«ИЛЕГИЛЕК» СПЕКТАКЛИНДЕ АВТОРУ СУЛТАН РАЕВГЕ СӨЗ ТИЙБЕЙ КАЛДЫ

Спектакль коюлган күндөр – 13-14-15-март
Өткөн жери – Кыргыз улуттук драма театры
Башталышы – 19:00 (40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (13-февраль)
Билет баасы – 500-550сом


Жакында эле Ош улуттук драма театрында Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык «Илегилек» спектакли коюлуп, анда башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ойногон эле. Аталган спектаклге билеттер 750 сомдон сатылып жатканын коомчулук бир топ сынга алган. «Илегилектин» Бишкекте коюларын угуп, барбасам болбос дедим. Анткени коюла элек жатып талкуу чордонунда калган спектаклди көрүүгө куштар адамдар көп болчу.
Спектаклде тагдырдын оор жолундагы чайналуу, азап тартуу, адамдык баалуулук менен жаштык-мастыктын күрөшү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген майып чоң атасы менен анын чыканактай небереси аркылуу доорубуздун чоң көйгөйлөрү чагылдырылган. Спектакль көрүү маданияты бизде өнүгө элегине ынандым. Жанымда телефонун чукулап отурган мырзаны көрүп, аны бирөө кыйнап эле алып келип койгонбу деген ойго жетелендим. Канча айтса да Самаранын кесиби актриса эмеспи жакшы аткарды. Бирок "Илегилектеги" Жанараны көрүүчүлөр Жанара эмес, ырчы Самара катары кабыл алганы байкалып турду. Кызыгы, спектакль бүтүп кол чаап отурсак далымдан бир айым түртүп «туруп кол чапкыла!» деп буйрук берген үн менен айтса болобу. Уялганымдан туруп кол чаптым.
Ошол маалда баары «оптом» Самарага гүл сунуп, айрымдары куттуктап сахнадан жоолук салганы көзгө өөн учурады. Биз Самаранын тоюна же жеке концертине келген жокпуз го. Ошол жоруктун айынан "Илегилек" драмасынын автору Султан Раевге сөз тийген жок. "Жоолук салгычтар" жолтоо болуп сахнага сөз сүйлөгөнү чыккан ал кишини да оңтойсуз абалда калтырышты. "Илегилекти" буга чейин «Тунгуч» театрынын актёрлору аткарганын да көргөн элем. Салыштыруу иретинде айтсам, бул спектакль көбүрөөк Самарага ыңгайланышып коюлгандай. "Тунгуч" театры койгон спектаклде Жанаранын ролун ойногон актриса Таазим укмуш бийлеп образдын көркүн ачкан эле, Самара бийлеген мага жарашпай калат деп уялдыбы, айтор, музыкага келиштире бийлей албады. «Илегилек» спектаклинде өзү ойноп жүргөн Жамал Сейдакматова чыгып Самаранын аткаруучулук чеберчилигине ыраазы болуп, батасын берди.


Толик сынчы

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Самара Каримова башкы ролду жараткан 750 сомдук спектакль Бишкекте коюлду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
hanisa
2018-03-20 11:25:06
Эми чыгып алып жоолук салгандары уятта
+34
hanisa
2018-03-20 11:30:05
Алтын цепочкасын чечип койсо болмок экен жаман корунот экен
+20
Mamiev
2018-03-20 11:33:50
Элди кыстап билеттерди сатсанар эл коп барат да.Эмгек синирген деп жазу чыгарбай эле койгулачы.Тойлорго билет сатууга эмгеги синген десенер
+26
Stshcksishd
2018-03-20 12:35:44
Сын пикирди туура кабыл ала албайт ушул аял. Коргон сайын аллергияны козгоп
+19
Nanei
2018-03-20 13:20:12
Образ жаратпай эле озун коргозгону чыккандай болуп калыптыр.
+16
ainur78007
2018-03-20 15:00:52
Театрга, спектакльга баргандай эмес, Самаранын концертине баргандай сезим болсо керек баарында.
+17
Nanei
2018-03-20 17:35:59
Самара ОЗУ токтотсо болмок жоолук салгандард,кое тургула,бул жактагы кишилер соз суйлоп бутуп алсын деп
+14
tursunbaev78
2018-03-20 19:37:28
Толик сынчы Ошко атайы келген окшойт
-5
Nanei
2018-03-20 20:19:05
tursunbaev78,Бишкек те З кун катары менен болуптур,ошол Жака барганын айтыпатат Толик
+8
Tuni
2018-03-20 22:43:18
ХХХХХХХХХХХХ дегендей зордоп билет саттырып эптеп откорду. Тырмаландап ар жерге кирип же эптей албайт. Уну начар таланты эптеп септеп.
+9
bayana1987
2018-03-21 10:03:36
Ар кимге ондон билетти бекер берип чакырып, залдын тең жарымы чакыруулар менен келгендер олтурду. Самара ролго такыр кире албай койду, бийлеген такыр жарашпайт экен )
+8
Nanei
2018-03-21 11:14:41
Бул аял болбой калды,Эми дагы бир нерсе которуп чыгат,коросунор ,балет бийлемекчимин деп чыкпаса болду эртен. Алтын балык жомогундагы ХХХХХХХХХХХ элестетет
+8
Dina.janym
2018-03-21 14:38:53
Самаранын Заманы болдуго чиркин!
Мен эң нааразы болгон жерим, КР Эмгек сиңирген артисткасы болуп алганы, кайсы ары үчүн...бирөөлөрдүн ырын ырдап жүргөнү үчүнбү))))
Кыскасы, сөз жок экен бул аялга......(((
+7
baatem
2018-03-21 21:56:37
Тимеле барып коруп келип сындап жаткансып жазыпсынар. Андан коро коргондор бар бекен,карапайым калктан,ошолордун оюу болсо сонун болмок эле.
-5
surgeon777
2018-03-25 02:27:57
Тиги гул бергендердин кобусун Самаранын чалы бердиртсе керек:"Кыздар 2-3саат тыныгуу силерге!"...деп)))
ХХХХХХХХХХХХ
+1
Elina9695
2018-04-08 12:55:09
Ар Ким колунан келгенин кылаберсин. Бекер куноого батпагыла.
0
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан