ЖАЗГЫ ДААМДАР

Жазында организмибиз витаминдерге муктаж болору баарыбызга белгилүү. Андыктан жаңы бышкан жашылчалардан түрдүү даамдарды жасап, витаминдер менен өзүңүздү камсыздаңыз.


«ЖАЗ» САЛАТЫ

Порция – 2, даярдоо убактысы  –  10 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Чамгыр
– 200 грамм
Бадыраң – 2 даана
Салат жалбырагы – 1 боо
Көк пияз – 5-6 тал
Зайтун майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч


Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды жууп, тегерек формада туурайбыз.
2. Көктөрдүн баарын жууп, салат жалбырагын кол менен чоң-чоң кылып үзөбүз, көк пияз менен петрушканы болсо майда туурайбыз.
3. Азыктардын баарын чоң идишке салып, үстүнө зайтун майын куюп (же өсүмдүк майы), татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Салат даяр!


«МААНАЙ» САЛАТЫ

Порция – 4, даярдоо убактысы  –  30 мүнөт


Керектелүүчү азыктар:
Уйдун эти
– 200 грамм
Чамгыр (редиска) – 200 грамм
Бадыраң – 2 даана
Помидор – 2 даана
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Көк чөптөр (петрушка, көк пияз, жалбыз) – 2 талдан


Даярдоо ыкмасы:
1. Этти сууга бышырып алабыз же болбосо жука тилип, көмөч казанга бир аз май куюп, кактап бышырып алабыз.
2. Жашылчалардын баарын тазалап жууп, каалаган формада туурайбыз.
3. Этти узун-узун, көк чөптөрдү майда туурап алабыз.
4. Азыктардын баарын чоң идишке салып, өсүмдүк майын, татымына жараша туз, мурч, калемпир кошуп аралаштырабыз. Маанайды көтөрүүчү салатыбыз даяр!


БРУСКЕТТА

Порция – 4, даярдоо убактысы  –  20 мүнөт


Керектелүүчү азыктар:
Батон наны
– 1 даана
Помидор – 2 даана
Бадыраң – 1 даана
Тунец балыгы (консерваланган) – 100 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Салат жалбырагы, руккола – 1 боо


Даярдоо ыкмасы:
1. Нанды 1-2 сантиметр калыңдыкта кесип алабыз да, көмөч казанга салып эки бетин кактап кызартып алабыз.
2. Тунец балыгын майдалап, ага майда тууралган помидорду кошуп аралаштырабыз.
3. Нандын бетине салат жалбырагын же рукколаны, тегерек тууралган бадыраңды коюп, үстүнө балык менен помидордун аралашмасынан салабыз. Брускеттабыз даяр!



ВИТАМИНДҮҮ ШОРПО

Порция – 6, даярдоо убактысы  –  1 саат


Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти
– 450 грамм
Нан – 2 кесим
Жумуртка – 1даана
Сүт – 60 миллилитр
Сабиз – 1 даана
Картошка – 2 даана
Пияз – 2 баш
Күрүч – 50 грамм
Шпинат – 1 боо
Сыр – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Суу – 2 литр
Татымына жараша туз, мурч, калемпир


Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды аарчып, жууп, пиязды майда, сабизди тегерек, картошканы төрт чарчы формасында туурайбыз.
2. Тоок этин сөөгүнөн ажыратып, эт туурагычтан өткөрөбүз.
3. Фаршка сүткө чыланган нанды, жумуртка, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, аз-аздан алып тоголоктоп фрикадельки жасайбыз.
4. Көмөч казанга бир аз май куюп фрикаделькилерди кызартып кууруйбуз.
5. Казанга майдан куюп, алгач пиязды, андан соң сабизди салып кууруп, суу куябыз. Татымына жараша туз, мурч, калемпир кошулат.
6. Шорпо кайнаганда картошка, күрүч жана фрикаделькилерди салып 15 мүнөттөй кайнатабыз. Аягында тууралган шпинатты салып дагы 2 мүнөт кайнатабыз. Шорпону чыныга куюп, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп дасторконго берүүгө болот.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
pixduel1
2018-03-20 14:50:54
Диетический салаттар же калориясы аз татымдар жонундо да жазыныздарчы
+1
admin_media
2018-03-20 15:05:29
pixduel1,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
+1
UmsunaiTem
2018-03-21 02:08:20
Бири да жакпады
-4
deva
2018-03-22 16:30:57
Жазында ушундай жеңил, витаминдүү тамактар өтөт да
+3
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан