КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП 3 АДАМ КАРМАЛДЫ. Маркумдун иниси: «АГАМДЫ БАШЫНА БАЛКА МЕНЕН ЧААП ӨЛТҮРҮШҮПТҮР»

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛЫП, ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Аталган кылмыш тууралуу Ош ОИИББинин маалымат кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2018-жылдын 25-февраль күнү саат 16:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ушул райондун Шарк айылында киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу ал үйдүн ээси, 1964-жылы туулган Хамит Назаровдун киши колдуу болуп каза тапкан жансыз денесин табышкан. Алдын ала кароо учурунда анын белгисиз адамдар тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка табылган. Маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факт боюнча Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Бул оор кылмыштын бетин ачуу максатында башкармалыктын тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 28-февралда кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Б.Х. аттуу Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылынын тургуну кармалган. Андан соң бул кылмышка шектүү катары дагы Кара-Суу районуна караштуу Асан-Чек айылынын 2 тургуну кармалган. Алардын бири 1994-жылы туулган А.А. Ош шаарындагы чайканалардын биринде иштеп жүргөн жеринен, экинчиси 1993-жылы туулган У.Б. Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына такси менен келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

«БАЛКА МЕНЕН УРУП ӨЛТҮРҮШКӨН»
– Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, кылмышка шектүү Б.Х. менен маркум Орусияда чогуу иштеп келишкен, экөө 2012-жылдан бери тааныш болушкан, мамилеси жакшы болгон. Маркум аны Орусияга алып барып жумушка орноштурган экен. Кылмышка шектүү Б.Х. 23-февраль күнү да маркумдун үйүнө барган. Экөө сүйлөшүп отурганда бирөө келип, Хамит Назаровго паспортун жана жол киреге деп 12 миң сом таштап кетет. Акча менен паспортту Назаров папкага салып жатканда Б.Х. көп суммада акча бар экендигин көрүп калат.
Кылмышка шектүү Б.Х. акчаны көргөн соң жогоруда аты аталган досторун кылмыш кылууга үгүттөп, аларды көндүрөт. 2018-жылдын 24-февралынан 25ине караган түнү үчөө кылмышка шектүүлөрдүн биринин Мерседес үлгүсүндөгү унаасы менен маркумдун үйүнө барышкан. Унааны көчөгө токтотуп коюп, үчөө үйдүн арткы тарабындагы дубалдан ашып өтүп, кире бериште жаткан темир түтүк менен темир балканы алышып үйгө киришкен. Кирип уктап жаткан Хамит Назаровдун башына, денесине темир түтүк жана балка менен бир нече ирет уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып, кайрадан дубалдан ашып өтүп из жашырып кетишкен. Үй ээси алган жаракаттарынан улам ошол жерден каза болгон.

«22 ПАСПОРТТУ ӨРТТӨП ЖИБЕРИШКЕН»
– Маркум Хамит Назаров Орусияда иштегенден сырткары бул жактан кишилерди алып барып жумушка орноштуруп жүргөн. Маркум түзгөн тизмеге караганда, ал бул сапар жумушка орноштуруу үчүн Ош облусунун аймагынан 80дей адамды 8-апрелде жөнөтмөкчү болгон экен. Анын ичинен 22 адамдан Орусияга баруу үчүн паспортторун жана учакка билет алууга 12 миң сомдон чогултуп алганы аныкталды. Кылмышка шектелип кармалган үчөө маркумдун үйүнөн карактаган жалпысы 276 миң сом акчаны ар бири 92 миң сомдон бөлүп алып, 22 даана паспортту талаага алып барып өрттөп жиберишкен. Кылмышка шектүүлөрдөн жалпысы маркумга тиешелүү 265 миң сом далил буюм катары алынды.

«ҮЙҮНӨ БАРСАМ АГАМ КАН БОЛУП ЖАТЫПТЫР»
Маркумдун бир тууган иниси Абдумажит Назаров агасынан кабар алганы барып, анын өлүгүнүн үстүнөн чыккан.
– Агам Хамит 15 жылдай убакыттан бери Орусиянын Иркутск шаарында темир жол тармагында оңдоо иштерин кылып иштеп жүрчү. Андан сырткары ал бул жактан адамдарды жөнөтүп жумушка орноштурчу. Баласы Москва шаарында иштесе, жеңем болсо былтыр ноябрь айында иштеп келүү үчүн Түркияга кеткен. Кызы турмушка чыгып, өзүнчө жашачу. Агам Орусияга кеткенде үйдө эч ким калчу эмес, кызы кээде келип үйүн карап кетип турчу. Ошол күнү да агам үйүндө жалгыз болчу.
25-февраль күнү агамдын баласы мага телефон чалып, “атам телефонун албай жатат, кабар алып коюңузчу” деп айтып калды. Мен да агама телефон чалсам алган жок. Анан күндүзгү саат 4төр чамасында агамдын үйүнө барсам, сыртта машинасы туруптур. Дарбазасын, терезесин каккыладым. Жооп берген жок. 10 мүнөттөй күтүп туруп, үйүнүн ичине кирсем, агам жерде жатыптыр. Башы күйүп калганга окшоп көрүндү. Жанына жакын барып карасам, кан болуп жатыптыр. Көрсө, башына балка менен уруп өлтүрүшкөн экен. Ошол замат эле сыртка чыгып, туугандарга, милицияга телефон чалып кабарладым.
Агамды өлтүрдү деп жаткандардын ичинен Билолиддинди тааныйм, калганын тааныбайм. Билолиддин агам менен ээрчишип көп жүрүп калчу, үйгө да келип-кетип жүргөн. Буга чейин ал мага жакшы эле адамдай көрүнгөн.

Кылмышка шектүүлөр паспортторду өрттөп жиберген жерин көрсөтүп жатышат.
Кылмышка шектелип кармалгандар.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Nanei
2018-03-27 09:31:33
Жылаанды Баксан озун чагат болуптур да жардам берсе кайра озун олтургонун акмактын
+16
Tyty1990
2018-03-27 10:22:19
Акыретте Аллахтын алдында олтургон адамды олгон адам жетелеп келип,муну тозокко ыргыт деп Аллахтан сурайт экен.
+9
Bobina
2018-03-27 11:09:32
Досу душманы болуптур. Акча кимдерди гана азгырбайт.
+11
Paprikafm
2018-03-27 12:02:03
Озбектер окшойт, булардын бардык нерсени кутсо болот айбандар
+12
Nanei
2018-03-27 12:05:09
Paprikafm,кеп улутта эмес,бизде деле толтура мындайлар
+22
aksy94
2018-03-30 01:22:39
Paprikafm,улут болгон болбойт озбек дейсин биздикилерда журбойбу акча учун олтуруп
+3
ady-88
2018-03-27 12:47:43
ХХХХХХХХХХХ Булар Отто опасный.
+7
nurhan2702
2018-03-27 18:04:46
Жакын тааныш болсо да папкадагы коп акчасын корсотпой койсо болмок экен. Акча деген азгырып жаман иш болуптур. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун
+10
moskyrsat
2018-03-27 22:44:34
Биздин айылдан болчу Билал дегени. Жакшы баладай эле журчу акча адамды ар жолго баштайт экенда . 3 тен озбек балдар.
+9
pero123
2018-03-27 23:07:50
бетин көрсөткүлө.же тааныгандар сүрөттөрүн интернетке жарыялагыла эл таанысын.эртен дагы бирөөнү өлтүрөт булар.элдер таанып бул акмактарды көргөндө кооптонуп сак болчудай болсүн
+6
pero123
2018-03-27 23:09:17
зонадан мындан хуже айбан болуп чыгат.эртен чыгып дагы бирөөнүн ичи койнуна алдап ака сиз деп ишеничине кирип өлтүрүп кетет.фотолорун жарыялагыла интернетке тааныган эл журт.
+12
Shokoladka94
2018-03-29 11:42:53
Аллах жазанарды берсин!
+1
Elisabeth
2018-03-30 16:35:36
Ммдаааа. Кырсык каш кабактын ортосунда деген ушулда. КаЧан кантип ажалыбыз жетет бир Гана Аллахка белгилуу
+2
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан