «Казакстанга иш сапарым менен кетип баратам» деп каласың, ал жакта жаңы долбоорлор менен иш алып барып жатасыңбы?
– Сиңдим Медина Алматы шаарында иштеп жаткандыгына байланыштуу бат-бат барып турам.
– Ыр жаздырууга, клип тартууга каражат керек эмеспи. Бул жагынан ким жардамга келет?
– Азырынча үй-бүлөм мага демөөрчү болуп жатышат. Аларга ыраазымын. Өзүм бир топ убакыт «Жыргал LIFE» телекөрсөтүүсүндө редактор болуп иштедим. Азыр аталган долбоорду улантуунун жана башка дагы бир долбоордун үстүндө иштеп жатам.
– «Эжени көрүп сиңди өсөт» дейт. Сиңдилериңе эже катары кеп-кеңештериңди айтасыңбы?
– Кичинекей кезимден эле жоопкерчиликти сезчүмүн. Менин 3 сиңдим бар. Айсулуу, Мадина жана Медина. Айсулуу турмушта, 2 кызы бар, ал чыгармачылыктан алыс. Азыр аларды көрүп жакшы эле тарбияладык деп айта алам. Үйгө, туугандарга жакын болуп чоңоюшту. Биздин үй-бүлөдө тартип деле бекем эмес. Бири-бирибизге ишенич бар. Мисалы, үйгө кеч келсек бизди эч ким урушпайт. Жумушубуз ушундай экенин түшүнүшөт. Мындай тарбия эң жакшы. Кичинекейиңден эле сага ишенерин сезип турасың, ошондуктан жаман жолдорго барбаганга, жакындарыңдын башын жерге салдырбаганга аракет жасайсың.
– Өзүңдү телеалпаруучу, актриса катары да сынап жүргөн элең. Ал жагы эми эмне болот?
– Телеалпаруучулукту улантам. Актрисалыкты болсо билбейм. «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» тасмасынан кийин тартылган жокмун. Тасмага тартылууга көп эле сунуштар болду, бирок баш тарттым. Кээ бирде сценарийи жакпай калат, кээде команда купулуңа толбойт. Жакында Казакстандан бир тасмага тартылуу тууралуу сунуш түштү. Азыр ойлонуп жатам.
– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Чыгармачылык менен алектенем, андан тышкары вокалдан сабак алам, фитнес клубга барам. Убакыт болсо кичинекей жээндериме барып, алар менен ойногонду жактырам. Андан тышкары табият коюнунда кыздар менен барып эс алган, фотосессия кылган сонун. Түнкү клубдарга барууну жактырбайм. Ага караганда кофейня жагат. Тынч, кофе ичип, баарлашууга ыңгайлуу.
– «Күйөөгө качан тиесиң?» деген суроону көп уга баштадыңбы?
– Ар бир нерсенин өз убактысы болот. Бул жылы күйөөгө тийүү планымда жок. Өзүмдү өнүктүрүүгө басым жасайм.
– Колуңду сураган жигиттер деле аз эмес болсо керек?..
– Колумду сурап, сөз айткан адамдар көп эле болот. Бирок жашоодо түбөлүк жарың болчу адамды сезесиң. Мен андай адамды сезе элекмин, ошондуктан быйыл сөзсүз турмушка чыкпайм (күлүп).
– Сүйүүгө кабылдың беле?
– Чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин. Мектепте жактыруулар болгон. 14-февралда валентинка алып, бактылуу болуп, анан жактырган бала тыныгуу учурунда класстын жанынан өтсө карап... Бирок жактыруу 1 айда эле өтүп кетет да. Көптөр «27 жашка чыктың, кантип эле буга чейин бир мырза менен олуттуу мамиле курган жоксуң?» деп таң калышат. Мен «Нон-Стопко» келгенде 19 жашта болчумун. Ага чейин окуу менен, андан кийин чыгармачылык менен алектенип жүрүп чынында эле жеке жашоо тууралуу ойлонбоптурмун. Билинбей эле 8 жыл 8 айдай өтүп кетиптир. Эми жеке жашоо тууралуу ойлонуп, "Эмнеге буга чейин сүйүүгө кабыла элекмин?" деп өзүмө суроо берип жатам (күлүп).
– Жаш өткөн сайын сүйүүгө ишенбей каласың дешет го...
– Жок, мен чыныгы сүйүүгө ишенем. Бул сөзүмө кээ бирөөлөр «каяктагы сүйүү, азыр сен 27десиң, адамды караш керек» деп күлүшөт. Бирок мен сүйүүгө ишенем жана сүйүүмдү күтөм.
– Кандай мырзалар сенин табитиңде?
– Тартиптүү, ак көңүл, чыныгы эркектик сапаты бар мырзалар жагат. Бирок азыр идеалдуу мырзаларды издегенибиз менен, сүйүп калсаң эч нерсесине карабай каласың.
– Сен сүйүп көрбөсөң аны кайдан билесиң?
– Ошентип айтышат да (күлүп).
– Шаардык кыз экениңди билебиз. Айылдык жигитти сүйүп калсаң, аны менен айылда жашоого макул болот белең?
– Сүйүп калсаң, албетте, жашайсың да. Бирок мен тың келин болом деп айта албайм. Чынында эле уй сааган өңдүү айылдагы келиндерге тиешелүү жумуштарды билбейм. Бирок эки адам бири-бирин чындап сүйүшсө, бири-бири үчүн эң мыкты болгонго аракет жасайт.

«ЭРКЕМИН. ЖАРЫМ СААТ БОЁНОМ...»
– Телефонуңдун баасы канча?
– Анча деле кымбат эмес. 30 миң сом.
– Эркесиңби же токтолдуңбу?
– Эркемин.
– Акчаң болсо биринчи...
– Банкка салам.
– Байлыкка кызыгасыңбы?
– Жок.
– Сулуусуңбу?
– Ооба.
– Канча убакыт боёносуң?
– Жарым саат.
– Ырчы болбосоң...
– Журналист болмокмун.
– Жактырган жаныбарың?
– Илбирс.
– Такси же троллейбус?
– Такси. Кээде маанай жакшы учурда троллейбуста отуруп алып музыка угуп, шаар аралаган жагат.
– Чоң сахнада жалгыз ырдап көрдүң беле?
– Жок. 16-март күнү кайрымдуулук концертте алгачкы жолу жалгыз ырдайм.

Асхат Субанбеков

Адилет Бектуров

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чолпон Талипбек: "Досторум колумду сураган, баш тартып койдум"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Stervamyn
2018-03-20 09:51:54
Эмне эле денесин коргозо баштады бул апчем)))
+4
Suluu4a
2018-03-25 18:07:02
Stervamyn,апчен замуж хочет го дейм
0
Eli.91
2018-03-20 09:57:33
Соонун интервью болуптур?
+5
vavilon.
2018-03-20 12:42:12
Анча мынча ырчыларга караганда, сүйлөө маданияты, билими жогору кыздай сезилет. Алга Чолпон!
+14
raykray
2018-03-20 15:35:09
Жагат,сыйлайм
+2
momun74
2018-03-20 15:54:54
Акылдуу кыз экен Аллахым насип кылган куну куйоого тиесин менда 27жашымда турмушка чыккам эч текеден куру калбадым синдилерим 2ден балалуу болуп калышкан эле мен тез эле жетип алдым жаратканым ме деп эгиз уулдарды берди так что "коздуу мончок жерде калбайт" дегендери чын
+9
bahab
2018-03-20 17:11:28
Телефонум анча деле кымбат эмес "30 миң сом" дейтго
+10
aimai
2018-03-20 19:58:32
30 min buga kep emes ko
+4
tynara81
2018-03-23 11:47:15
aimai,андан эки- үч эсе кымбат телефондор бар го. Ошого салыштырмалуу кымбат эмес дегени да. Телефонум кымбат баалуу-30 миң десе да айтмаксыңар,30 миңди кымбат деп алыптыр го, 50-50-90 миңдик телефон көтөрсө эмне демек экен дегендей. 30 миң кымбат,бирок өтөө кымбат эмес да
+3
aimai
2018-03-20 19:59:31
Kirgizstandin kinosun chanip emi Kazaktardin kinosuna tartilam deit ko bul ХХХХХХХХ
-5
almanbetperm
2018-03-20 22:41:01
aimai,тартылса тартылып аткандырда бир эки эпизодко
+3
gulperi.kg
2018-03-22 04:19:10
Боенбосо сулуу назик корунот
-2
MEERIM3
2018-03-22 14:08:42
Соонун
-2
stervella415
2018-03-23 01:29:35
Телефонум анча деле кымбат эмес 30 мин сом деп...экоонун бироону эле айтда...
+1
asad345
2018-03-24 19:53:19
суйуу пуйуу дебей эрге тий эртен 80 жашка чыгып, аргасыз орус кемпирлерге окшоп мышык менен калып журбо
-2
Negrusti
2018-03-24 20:18:33
Адашпасам боенгондо Хлое Морецке окшошуп кетет...
0
VIP_
2018-03-25 07:15:32
Реально сулуу. Мага жагат
0
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан