НУРЛАН НАСИП: "ЧЫГАРМАЧЫЛ МЫРЗАЛАРДЫН КӨБҮ БЕТИНЕ ТОНАЛКА СҮЙКӨШӨТ"

Интернет өнүгүп түрдүү социалдык тармактар тамыр жайган сайын хейтерлер пайда болуп баштады. Бул көрүнүш кыргыз ырчыларынын арасында да активдешип, жок эле дегенде ар бир ырчынын сүрөтүнүн алдына 5-6 жагымсыз комментарий жазып кетишет. Бүгүн ырчы Нурлан Насип ошол «душмандарынын» суроолоруна жооп бермекчи.


Хейтер сөзү англисче «hate» сөзүнөн алынып, «жек көрүү» деп которулат. Хейтерлер – бул кайсы бир адамдын чыгармачылыгын жактырбай, жаман сөздөр менен негативдүү комментарийлерди жазган адам. Аларды сынчылар менен алмаштырууга болбойт. Сынчылар жакпаган нерсесин аргументтүү, далилдөө түрдө сындашат. Ал эми хейтерлер табитине туура келбеген нерсени далилсиз эле айыптап, жамандай беришет, бирок өз оюнун тууралыгын далилдей алышпайт.

Lolli8317: – Нурлан, чыныңды айтчы, бетиңе тоналка сүйкөйсүң, ээ?
– Күнүмдүк жашоодо тоналка такыр колдонбойм. Бирок чоң концерттерде, телеберүүлөргө чакырса, клип тартканда грим кылууга туура келет. Анткени бул нерсени мен эле кылбайм, бардык эле чыгармачыл мырзалар бетине тоналка сүйкөшөт.

Asekov.samat: – Кыздар өтүп кете бербесин деп тишиңерди жасаттыңарбы?
– Жок, андай эмес, тишимди жасатканымдын себеби ортолору ачылып, аралыктары чоңураак болуп кеткен. Ошону оңдотсомбу деп колум тийбей жүргөн. Мурунку тишимди жактырган да күйөрмандарым бар. Бирок жаңы жасаткан тишимди мурункудан да катуу сүйүп каласыздар (күлүп).

Mumu00: – Нурлан, киного тартылбай жөн эле ырдай берчи сураныч, актёрдук чеберчилик нөл экен сенде.
– Чоң рахмат (күлүп). Чынында мен актёр эмесмин, ырчымын. Анан актёрдук чеберчилигимди далилдөө үчүн киного тартылган жокмун. Режиссёрлор менден «жашоодо кандай болсоң, ошондой аткарып бер» деп суранышкан. Мен жашоодо кандай сүйлөсөм, кандай күлсөм ошондой эле кинодо аткардым.

Baktygulabk: – Билдирүү жазганда толук орусча же толук кыргызча жазбайсыңбы, ай, уят!
– Азыр заман ушундай болуп жатпайбы. Бизде же кыргыз эмес, же орус эмес адамдар көп. Мен ошол адамдарга жараша жазам. Инстаграм баракчамдагы көпчүлүк орусча жазылган билдирүүлөрдү администратор-жардамчыларым жазып калат. Бирок өзүм кыргызча жазганга аракет кылам.

Benazir08: – Ырларыңды угам, ширин ырдайсың, бирок күлгөнүң эч жакпайт да...
– Эми күлкүмдү мен атайын жасап күлбөйм да (күлүп). Жараткан кандай үн берсе ошондой ырдайм, ошондой күлөм. Жасалмасы жок чын жүрөктөн күлгөн жакшы эмеспи

Nurzadaasano: – Асел экөөңүздөр "пара" эмес экенсиздер...
– Хм, билбейм... Ар кимдин көз карашы ар кандай да.

12345lky: – Башың эле калыптыр го, семирсең боло...
– Ооба, чынында арыкмын, эми семирейин деп жатам. Жогоруда айткандай, баралыма келгенде толот болушум керек. Анткени менин атам жаш кезинде арык киши болгон мага окшоп.

Sakinalsu: – Тоту куштай болбой үйлөнсөң тезирээк үйлөнбөйсүңбү Аселге...
– Ар бир нерсенин өзүнүн убакыт-сааты бар. Кудай буюрган күнү үйлөнөм.

Kubinis: – Вай, эне-ең, Москвада иштеп биз бир күндө 1000 рубль араң тапсак, бул братан бир күндө эле коротуп коёт го...
– Анткени мен күндүзү көп жумуш кылам. Студияларга, концерттерге барам. Такси кызматын пайдалансам андан көп кетмек, өзүмдүн унаама бензин куюп айдаганым жакшы го. Бул эми эң аз алганда ошончо коройт, кээде андан көп деле короп кетет.

Elaman_omursakov_official: – Тиштин баарын бузупсуң, брат, мурункусу эле зыңк эле...
– Сиздин көзүңүз көнбөй жатса керек. Эң негизгиси менин келбетимди, тиштеримди карабай, ырларымды гана уксаңыз жакшы болмок. Анткени бирөөгө сын таккан оңой.

Соңку сөз: – Биздин ар бир илген сүрөтүбүздү, эмгегибизди көңүл сыртында калтырбай чымчылап отурган хейтерлерге айтарым, сынчы болуш оңой, эмгек кылуу кыйын. Көпчүлүк жаман сөз жазган комментарийчилер бекерчи, үйдө бош отургандар болуш керек. Анткени иштеген адамдын мындай иштерге убактысы жок болот. Ошентсе да бардык угармандарымды, анан хейтерлерди дагы жакшы көрөм. Менин эмгегиме күбө боло бериңиздер. Сиздер үчүн ырдайм!


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
MoltirJan
2018-03-21 18:32:15
Нурлан жагат мага.Ото жонокой бала
0
tazdar97
2018-03-23 15:40:51
бирөөгө сын такпай жашасак жакшы болмок. өзүңдүн башыңдагы чөптү көрбөй, бирөөнүн башындагы төөнү көрөчсүң деген макал бар го. ошо себептен ар бир адам өзүн билүүсү тийиш деп ойлойм.
+2
nurhan2702
2018-03-23 16:17:40
Нурланды сындагандар оздору кандай болду экен. Бироонун кемчилдигин издегенче озунорду бир карап алгылачы . Бул жигиттей ырчылар саналуу эле азыркы жылдыздардын арасында. Озу ыр чыгарат, озу обон жазат жана созолонтуп ырдайт. Коро албагандар суйлой берет, анткени сен мыктысын. Бактылуу бол, иним! Ырларыны аябай жакшы коруп угабыз биз
0
Aznazalai
2018-03-23 17:33:15
Таланттуу ырчы
0
Benazir08
2018-03-23 20:09:55
Кокууй менин билдируум 1чи жолу чыгып жооп бериптир озум да чочуп кеттим?!
-1
Birimdik5555
2018-03-25 01:08:51
Benazir08,сен да хейтерсинби анда
-1
kakukani
2018-03-24 09:05:53
Ушунчалык адамдар бирөөлөрдүн жаман жактарын издеп ал жагын элге жарыяламайын тура алышпайт
0
sely
2018-03-24 11:54:43
Тил билгенге не жетсин. Керек болсо англисче суйлогуло хейтерлер тушунугунорду бир аз кененирээк кылгылачы. Онуккон заманда жашап жаткандан кн. Главное эне тилибизди унутпашыбыз кк. Мен турк орус англис тилин билем керектуу жерлерде ошол тилдерде суйлойм бирок негизги суйлогон тилим кыргыз тили.
-1
Kirajsjk
2018-03-24 13:09:24
tanalka suikoboi chiksa da aitasinar,ushuncha akcha tabat ozun karanip ele jurboibu dep
-1
02.10.93N
2018-03-24 13:33:47
Молодец НН ийгилик !!!
-1
02.10.93N
2018-03-24 13:36:08
Молодец Н Насип ийгилик!Адамгерчилигинди баалайм бул эн жогорку сапат
0
Marasul.gulnur
2018-03-25 00:27:13
Эмнеге
-1
Birimdik5555
2018-03-25 01:09:29
Азамат оркунун осо берсин
0
aikajan-----
2018-03-25 15:04:31
Айрыкча Арсен кашын да терип алат, сылан короз болуп! Нурлан Насип жонокой болгону учун да сыйлайм. Бирок инин Нияз Абдыразаковдун такыр таланты жок!
0
nurhan2702
2018-03-26 13:51:13
aikajan-----,Нияз Абдыразаков Нурланга кандай тиешеси бар. Ал Илястын иниси го
0
Suluu4a
2018-03-25 18:03:02
Бунунардын да убагы отот...керек болсо уйлоногондон кийинле бутсо керек...ничто не вечно
-1
Peri.jo
2018-03-31 01:22:10
Негизи эн жонокой ырчылардын бири, таланты бар анча мынчага караганда. Ийгилик Нурлан байке.
0
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан