Ырчы Амир Аскаров мындан туура 6 жыл мурун «эротикалуу клип тартам» деп айткан жайы бар. Ырчы өзү айткандай эле жакында «Кызганам» аттуу ырына эротикалык элементтер камтылган клип тарттырып талкууга жем таштады. Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган ырчы менен чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
– Салам, Амир. Чыгармачылыгыңда бир топ тыныгуу болуп кетти, себеби эмнеде?
– 2010-жылдан 2012-жылга чейин жакшы иштегем. 2012-жылы чыгармачылыгыма бир аз тыныгуу кылып, кайра улантайын дегем. Тилекке каршы, уланта алган жокмун. 2013-жылы бир модель кыз менен сүйлөшүп, мамилем үзүлгөн соң депрессияга кабылдым. Анысы аз келгенсип автокырсыкка учурап, айтор, билинбей ортодо убакыт өтүп кетти. 2014-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барып музыкалык студияда иштеп калдым. Мекениме 2015-жылы кайтып чыгармачылыкка киришейин десем, каражат жоктугунан оюм ишке ашкан жок. Ошентип дагы 3 жыл өтүп кетти.
– Депрессиядан чыга албай жаттыңбы?
– Депрессиядан чыккам. Болгону көп убакыт иштебесең да жалкоолук пайда болот экен.
– Былтыр үйлөндүң окшойт, ээ?
– Үйлөнгөн эмесмин. Ал кыз менен жылдызым келишкен жок. Азыр жүрөгүм бош.
– Жарандык никеге көз карашың кандай?
– Кыз-жигит мамиле куруп жүргөндө экөө бири-бирин билбейт. Себеби алар жашап көрүшкөн эмес да. Кыз менен жигиттин 10 жыл сүйлөшүүсү 1 жыл чогуу жашаганга жетпейт. Ошол жагынан караганда жарандык нике туура. Балким, мен оңой менен эч нерсени жактырбай калган куракка келип ошондой ойлоп жатам.
– «Кызганам» аттуу ырыңдын клиби талкуу жаратууда. Көпчүлүгү сени комментарийлер менен «төпөштөп» жатышат...
– Албетте, 80 пайызы негативдүү комментарийлер, мактагандар да бар. Хейтерлер сөгүштү, түшүнүктүү адамдар туура кабыл алышты. Анча-мынча «акылмандар» сүйлөй беришет, алардын айткандарына көңүл деле бурбайм. Менталитет деген адамдардын арасында деле ата-энесинен жашынып алып мындан да жаман эротикалык тасмаларды көргөндөр бар. Менталитет деген сөздү жамынып алып кылгылыктын баарын кылган эки жүздүү адамдар толтура.
Көк беттигимден бул клипти тарттым. Себеби бир канча жыл мурун «эротикалуу клип тартам» деп убада бергем. Бирок бул деле эротикалуу клип эмес. Жөн эле ачык кадрлары бар клип. Бул ар бир адамдын жашоосунда боло турган иш, ошону эле ачыкка чыгарып койдум. Кыргыз шоу-бизнесинин тарыхында 18+ алгачкы клип болду. Мага чейин ырчылардын бирөөсү тарткан, аныкы эмнегедир мынчалык талкуу болгон эмес.
– Ата-энең клипти көрүп эмне дешти?
– Эмне демек эле? Эч нерсе дешкен жок. Ата-энем менин чыгармачылыгымды түшүнөт. Алар кичинекей кезимде кандай ырларды укчумун, кандай стилде ырдагым келчү, кандай кыялданчумун, баарын билишет. Алар туура эмес көрсө да мага айтышпайт. Себеби мен баласымын да, баласынын тандоосун ар бир ата-эне колдойт.
– «Клиптеги кыз кыргызбы, кантип уялбай тартылды?» деп бүйүрү кызыгандар көп.
– Кыз чыгармачылыкка аябай жакын кыз. Түнкү клубдарда ди-джей болуп иштейт. Таза кыргыз эмес, метис. Аны сөккөндөр да, ага кызыккандар да болуп жатат. Бирок ал акылдуу, сонун кыз, анча-мынча нерселерге терикпейт. Мен 200 пайыз айта алам, клибимди көргөндө ар бир эркек, ошол эле менталитет деп сындап жатышкандар да менин ордумда болгусу келет.
– Кандай мааниде?
– Бардык мааниде. Ошол кыз менен сүйлөшкүсү же мамиле кургусу келет. Эркектердин физиологиясы ошондой да, эгер ал натуралдуу эркек болсо.
– Ага канча гонорар төлөдүң?
– Гонорар төлөгөн жокмун, бекер тартылып берди. Бардыгыбыз чыгармачылыктын жаңы деңгээлин көрсөтүү үчүн бул клипти тарттык. Бул жерде акча табуу максат болгон жок.
– Ошондо сенин клибиң кыргыз шоу-бизнесин жаңы деңгээлге чыгардыбы?
– Жок, антип айта албайм. Бирок кыргыз ырларын укпай, чет өлкөлүк ырларды угуп жүргөндөрдүн көңүлүн кыргыз шоу-бизнесине бурдум. «Атың чыкпаса, жер өрттө, кыргыздын менталитетине жарашпайт» дегендер чала-була эркектин образында чыккандар тууралуу айтышсын ошентип.
– Кайрат Кыргызды «жаш балдарга туура эмес үлгү берүүдө» деп сындадың эле. Сен бул клибиң менен жакшы үлгү берип жатам деп ойлойсуңбу?
– Биринчиден, клипти телеканалдардан чыгарган жокмун. Себеби туура эмес болуп калат. Тиги байкебиз клибин телеканалдан күчкө салып ротация кылып, кечке кайталап көрсөтүшүүдө. Экинчиден, мен клибиме эркегирээк болуп тартылдым. Эркек деген көргөндө эле «аа, эркек экен» деп дароо түшүнүп, эч кандай шек жаратпашы кажет. Тиги байкенин клибин үнү жок көрсөң кээ бир жерлеринде түшүнбөй каласың. Бир четинен аны күнөөлөй албайм. Себеби бул продюсердик долбоор. Образ дей берсек жакында Кончита Вурст сыяктуу сакалчан, юбкачан эркек ырдап чыкса эмне кылабыз?
– Кесиптештериңдин айрымдарын «үнү жок, жасалма» деп көп сындайсың...
– Ырчылардын арасында халтура менен алектенгендер көп. Мурун ырчылар «ырым элге жагып, аларга жакшы маанай тартууласын» деп чыгармачылык менен алектенишчү. Ырым хит болсо тойго чыгып акча табайын деген максат жок болчу. Азыр ырчылардын 95 пайызынын ою тойго чыгып акча табуу. Таланттуу ырчылар болсо жалкоо, кээ бирлеринин акчасы жок. Таптакыр эле ырдай албаган ырчылар да бар. Өзгөчө бирөө. Аны айткам. «1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек» деген сөз ал жерде «0 пайыз талант, 100 пайыз эмгек». Бирок анын эмгекчилдигин аябай баалайм.
– Бетке айтасың, сындайсың. Өзүңдүн да кемчиликтериңди айтса кандай кабыл аласың?
– Бизде баары эле жасалма, элге жакшы көрүнгөнгө аракет кыла беришет. Мени деле «амбициясы асманда» дешет. Туура, мен ошондоймун. Анткени мен жашмын, жаш кезде амбиция чоң болушу керек. Өзүмдү жакшымын деп калп эле айткым келе бербейт. Анча-мынча жаман жактарымды билем. «Бабникмин», сулуу кыздарды жакшы көрөм. Тамеки чегем, анда-санда алкоголь ичимдиктерин ичем, ачуума тийген адамды сөгүп салам. Булардан уялбайм. «Кудайдан коркпойсуңбу?» дегендерге Кудайдан корком, бирок жасаган иштерим үчүн өзүм жооп берем.
– Ырчы катары өзүңө кандай баа бересиң?
– Үнүмдү өтө жакшы, аябай кыйын ырдайм деп айта албайм. Бирок анча-мынчаларга караганда өйдө. Экинчиден, ырларымды, ырларымдын аранжировкасын, үнүн өзүм жазгандыктан, жалпылап караганда, менде музыкалык түшүнүк жакшы. Албетте, Данияр Эрматов менен Нурлан Насиптин деңгээлиндей популярдуу болбосом да өзүмдүн угармандарым бар. Мага миллиондогон күйөрмандардын кереги деле жок, аз болсо да музыканы түшүнгөн адамдар болсо жетиштүү. Эгер мен жалпыга жаккан ыр жазгым келсе, эбак эле башкача ыр жазмакмын. «Тойский» ырларды ырдоомду сунуштагандар бар, бирок мен андай ырды ырдап акча табууну максат кылбайм.
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg