АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ ВИЗАнын АЙЫНАН КЫЯЛЫНДАГЫ СЫНАККА КАТЫША АЛБАЙ КАЛДЫ

Кыргыздын бий маданиятын дүйнөгө тааныткан Атай Өмүрзаков "Адем" тобу менен АКШда өтчү «America's Got Talant» сынагына барбай калды. Ага себеп бийчилерге АКШ элчилигинен виза бербей коюшкан. «Аябай каалаган сынакка чакыруу алып, консулдун маанайы жок болгону үчүн гана визаны бербей коюу бизде гана болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын беделин түшүргөн жана түшүрүп келаткандарга рахмат» деп өздүк баракчасына билдирүү калтырган. Бул окуя боюнча Атайга кайрылганыбызда: «Бул сынакка катышуу менин 2009-жылдан берки кыялым болчу. Андан сырткары акыркы долбоорум эле. Визаны алсак, 21-мартта фестивалга кетмекпиз. Айла жок барбай калдык. Мурунку жылы да сынакка чакыруу келип, визанын айынан барган эмеспиз. Быйыл эки жолу тапшырсак да виза бербей коюшту. Буга АКШга барып калып калган, ал жакта жүрүп бизди уят кылган мекендештер себеп»,- деп кошумчалай кетти Атай. Ошондой эле Атай мындан ары бийди токтотуп, жеке ишкерлик менен алектенерин айтып өттү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aikan1966
2018-03-20 10:13:53
Кандай сонун таланттардын буттарын тосуп жатат,уят кыргыз эли булар акча эмес кыргыз элин туусун жогору корторуп келем десе болгону виза да ушунчалык кыйын болсо ,чыгармачылык адамдарга,бийин токтотуп койсо канчалаган жаштарга сабак берип ,жаштарга спонсор болуп ар жакты корсотуп журду,Жок дегенде азыркы башчыбыз ушул жаштарга конул болсо,биздин келечегибиз жаштар го
+18
aman0296
2018-03-20 11:39:17
Азыр сени чондордон эч ким колдобойт. Лучше жеке ишкерлик менен эле алек бол
+4
dobrajelatel
2018-03-21 18:46:51
Окунучтуу олконун атын чыгарган инсанга колдоо корсотпосо да окмот бут тосуусун токтотсо болмок.
+8
nurhan2702
2018-03-24 13:30:11
dobrajelatel,колдоо корсотпойт тескерисинче оз алдынча барып акча утуп келсе, ошол акчасына коз артканды билишет.
+2
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан