ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 26-марттан 1-апрелге чейин


ЭСКЕРТҮҮ!
23-март – 19-апрель аралыгында төмөнкүдөй көйгөйлөр орун алат:

• Сапарга аттанардан мурда унааңызды техникалык текшерүүдөн өткөрүп алууңуз зарыл. Антпесеңиз, жолдо унааңыз бузулуп, барчу жериңизге кечигип жетесиз.
• Товарлар жөнөтүлгөн пунктка кечигүү менен барат.
• Темир жол, авиа каттамдарына билет алчулар, расписаниелер кескин өзгөрүп, рейстерде 4-5 саатка чейин кармалуулар болорун эске тутуңуздар.
• Жол кырсыктары кескин көбөйөт. Сак болуңуз.
• Жаңы ишти баштоого, долбоор жана келишим түзүүгө, жаңы ишке которулууга болбойт. Жагымсыз мезгил. Бирок мурда аягына чыкпай калган эски ишти, долбоорду кайра карап чыгуу үчүн ыңгайлуу убак.
• Электрондук приборлор: телевизор, радио, телефон, компьютер көп бузулуп, интернет үзгүлтүккө учурап, көйгөйлөр жаралат.

КОЙ (21.03-20.04)
Жума күнгө чейин бийлик өкүлдөрү менен алака кылууда кылдат болуңуз. Түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Аптанын аяк чендеринде пландаган иштериңиз жарым-жартылай ишке ашат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өткөн аптанын көйгөйлөрү бушайман кылып жатса капаланбаңыз. Аз калды, баары бүтөт. Бейшемби күндөн тарта жекече иштер, үй тиричилик маселеси жөнгө салынат. Жашыруун иш-аракеттерди жасайсыз. Жыйынтыгы жакшы болот.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Акыркы мезгилде курбу, кесиптештер ортосунда болуп келген түшүнбөстүктөрдүн аягына жума күнү чекит коюлат. Таарынычтар негизсиз болуп жүргөнүн байкайсыз. Тил табышуулар жакшырат. Жакшы кабар угасыз же сапарга чыгасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Адамдар менен болгон мамилени бузуп албаш үчүн бейшембиге чейин токтоо болуңуз. Андан ары жетекчилик тараптан көңүл буруулар күтүлөт. Акыл калчап иш кылсаңыз жыйынтыгы жакшы болот. Акчанын келиши күтүлүүдө.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кесиптештер жана мамлекет органдарындагы кызматкерлер менен болгон алакадагы көйгөйлөр акырындап азаят. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Алкоголдук ичимдиктен баш тартып, ден соолукка көңүл бөлүңүз. Жаңы таанышууларга кез келесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Каржы жана балдар жаатындагы маселелер шаршембиден тартып оң жагына чечиле баштайт. Ден соолугуңуз жана жумушуңуз ойдогудай болот. Бирок баары бир ишиңиз көп аракетти талап кыларын унутпаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акыркы мезгилдерде сизди түйшөлткөн айрым мамилелерди жума күндөн баштап калыбына келтирүүгө болот. Жакшы сунуштар түшсө жок дебеңиз. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Жакын санаалаштар менен бирге болосуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумушуңузга, иш кагаз жана документтерге так болуңуз. Бирөөлөр менен айтышуудан карманыңыз. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз, кооптуу мезгил. Ишемби, жекшембиде кесиптеш, үй-бүлө мүчөлөрү менен жагымдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржыга байланыштуу көйгөйлөр акырындап чечиле баштайт. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери, кайын журт, туугандар менен жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз. Жакшы кабар угасыз. Унаа, сапарга чыгуу маселеси козголот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Адаттагы кыйкымчылдыкты токтотсоңуз жана үй-бүлө мүчөлөрү менен чырдашпасаңыз гана колуңузга акча тийет. Аталган шарттарды аткарган болсоңуз, дем алыш күнгө капчыгыңызды даярдай бериңиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болууну жылдыздар эскертет. Кооптуу мезгил сиз үчүн али бүтө элек. Сапарга чыгуудан мурда унааңызды текшертип коюуну унутпаңыз. Антпесеңиз, көйгөйгө туш болдум дей бериңиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Акыркы күндөрдөгү кыйчалыш иштер калыпка түшсүн десеңиз, өз алдыңызча, башкаларга айтпай жашыруун аракеттениңиз. Жан дүйнөңүз тынч алышы үчүн сүкүт тартыңыз (медитация), ички туюмга ишениңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан