«Путин баары бир жеңет...» Дүйнө коомчулугу Орусиядагы президенттик шайлоого алдын ала ушундай баа берип, өзгөчө жыйынтык күткөн жок. 18-мартта Орусия президентин шайлоодо Владимир Путин шайлоочулардын 76,6 пайыз добушун алып, 4-ирет президенттикке шайланды. Катардагы кызматкерден дүйнөлүк лидерге айланган Путиндин бала кези кандай өткөн? Жеке жашоосу кандай? Кантип дүйнөлүк лидерге айланды?
ЖУПУНУ ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Владимир Путин 1952-жылы туулуп, жаштыгы Санкт-Петербург шаарынын четинде өткөн. Болочок президенттин 2 агасы жаш кезинде чарчап калган. Путиндин ата-энеси жупуну шартта, коммуналдык кызматкерлерге берилген батирде 2 үй-бүлө менен кошо жашаган. «Апам бизге котлет, блинчик жасап берчү. Жекшемби жана майрам күндөрү картошка, эт жана күрүч менен жасалган пирожки жейт элек. Аябай даамдуу жасачу»,- деп эскерет балалыгын Путин. Мектепте окуп жүргөндө ал абдан шок болгон. «Начар окуйт эле. Бирок анын эске тутуусу жакшы, зээндүү болчу. Ошондуктан Владимирге өзүнчө мамиле кылууну баштагам» деп эскерет анын мугалими. Владимир бала кезинде чалгынчылар тууралуу фильмдерди көп көргөндүктөн чоңойгондо атайын кызматта иштөөнү кыялданган. Мектепти аяктаган соң 1970-жылы Ленинград мамлекеттик университетине юридика адистиги боюнча окууга тапшырат. Университетти аяктаган соң СССРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматына (КГБ) жумушка алынат.
БОРИС ЕЛЬЦИНДИН МУРАСКЕРИ
1985-1990-жылдары Путин атайын кызматтын тапшырмасы менен Германияда аймактык чалгынчы болуп иштеп, подполковник даражасына чейин жетет. «Эмгек сапарда жакшы иштесең кызматтан бир тепкичке көтөрүлөсүң. Мен эки тепкич көтөрүлгөм» деп эскерет ал күндөрүн.
Владимир Путин Санкт-Петербург шаарынын мэри Анатолий Собчактын командасында инвестиция тартуу боюнча комитетти жетектейт. Собчак 1996-жылкы губернаторлук шайлоодо жеңилип калган соң Путин саясатты таштап, таксист болуп иштөөнү чечет. Бирок ага Орусиянын президентинин иш башкаруучусунун орун басары кызмат орду сунушталат. Ошентип, Путин Москвага кетип, ал жерде юридикалык маселелер боюнча жооптуу болуп иштей баштайт. Орусиянын ал кездеги президенти Борис Ельцин атайын кызматта мол тажрыйба топтогон Путинди 1998-жылы Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору, 1999-жылы Коопсуздук Кеңешинин катчысы кылып дайындайт. 2 жооптуу кызматты бирдей алып кеткенине ыраазы болгон Ельцин ага премьер-министрлик кызматты сунуштайт. Ошентип, Путин 1999-жылы августта Орусиянын өкмөт башчысы жана Ельциндин мураскери катары коомчулукка жарыяланат. Жаңы кызматка киришкен Путин Чеченстандагы согушту ийгиликтүү жөнгө салып, тынчтык алып келген соң дүйнөгө жаңы саясий лидер катары таанылат. 1999-жылдын 31-декабрында президент Борис Ельцин мураскери Владимир Путинге өлкө башчынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берет. Ал эми 2000-жылдын мартында биринчи жолу Орусиянын президенти болуп эл тарабынан шайланат.
ПУТИН-ПУТИН-МЕДВЕДЕВ-ПУТИН-ПУТИН...
Путиндин биринчи президенттик мөөнөтү 2004-жылы аяктап, экинчи мөөнөткө шайлоочулардын 70 пайызынын колдоосу менен кайра шайланат. Орусиянын мыйзамына ылайык, 1 адам үч жолу катары менен президенттик шайлоого катыша албайт. Буга байланыштуу 2008-жылы Путин өзүнүн ишенимдүү адамы болгон Дмитрий Медведевди президенттикке түрткөн. Медведев 2003-2005-жылдары президенттик администрациясынын башчысы, 2005-2008-жылдары өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп иштеп, Путиндин ишенимдүү кадрына айланган. 2008-жылкы шайлоодо Медведев президенттик кызматка шайланат. Бирок Путин чоң саясаттан алыстаган жок. Медведевдин инаугурациясынын эртеси күнү ал Мамлекеттик Дума тарабынан премьер-министр болуп бекитилет.
4 жылда Путин премьер катары СССРден тараган республикалар (Орусия, Беларусь, Казакстан. 2015-жылы Кыргызстан менен Армения кошулган) менен бирге 2009-жылы Бажы союзун, 2011-жылы эркин соода аймагын түзүүгө жетишет. 2012-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууга аттанат. Бул ирет да президент болуп 3-ирет шайланат. Ал эми Медведев Путиндин ордуна өкмөт башчы болот. Арадан 6 жыл өтүп, Путин 2018-жылдын 18-мартында 4-ирет президенттикке шайланды.
БОЙДОК ПУТИН ЖЕ ДҮЙНӨЛҮК ЛИДЕРДИН ЖЕКЕ ЖАШООСУ
1983-жылы Владимир Путин 30 жашында 25 жаштагы Людмила Шкребнева менен баш кошкон. Экөө 1985-жылы Мария жана 1986-жылы Екатерина аттуу эки кыздуу болушат. Арадан 30 жыл өткөн соң, тагыраагы, 2013-жылы Путин менен Шкребнева расмий түрдө ажырашканын коомчулукка жарыялашат. Бул кадамды экөө тең туура көргөнүн ачыкташкан. Орусиялык ЖМКлар «ажырашууга Путин менен спортчу, депутат Алина Кабаеванын жакын мамилеси себеп болгон» деген божомолду жазып чыгышкан. Шкребнева 2016-жылы Артур Очеретный аттуу ишкерге турмушка чыккан. Ал эми Путиндин учурда расмий жубайы бар же жок экени белгисиз. Айрым маалыматтарда Орусия лидери 2008-жылдан бери Алина Кабаева менен жашары айтылып келет. Ошондой эле айрым интернет сайттары алар 2009-жылы Дмитрий (экс-президент Дмитрий Медведевдин урматына коюлган) аттуу уулдуу болушканын, башка да балдары бар экенин жазып жүрүшөт. Бирок мындай сөздөргө бир да далил келтирилген эмес.
«FORBES»: «ПУТИН – ДҮЙНӨНҮН ЭҢ ТААСИРДҮҮ АДАМЫ»
Америкалык «Forbes» журналы Владимир Путинди 2013-2014-2015-2016-жылдары «Дүйнөнүн эң таасирдүү адамы» деп тапкан. Басылма «Путин Орусиянын таасирин дүйнөнүн төрт бурчуна тең орното алды» деп белгилейт. «Путин Орусияда эле эмес, Сирия маселесине, жадакалса АКШнын президенттик шайлоолоруна чейин таасирин тийгизүүдө» деп жазат «Forbes». Путиндин аброюнун өсүшү Орусия менен АКШнын тирешүүсү күчөгөн мезгилге туура келет. Бул Орусиянын аскердик же экономикалык күчтүүлүгүн, ошондой эле Путиндин тажрыйбалуу саясатчы, стратег жана лидер экенин көрсөтөт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg