Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

3 жаштагы Лейланын апасы: «КЫЗЫМДЫН БАШКА БАЛДАРДАЙ ЧОҢОЮШУН КААЛАЙМ»

№803 23-март -29-март, 2018-ж.


Жалал-Абад облусунун 3 жаштагы тургуну Лейла Калыбекова 3 айлык кезинен бери кекиртектин папилломатоз дарты менен алпурушуп келет. Кыргызстандан бул ооруну толук айыктыруу мүмкүн болбогондуктан кызды Түштүк Кореяга алып барып операция жасатуу керектелүүдө. Кыздын апасы Гүлүмкан Абдималикова кызынын абалы тууралуу айтып берди.

 

«БАЛАҢ КЫЙНАЛСА ЖАМАН ЭКЕН...»
- Кызым дени сак төрөлгөн. 3 айлыгында тамагы ооруп ооруканага алып барсам, сасык тумоо деп дарылашкан. Кайра эле ооруй бергенинен багыттама менен Бишкекке келдик. Бул жактан ларингит деп дарылашты. Жакшы болуп калып айылга кетип калдык. Бирок аны менен бүткөн жок. Аз убакыттан кийин үнү такыр чыкпай калды. Врачтар кайра ларингит деп дарылашты. Абалы начарлап, тамагы кырылдап, үнү жоголуп, демиге берди. Жасалма дем алдырышып, укол сайып жатышты, кызым кыйналып кетти. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына көрүндүк. Ал жактан кекиртектин стенозу деп диагноз коюп дарылашты. Бирок такыр айыкпай койду.
Ларингоскопко тарттырган соң гана кызымдын кекиртегинде папиллома бар экени билинди. Операция жасаттык. Кышылдаганы жоголуп сүйлөп калса, баары артта калды деп сүйүнгөнбүз. Бир айдан кийин кайра үнү чыкпай калды. Көрсө, папиллома кайра өсө баштаптыр. Улам эле операция жасата бергенден коркуп башка да шыпаа издеп көрдүк. Молдого алып барып сөөл байлаттык. Анда да бир аз жакшы болуп калган.
Жолдошум экөөбүз акча топтойлу деп Москвага барып да иштедик. 5 айдан кийин кызымды Москвадагы дарыгерлерге көрсөтөлү деп жатканыбызда кызым кайра ооруп, өзүбүз кайтып келүүгө туура келди. Тамагына трахеостома (жасалма дем алдыруучу кекиртек) коюшту. Дагы операция жасалды. Дем ала албай калып, Москвадан түтүк саттырып алып тамагына тактырдык. Анда байкушум “моюнум ооруду” деп көрсөтө берди. Кучактап, май сүйкөп койсом кайра ойноп кетет. Моюнун тешкенде “тешип койду, врачты уруп кел” деп ыйлап, моюнуна эч нерсе тийгизбей жатты. Балаң кыйналса жаман экен.

«КЫЗ БОЙ ЖЕТКЕНЧЕ ТЫНБАЙ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАП ТУРУШ КЕРЕК»
- Үчүнчү операция жасатууга даярданып жатканда бир күнү көгөрүп, дем албай, колу-буту муздап кетти, тамагынан кан атып чыкты. Ошентип жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Көрсө, түтүктөн улам тамагы дүүлүгүп кетиптир. 3-жолу операция жасалды. Дем алып калгандан кийин түтүктү алып салышты. Азыр тешилген жери бүтөлүп баратат. Дарыгерлер “5 күн байкап көрөбүз, болбосо кайра тешебиз” дешкен. Кекиртектин папилломатозун толук айыктыруу үчүн бизде жабдыктар, дары-дармектер жетишпейт экен. Врачтар кызым бойго жеткенде, 15-16 жашында оорусу жок болуп кетиши мүмкүн экендигин айтышты. Ага чейин улам операция жасатып туруу керек экен.
Ушундай оору менен ооругандардын Түштүк Кореядан айыгып келип жаткандарын угуп, 29-майга Кореяга врачтын кабыл алуусуна жазылып койдук. Ал жактан кызыма 5 жолу операция жасалышы керек экен. Ал үчүн 58 миң долларга жакын акча зарыл. Андан башка да папиллома бар болсо, аларды алуу үчүн жасалган ар бир операцияга 1500 доллардан дагы кошулат экен. Жалпы чыгашаларды 80-90 миң доллар деп эсептеп жатабыз.
Кызым ооруп баштагандан бери менде уйку жок. Ал уктай берет, бирок дем албай калат. Кыймылдатып койсом, кайра дем алып баштайт. Түнү менен ошентип карап жатам, дем албай калса эмне кылам анан? Тамагы ооруганда жүрөгүмдү кошо оорутуп ыйлайт. Суюк тамактарды жейт. Папиллома көбөйүп кеткенде коюу тамак жей албай калат. Кызымдын башка балдардай болуп каалаганын жеп, эл катары мектепке барып, дени сак жүрүшү үчүн аракет кылып жатабыз. Кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Кореядан айыгып кетүүгө үмүтүбүз чоң.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(29)
27.03.2018. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 11:10
Жынысы:
Белгисиз
+8
элсом номерин жазып койгулачы сураныч
27.03.2018. 09:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-01-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:38
Жынысы:
Белгисиз
+5
momun74,Элсом: 0771 39 39 75
27.03.2018. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
PeriMuz,ушул номерге единица салыш керекпи?
27.03.2018. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+4
barakcha,акча которосуз
27.03.2018. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 11:10
Жынысы:
Белгисиз
0
PeriMuz,рахмат
27.03.2018. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
20-11-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 14:57
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иий бир жакшына кыз экен, кудайым шыпаа берип айыгып кетсин. Коп тукурсо кол болот дегендей жардам берели.
27.03.2018. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эх АЛЛАХЫМ озун бизде жараткансын мээримдуусун карындашыбызга шыыпа багыштагын один!
27.03.2018. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооомин!
27.03.2018. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
09-08-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орто Азиядагы Байыркы шаар
+7
Ии журогум. Журок оорутат го. Бейкуноо наристелерге неге мындай оорулар жазылат экен. Айыгып кетсин ылайым. Элсомго жонотуп коелу баарыбызле
27.03.2018. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
02-06-2013
Соӊку аракети:
29-08-2018 11:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+18
Элсом 0771393975, KICB : сом 1280016045923651, доллар:1280156046090137 SWIFT: KICB KG22. Сбербанк 4276380121492800 Менин кызым болот Лейла. Суранам жардамыныздарды аябасаныздар.
27.03.2018. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
659
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulumkanbu,элком деген номерге единица салса болобу,тушундуруп койсонор,анан мындай катуу оорууну молдо солдого корсотпой эле койсонор,алар кайдан билишмек эле
27.03.2018. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 15:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+2
Nanei,единица эмес, акча которосуз. Терминалдан же болбосо элтронный кошелектон
27.03.2018. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
02-06-2013
Соӊку аракети:
29-08-2018 11:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+3
Nanei,Саламатсызбы! Единица болбойт,бизге акча керек да аны чыгара албайм акча кылып. Молдого да айла жоктон алып барганбыз да.
30.03.2018. 01:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
30-08-2018 10:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,ооруну берген аллах шыпаасында берген Аллах бизди жараткан Аллах анан молдо солдо дебей суйлосок тууганым молдолордунда билгени бар алардында дем салганы пайда
28.03.2018. 23:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
30-07-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulumkanbu,сбербанкынызга которуп койдум айыгып кетсин кызыныз
02.04.2018. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
02-06-2013
Соӊку аракети:
29-08-2018 11:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
stepboy,чоон рахмат , Аллахым ыраазы болсун сизге
29.03.2018. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
17-12-2013
Соӊку аракети:
07-08-2018 22:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulumkanbu,Сбербанк.Жумагул Б. Которуп койдум . Сакайып кетсин кызын . Аллах шыпаасын берсин ылайым оорубагыла.
02.04.2018. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
02-06-2013
Соӊку аракети:
29-08-2018 11:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
jumka0505,чоон рахмат! Аллахым раазы болсун сизден
27.03.2018. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
10-12-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпаа берсин. Тезирээк сакайып кетсин кызыныз.
27.03.2018. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
20-02-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 07:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шыпаа берсин коп тукурсо кол болот
Аз аздан бсо да берели
27.03.2018. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-01-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 20:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла шыпаасын берсин, сабыр берсин. Колдон келген жардамыбызды берели кайдыгер болбойлу...
27.03.2018. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 11:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+2
Аллахым шыпаа берсин
27.03.2018. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
12-04-2012
Соӊку аракети:
20-06-2018 11:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан, Бишкек
+2
Ииий кучук кыз десе айыгып кетсин аллахым жардам берип журогум сыздап кетти
27.03.2018. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 18:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах суйгон адамына сыноо берет экен. Дартты бергенден кийин созсуз шыпаасын да берээрин унутпайлы. Садака кылуу парз. Аз - аздан болсо да жардам берели туугандар
28.03.2018. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
23-06-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 15:16
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болуп кеткиле
боюнда барда папилома болгон эмес беленер? бул вирус жугуштуу го
02.04.2018. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
02-06-2013
Соӊку аракети:
29-08-2018 11:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
marmiladka9,жок андай болгон эмесмин
28.03.2018. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
18-11-2017
Соӊку аракети:
30-08-2018 11:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин!кызыныз айыгып кетсин!Журок ооруйт...эч бир жанга мындай туйшукту башына сала корбо жараткан...
29.03.2018. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
26-04-2017
Соӊку аракети:
27-08-2018 16:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шыпасын берсин
30.03.2018. 01:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
30-08-2018 10:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым дартын бердиби шыпаасында берет иншаллах буйурса сакайп кетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: