Алексей Сидоров, «Тумар» радиосунун жетекчиси: «КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫН БАШКАЛАРДАН ЖАКШЫ БИЛЕМ»

Быйыл «Тумар» радиосу обого чыгып келе жатканына 10 жылдын жүзү болду.Бул аралыкта радио өз күйөрмандарын таап, чыгармачыл инсандар менен музыка сүйүүчүлөрүнүн ортосунда көпүрө болууга, өлкөбүздүн маданиятына салымын кошууга үлгүрдү. «Радионун даамын бир жолу татып алган адам андан чыга албай калат» дейт «Тумар» радиосунун жетекчиси Алексей Сидоров.

– Алексей, радиоңуздардын туулган күнү менен куттуктайбыз. «Тумардын» эфирге алгачкы жолу чыккан күнү менен Нооруз майрамынын бир күндө экени дал келүүбү же?
– Нооруз – жаңы күн дегенди түшүндүрөт эмеспи. Иштин башталышы жаңы жылга, жаңы күнгө туш келсин деп ниет кылып ушул күндү тандаганбыз.
– Эфирге чыгып келе жатканыңыздарга 10 жыл болуптур. Радио ачуу идеясы кандайча келди?
– Негизи радио – бул менин балалык кыялым болчу. Бул тармакта келе жатканыма 21 жылдын жүзү болду. 14 жашымдан тарта «Алмаз» радиосунда иштеп тажрыйба топтоп, чыгыш музыкасы, анын ичинде кыргыз музыкасы, маданияты менен тааныштым. Окудум, үйрөндүм, андан ары өскүм келди. Ал кезде кафе-ресторандарда чыгыш музыкасынын ыргагында бийлешчү. Демек, элибиз майрам тартуулаган музыканы жактырат деп, чыгыш музыкасын жаңырткан форматтагы радио ачууну ойлодум.
– Ал жылдары радиого жыштык алуу татаал эле...
– Ооба, жыштык алуу дээрлик мүмкүн эмес болчу. Ошол маалда «Пирамида» компаниясында бош радиожыштык бар экенин угуп, компаниянын жетекчисине идеяны сунуштадым. Ал бул долбоорду жактырганы менен, «Бизде радиого керектүү техникалык жабдык да, акча да жок. Эгер сен өзүңдүн долбооруңа, күчүңө ишенсең, башта» деди. Ошентип, «Тумар» «Пирамидага» тиешелүү жыштыктын алдында чыга баштады. 6 жыл чогуу иштештик. Ал ортодо ал телеканал улутташтырылып кетти. Азыр ал компания өздөрү радио ачып, биз башка жыштык таап, которулуп кеттик.
– Эмнеге «Тумар»?
– Радионун аты коюла электе кастинг өткөрдүк. Ошондо катышуучулардын ар биринен «радионун атын кандай атайлы?» деп сурадым. Ар ким өз вариантын айтып жатты. Анан бир катышуучу кумар деген атты сунуштап, ал рахат деген мааниде колдонуларын айтты. Бирок ага уйкаш «Тумар» деген ат коюуну туура көрдүк. Тумар – талисман, колдоочу дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошондон бери ушул аталыш бизди колдоп келе жатат десем болот. Кулакка да жакшы угулат. Кыргыз музыкасын жайылтып эле тим болбостон, өлкөбүздөгү бардык улуттардын маданиятын бириктирген радио болсун дедик.
– Орус улутундагы жигиттин кыргыз тилдүү радио ачканына таң калышса керек?
– Ооба, мындай суроолор көп эле болот. Мен Кыргыз жергесинде жашайм. Мага мекенимдин табияты, абасы, суусу, менталитети жакын. Биз ушул жерде жашап жаткандан кийин жерибиздин, элибиздин маданиятын, тилин билишибиз керек деп ойлойм. Кыргызча суудай сүйлөйм деп мактана албайм, бирок абдан жакшы түшүнөм. Анан айрымдарга салыштырмалуу кыргыз эстрадасы жөнүндө жакшыраак билем.
– 10 жыл мурда койгон максатыңызга жеттиңизби?
– «Тумарды» ачканда 25 жашта болчумун. Финансылык мүмкүнчүлүк жок болуп туруп, болгону старт-ап идея жана каалоо менен ушул деңгээлге жеттим окшойт. Ага мурдагы, азыркы күчтүү жана таланттуу алып баруучулардын да салымы чоң. Көздөгөн ойго жетүү үчүн кыялданып, умтулуп, жеңилбей, талпына бериш керек экен. Жалпысынан максатыма жеттим деп ойлойм. Бирок «Тумар» үчүн жасай турган иштерим али да көп.
– Ушул убакыт аралыгында сиз үчүн эң татаал мезгил кайсы болду?
– Бул 10 жыл 1 жылдай эле зымырап өтүп кетти. Жеңил болду деп айта албайм. Кыйынчылыктар кездешти. Биринчи кадам таштап радиону түптөө оор болду. Жалгыз, бир компьютер менен иш баштадым. Ырларды өзүм жыйнап, Ташкентке чейин барып радио жингл, роликтерди жасатып келген күндөр болду. Андан кийин алып баруучуларды чогултуп команда түзгөндөн кийин жаш, таланттуу жигит-кыздар келип, алар менен бирге иштеше баштаганда оңоюраак болуп калды. Канчалык кыйынчылык болбосун өлкөбүздөгү олку-солку экономикалык кырдаал орун алганда да радионун жашап кеткенин, жергебиздеги алдыңкы радиолордун катарына кошулганын жеңиш деп билем.
– Сизди жакшы уюштуруучу катары билебиз. Чыгармачылык менен бизнестин кайсынысы сизге жакыныраак?
– Мен бизнеске салыштырмалуу чыгармачылыкка көбүрөөк жакынмын го дейм. Радио тармагы саз сыяктуу өзүнө соруп алат. Анын даамын татып калгандар өзгөчө адамдар. Алар үчүн акчалай баалуулуктар экинчи же үчүнчү орунга жылып кетет. Мен радионун адамымын, ансыз жашоомду элестете албайм. Эгер бизнеске басым жасап койсом, балким, мындан көп нерсеге жетмекмин.
–Эргүү кайсы учурда келет?
– Кээде бир ырды жүз жолу кайталап уга берем. Ошондон рахат алып, жасаган иштеримдин жыйынтыгын көрүп андан эргүү алам. Алдыга кадам таштоого, ийгиликке жетүүгө угармандар, жамаат дем берет.
– Атаандаштык күч алган заман өзгөрүүнү, өнүгүүнү талап кылат эмеспи.
– Ооба, биз 3-4 жыл мурда жасаган иштерди бүгүнкү күнү башкалардын кайталап жатышканы жагат. Атаандаштыктын болгону өсүш үчүн жакшы. Угармандар тажабасын деп жагымдуу жана сапаттуу музыка коюп берип, жаңы долбоорлордун үстүнөн тынбай иштеп, эфирлерди кызыктуу кылганга аракет кылабыз. Өлкөбүздө 25тей радиостанция бар. Алардын арасынан айырмаланыш үчүн бир орунда туруп калбай, радиого улам жаңылануу киргизип турууну жактырабыз. Мисалы, учурда 10 жылдык мааракенин урматына интерактивдик студия ишке киргиздик. Эми угармандар эфир артындагыларды угуп эле тим болбостон, видео аркылуу да көрүп же конок болуп кете алышат.
– Ишиңиздерге ийгилик. Радионун өмүрү жүздөгөн жылдарга жетсин.

 

"10 жыл аралыгында кошуна мамлекеттердин бир канча жылдызын Бишкекке концертке чакырдык. 2009-жыл".
"Тумар" радиосунун алып баруучулары. 2009-жыл.


Алтынай Тынышова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
sara90
2018-03-27 10:42:20
менин эн суйуктуу радиолорумдун бири,студент кезде бир ырды жактырып аны интернет таппай аран тапканым эсимде:) дагыда онуго беришинерге тилектешмин...анан сурайын Ош, Озгон тараптагы жыштыгы кандай билгендер болсо жазып койсонуздар...
+6
surgeon777
2018-03-28 03:10:52
Иштеринизге ийгилик,азаматсыз!

Ушундай успешный адамдардан ушундаай эргуу алам дейсиин))..
+3
ararat...
2018-03-28 07:58:15
Мыкты жигит экен. Аракет кылсан берекет дегендей.) Биз дагы аракетти кучотолу эми...#буйруса
+2
Djal1987
2018-03-29 02:21:06
Бишкекте тумарды эле угам.
+2
sara90
2018-03-29 18:57:45
Djal1987,Бишкектеги Оштогу жыштыгы канча жазып койгулачы билгендер...
0
LadyB
2018-03-29 23:26:12
ийгилик каалайбыз сизге, кстати еще ваш сайт раньше был очень удобный и красивый, щяс совсем неудобный стал(
0
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан