2018-жылдын 10-мартында түнкү саат 1лер чамасында Бишкектеги 3-балдар ооруканасына денеси көк ала болгон 8 жашар кыз алып келинген. Ал секелекти өгөй апасы жана 3-класста окуган агасы сабаган деп болжолдонууда.
КЫЗДЫН САБАЛЫШЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
"Тез жардам" унаасы менен Бишкектеги 3-балдар ооруканасына түшкөн кыздын абалы тууралуу нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Мелис Назаралиев маалымат берди. Айтымында, жабырлануучу кыз ооруканага баш мээси чайкалып, денеси, башы, моюну, колу-буту канталап көгөргөн, сыйрылган абалда түшкөн. Мелис Назаралиев анын абалы жакшырып калганын жана жакын арада ооруканадан чыкса болорун кошумчалады.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Назира Имангазиеванын айтымында, бул факт боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (ден соолукка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. 13-мартта кыздын өгөй апасы аны сабаганга шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгына карап кылмыш иши башка беренеге өзгөрүп кетиши мүмкүн.
«ӨГӨЙ ЭНЕСИ МЕНЕН АГАСЫ САБАПТЫР»Сабалган кыз учурда ооруканада дарыланууда. Өзү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Аны менен оорукананын бир палатасында жаткан Чынар Саттарова кыздын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кыз ооруканага денесинде, бетинде тамтыгы жок көк ала болуп түштү. Өзү отура албайт. Башы айланып, кусуп жатты. Сурасам, «Өгөй апам мени уруп, тамак берчү эмес. Курсагым ачканынан бөбөгүмө деген сүттү ичип алдым. Ошол үчүн сабады» деп айтты. Мурда көк ала болуп, анын үстүнөн дагы жаңы көк алалардын пайда болгону экспертизасы жок эле көрүнүп турат. «Чөмүч, зым менен урчу. Бир жолу зым менен сабаганда эс-учумду жоготуп койгом. Өзүмө келсем, башым шишип кетиптир» деди. Колуна, бөйрөк жагына отургуч менен чааптыр. Бөйрөгүнүн үстү көк ала болуп, шишип кетиптир. Беттери да көк ала. Бетине кашык менен чапкылаптыр. Моюну тытылган, колдун изи турат. Ал боюнча «муунтканда апамдын тырмактары кирип кетти» деп түшүндүрдү. Мунун баарын өгөй апасы жана 3-класста окуган байкеси экөө жасашыптыр. Айтканына караганда, байкеси өгөй апасынан коркконунан кошулуп сабачу экен. Денесинде тиштин издери турат, өгөй апасы муунтуп жатканда байкеси тиштептир. Кыздын абалын көрсөң, жүрөгүң канайт. Атасы тууралуу «Атам жакшы, ал урбайт. Атам жумуштан келип, көгөргөн жерлериме май сүйкөп, өөп эркелетип жаткырып коёт. Атам өгөй апамды урушса, апам мен кылбаган нерселерди айтып, мени күнөөлөп койчу» дейт.
Бир ирет чоң апасы келип, кызга «байкем урду деп эле айт» деп жатканын өз кулагым менен уктум. Ал кеткенде сурасам, «чоң апам «селкинчектен куладым деп айт. Болбосо атаңды камап коюшат. Өгөй апам урду деп айтпа, байкем сабады деп эле айт» деди» деп айтты. Чоң энеси мага «Өзү жаман кыз. Мен да алып барып баккам. Түнкү саат 12де казан калдыратат. Кайсы жаш бала ошентсин?» деди.
«БИР АЙ МУРУН НЕБЕРЕМДИН БЕТИ-БАШЫ ТАЗА БОЛЧУ»
Кыздын чоң энеси Гүлайым Абдыкеримова небереси өгөй энесинин колуна келгенине аз гана убакыт болгонун айтты:
– Неберемди өз апасы карабай кеткен, атасынын колуна келгенине 3-4 айдай гана убакыт болду. Ага чейин Жумгалда таякесинин колунда болчу. Бул үйдө келинимдин мурунку күйөөсүнөн бир баласы, баламдын мурунку аялынан ушул кызы, 3-класста окуган уулу жана экөөнүн 4 айлык баласы болуп 4 бала чогуу жашап жатышкан. Мен баламдыкына бир ай мурун келгенимде неберемдин бети-башы таптаза болчу.
Неберемдин сабалганын угуп, Жумгалдан келдим. Билишимче, неберемди өгөй энеси менен өзүнүн байкеси «тамак уурдап ичесиң, сүт уурдап ичип алдың» деп сабашыптыр. Байкеси калак менен башка чааптыр. Буга чейин алардын урганын уккан эмесмин. Атасы сабашы мүмкүн эмес. Балам жоош. Бирок келиним мага «мен ургам» деп айтты. Муну угуп алып жаман болдум. Уруксат беришсе, кызды айылга алып барып багам.
«МЕНИН КҮНӨӨМ ЖОК»
Биз 12-мартта сабалган кыздын өгөй энеси Аруукеге байланышып, анын оюн да укканбыз. Ал кезде тергөө абагына камала элек өгөй эне кызга кол көтөргөн эместигин айткан:
– Өз энеси таштап кеткен балдарды мен багып жатам. Кызды өзүнүн байкеси тепкилеп урчу. Байкесин 2 жашынан баштап бактым. Азыр байкеси мага «Апа, кечирип койчу. Карындашымдын кичинекей баланы тумчуктуруп жатканын 2-3 жолу көрүп калып сабагам» деп айтып жатат. Мен кызга тийген жокмун. Улуусун окутуп, бир жерине залака тийгизген жокмун. Бул кызды да окутайын деп мектепке алып барсам, орун жок деп албай коюшкан. Анан өзүмдүн боюмда болуп калып, ооруканалап жүрүп, ал кызга көп көңүл бурбай, окута албай калдым.
Мен да кордук көрүп чоңойгом, жетим кызмын. Ата-энем, бир туугандарым жок. Бул кызга андай мамиле жасаган жокмун. Тескерисинче, көтөрмөлөчүмүн. «Кызым, сени медресеге окутам, сен жакшы жүр. Сени апаңдын көзүнө көрсөтүп окутам» дечүмүн. Кудай уруп кетсин, Куранды деле кармап берем. Эч кандай залака тийгизген эмесмин. Менин эч кандай күнөөм жок.
Аламүдүн райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев жабырлануучу кыздын өз апасы изделип жаткандыгын айтты. Анын айтканына караганда, эгер апасы 2 баласын негизсиз таштап кеткен болсо, ал энелик укугунан ажыратылат. Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгында өгөй апасынын кызды урганы далилденсе, ал да өзүнүн балдарын багуу укугунан ажыратылмакчы. Бул үй-бүлөнүн балдарынын кичинекейлери балдар үйүнө, улуу баласы интернатка жайгаштырылды.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg