Кыргыз шоу дүйнөсүндө көргөн көздү суктандырган сулуулар бар. Алардын айрымдарын бойдок жигиттердин сынына коюп, бой-мүчөсүнө баа бердирип көрдүк.
Баа берүү үчүн жигиттерге 1ден 10го чейин упай берүүсүн, бир жолу коюлган упайды экинчи ирет кайталоого болбойт деген шарт бар экенин айттык. “Кимисинин бой-келбети идеалдуу?” дегенде жигиттер биринчи орунга бийкечтердин баары татыктуу экенин бир ооздон айтып, “төмөнүрөөк бааны кимисине берем?” деп түйшөлүштү.
Болотбек Тилек, актёр: "АЙПЕРИ ЭМГЕКЧИЛ БОЛГОНУ ҮЧҮН КЕЛБЕТТҮҮ"
– Бул ырчы кыздарыбыздын арасынан Айдана Декага төмөн упай бергенге туура келет экен. Ал бир аз толуп алса болот, менимче. Малика Дина фитнеске барганы жакшы болсо керек, ошондуктан ага 4, Асел назик болгону үчүн 5 упай берем. Кундуз Канатбек кызынын бой-мүчөсү стандартка дал, ошон үчүн ага 6 деген жакшы упай болсун. Ал эми Айперини эмгекчил кыз деп билем. Талыкпаган аракетинен улам келбетинин үстүнөн дайыма иштесе керек. Айтор, арыктыгын билдирбейт. Ошондуктан Айпери жогорку 7 деген баага татыктуу деп ойлойм.
Бегиш, рэпер: "АЙДАНА МЕНЕН АСЕЛ АРЫК"
– Кундуздун бой-мүчөсү баарына эле белгилүү болсо керек, өзү ырдап мактанбады беле, тамаша. Ошондуктан эң жогорку упайды Кундуз алсын. Айпери айымды бир-эки жолу көргөм, келбети жаман эмес, ошондуктан ага 9 упай. Маликаны көрө элегиме көп болду, бирок мурда кичине толугураак болчу, ал да жаман эмес. Айдана Дека менен Аселди арык деп эсептейм (күлүп). Экөөнүн бой-мүчөсү бирдей. Бир аз салмак кошушса жакшыраак көрүнүшмөк. Кыздардын эч бирин таарынткым келбейт, бул болгону гезит үчүн менин жеке оюм. Жогоруда айтылган кыздардын баары жакшы кыздар.
Мыктыбек Мукаев, тамашоучу: "КУНДУЗ МЕНЕН АЙПЕРИ КЫЯЛЫМДАГЫ КЫЗДАР БОЛЧУ"
– Айпери Кубик кызы менен Кундуз Канатбек кызы мектепте окуп жүргөнүмдө кыялымдагы кыздар болчу. Экөөнүн сулуулугу жана бой-мүчөсү жагат. Ошондуктан бул бештиктин алдыңкы эки орунун ушул бийкечтер алсын. Ал эми Айдана, Малика жана Аселди сыртынан эле тааныганым үчүн унчукпай калган 3 орунду үчөөнө ыйгарып коё берейин.
Курал Чокоев, ырчы: "МАЛИКА "АППЕТИТНАЯ"
– Кечке ойлонуп, эң жакшы “фигура” меники деген жыйынтыкка келдим, тамаша. Кыздардын баары сулуу, баарынын бой-мүчөсү келишкен. Алардын ичинен дене-мүчөсү идеалдуулугу жагынан номер биринчи деп Асел Кадырбекованы таптым. Кундуз Канатбек кызы 90-60-90 параметрлүү болбой калды окшойт, балким, ага убакыт себептир. Кийинки тепкичте тулку боюн түз алып жүргөндүгү үчүн Айпери Кубик кызын атайм. Андан кийинки орунда “аппетитная” болгону үчүн Маликаны коёлу. Ал эми Айдана Дека кичинекей кыз да, ошон үчүн ал акыркы орунда болсо, капа болбостур.
Максат Орозумбетов, алып баруучу: "АЙДАНАГА ҮҢҮЛҮП КАРАГАН ЭМЕСМИН"
– Көптөн бери ырчы айымдар менен чыгармачылыкта иштешип, жакындан көрүп жүргөн адам катары Айпери Кубик кызына 10 упай бермекмин. Себеби анын бой-мүчөсү төрөттөн кийин да өзгөрүүсүз бойдон калды. Малика Дина турмушка чыгып, төрөт, стресстен кийин өзүнө көңүл бурбай калдыбы, айтор, эл анын мурдагыдай идеалдуу келбетин көрбөй калды. Асел Кадырбекова кичине салмак кошуу керек, ошон үчүн ага 8 упай. Кундуз Канатбек кызынан идеалдуу бой-келбетин азырынча көрө алган жокмун, ошентсе да 7 упай берели. Айдана Дека менин карындашымдай эле, ага үңүлүп деле карабаптырмын. Ошондуктан акыркы орунду Айданага берели.
Алтынай Тынышова
star@super.kg