«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Алибектин абалы экөөнөн тең оор. Тердеп-тепчип айтылган сөздөр деле кулагына кирбеди. «Жамиляны чакырарын айтып койсо эмне болмок эле? Данияр байке да кызык. Ит болдум, мындан көрө өлгөнүм артык эле». Аңгыча аркы бөлмөдө жаткырып койгон Алибектин кызы ыйлап калды. Келинчегинен мурда тура жүгүргөн Алибек тиги бөлмөгө чыгып терең дем алды. Эч нерседен бейкапар жаткан наристесин колуна алды.
– Алып келчи кызыңды, биз да көрөлү,- деп калышты коноктордун бири.
– Көрүндүгүбүз деле бар.
Кызын кучактап кирген Алибекти Жамиля тиктеп калды. «Биздин да балабыз болмок. Минтип жат адамча жүзүбүздү карай албай отурмак эмеспиз. Кыналыша отуруп бактылуу ата-эне болмокпуз» деп ойлоп жатты. Жамилянын бакырайган жашка толгон кареги биринчи болуп көзүнө урунду. Экөөнүн көздөрү от болуп жанып турду. Бүтүн дүйнө, ушул үй, үйдөгү адамдар да ошол өрттүн арасында калгандай эле. Бирок сезгендер гана сезди.
– Кана, Алибектин кызы, келчи бул жакка...
– Атасына окшош го...– Ооба, атасынын кызы болот окшойт...
– Капырай, күлгөнүнөн бери сага окшош го кызың...
Алибектин кызын ар бири кучагына алып жыттап, бирде атасына, бирде апасына окшоштуруп жатышты. Кезек Жамиляга да келди. Колдору өзүнөн-өзү сунулуп кичинекейди колуна алды. Маңдайынан жыттап алды. Наристенин күнөөсүз көздөрүн тиктеп туруп аны эч качан атасынан ажырата албашын сезди. «Кетишим керек, башка айлам калбады» деди ичинен чыйрала .


ххх


– Сен билдиң беле ал да келерин?- деди Диана.
– Билген эмесмин,- деп бурк этти Алибек.
Кандай болсо да алдап коёт, бир нерсе дейт деп ойлогон Диана таң кала тиктеп калды. Биринчи жолу күйөөсүнө иренжий тиктеди. Куду Диана күнөөлүүдөй ороңдогонуна жини келди.
– Ажырашалы,- деди Диана акырын гана. – Мен мындан ары минтип жашай албайм.
– Ажырашалы. Мындан ары созо албайбыз,- деди Алибек дагы. – Кызымды гана көрүп турганга уруксат бер.
– Жок, кызыңды сага таштайм.
Алибек мындайды күтпөгөн жаны оозу ачыла түштү.
– Кандайча? Ал эмчек эмет да... Бизге, апама таштайсыңбы?
– Мен кызыңды сага таштайм. Сенден кийин мен жашай албайм баары бир. Кызым сенде болсун.
– Ээ, ого бетер башымды айлантпачы. Эмнеге жашай албайсың? Ажырашкан миңдеген аялдар жүрөт. Сен башкачасыңбы?- деди да, Алибек эшикти шарт жаап чыгып кетти.


ххх


"Мен сага баратам, сыртка чыгып күтүп тур" деп телефондон жазды Алибек Жамиляга. "Келбе" деп жооп жазды.
Бирок келди. Чыкпай коюшу керек эле, Жамиля да чыкты. Түндө сыртта отурушту. Жөн гана отурушту. Жамгыр жаап жаткан эле. Үстүнө эч нерсе кийбей чыккан экен Алибек костюмун жаап, бооруна кыса берди. Жамиля андан оолактап кетти.
– Ажырашам. Жакында баары бүтөт,- деди Алибек анын түртө ары жылып кеткенине ичи ачышып.
– Кечир мени бүгүнкү үчүн.
– Атам... Сенин кызыңды колума алганымда өзүмдүн атамды эстедим. Алибек, менин атам айылдын ичкичи болчу. Ата катары ал мени эч нерсе менен камсыз кылган жок. Мен корунчу элем, уялчумун. Бирок атам өлгөндөн кийин мен чындап эч кимиси жок калдым. Көрсө, атам көзгө көрүнбөгөн сүйүүсү, камкордугу, мээрими менен чоңойтуптур бизди. Атам жок! Билесиңби, кыз бала үчүн ата эмне? Мен ошол атамдын ордун жоктоп, аны менен кошо жок болуп кетким келип жатат. А сенин кызыңчы? Сендей камкор, ичпеген, дүйнөдөгү эң мыкты атасынан кол жууганы турат. Менин айымдан ал кыз ата деген нерсе эмне экенин билбей чоңоёт. Мен ушуларды ойлодум.
– Жамиля, мен кызымдан баш тарткан жокмун.
– Бирок баары бир кызыңсыз сенин бактың толук болбойт. Аны тиктеген көз карашыңдан аны кандай жакшы көрөрүңдү билем. Баарыбыздын бактыбыз үчүн менин кеткеним туура.
– Эмне-е?
– Мен кетем. Бул жакта ишим да оңунан чыкпады.
– Кайда кетесиң?
– Стамбулга.
– Сен тигиге кеткени жатасың, туурабы? Сен кыйынчылыктан коркуп, анын байлыгына кеткени жатасың. Сен мага ишенбей кеткени жатасың. Сен...
– Мен жашоо үчүн кетип жатам. Бул жакта иш таба албадым. Орто мектепти эле бүткөн мен эмес, жогорку билимдүүлөр иш таба албай жатышат. Нуриля, уулум, апам бар.
– Анан оңой жолду таптың! Браво, куттуктайм!
Алибек ыза аралаш мыскыл жылмайды. Кызганыч алкымын бууп, алапайын таппай баратты. Жамиля эмне деп түшүндүрөрүн билбей калды. Бир нерсе дейин десе укчудай эмес. Туруп жөнөдү. Аркасынан келген Алибек чыканагынан булкуп токтотту.
– Сен мени антип жарым жолдо таштап басып кете албайсың. Мен сен үчүн...
– Кет, Али.
– Жамиля, мен сенсиз жашай албайм! Мен экинчи жолу сенден айрыла албайм. Бир аз күт. Апамды ийге келтирсем эле баары жайына келет. Сени сүйөм! Сени ушунчалык сүйөм, Жамиля!
Жигит энтигип кетти. Жамиля чарт жарылды. Чыканагын тартып алып көчөдө экенин унутуп кыйкырып жиберди.
– Сүйбө мени! Уктуңбу, сүйбө! Балким, мен сүйүүңсүз бактылуу болмокмун.
– Эмне деп жатасың?
– Биздики сүйүү эмес, оору! Сен ойлонуп көрчү, бизге бул сүйүү качан бакыт алып келди? Азаптан башка эч нерсе бербеген сүйүүдөн мен тажадым. Чындап тажадым. Мени бактысыз кылган сүйүүдөн тажадым. Көрбөй жатасыңбы, биз күйүп от болуп айланадагы жакындарыбызды да отко салып жатабыз. Сенин кызың, менин уулум бизден да көп азап тартып жатат. Сенин аялың, энең...
– Макул, макул, болду эми тынчтанчы.
Жамгыр жүзүн жуудубу же экөө ыйлап жаттыбы? Алибек бооруна кысты. Денеси солкулдап жаткан экен. Суу денелер бири-бирине кынала берди. Эриндер эрксизден бирин-бири издей...
Ар дайым ушундай. Алибек менен гана ушундай башын айлан көчөк айланткан керемет сезим болобу? Дүйнө токтоп калгандай... Баары өз-өз ордун тапкандай... Жарым калган пазлдын теңи табылып бүтүндөлө түшкөндөй... Өтмүшү, келечеги да мааниси жоктой... Бир керемет сезим!
– Бүттүбү, жиниң тарадыбы?- деди албырып турган эриндеринен аяр өөп Алибек. Жылмайганы жылдыз төрөп бергендей деген экен бир акын. Күлүмсүрөшү бир таттуу. Жүрөгү тызылдап кетти Жамилянын. Эч коё бербей ушул кучакташкан боюнча жылдар токтоп калса кана.
– Мени иштен чыгарып коюшту.
– Иш табабыз, жаным. Ушул айдагы маянамдын бардыгын сага которуп коём. Камсанаба иш үчүн.
Ак дилден айтты. Бирок Жамиля үчүн бетке чапкандай тийгенин сезбеди.
– Хм, бул айда сеникилер кантишет анан?
– Эки иште иштеп жатам. Жетишем, жаным. Болгону сен жанымда бол.
«Боло албайм» деп шыбырады жаш аралаш өзүнө-өзү Жамиля...
– Келчи,- деди колдору өзүнөн-өзү сунула.
– Мени эч кимге бербе, макулбу?
Кайрадан кыналышып кетишти...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Baby_kg
2018-03-27 11:03:37
Кетчи Жамийла кетчиииии:)
+9
kaisarbek
2018-03-27 11:09:29
Түрктөрдүн "Черная любовь"деген сериалына окшоп баратабы?
+2
Xperiaedil
2018-03-27 11:21:24
Мен да черная любовько окшоштурдум
+2
KOCMOC
2018-03-27 11:40:43
Эхх, азап алып келген сүйүү...
+1
Rusbubu
2018-03-27 12:34:39
Ушунча нерсенин баарына чыдаган Дианада эмне күнөө, не мынча жаман мамиле жасайт ага? жакпай калды Аликбек.
-1
Nurmuhammed2016
2018-03-27 12:45:00
Диананын олгусу келипатат окшойт.? Уффффф.
+5
nazi25
2018-03-27 12:53:26
Эми айтпай кетип иет да Жамийла
+2
mulinka13
2018-03-27 16:02:24
Алибек менен Жамиля бир уяны бузуп кызды тирүүлөй жетим калтырганга акысы жок!!!
+3
Janum2017
2018-03-27 16:15:42
Кетпей эле койсунчу Жамиля. Дина айткан элего сен кааласан Жамиляга жонотом деп
+1
Ailo
2018-03-27 16:58:09
Арам иштерге үгүттөп жатат жаштарды.
+4
kaisarbek
2018-03-27 18:22:59
Ооба бул сериал чыга электе деги эле арам иштерге барган жаштарыбыз жок болчу
+6
stepboy
2018-03-28 00:10:03
kaisarbek,ха ха ха туура айтасын эптеп эле кычык издейт да биздикилер
+3
Shokoladka94
2018-03-28 13:16:22
Черная любовго аябай окшошуп кетти, Жамиляны дагы Неслиханга окшошсун дебеди беле Керем?
+1
Shokoladka94
2018-03-28 13:16:33
К
0
Saidochka
2018-03-29 16:23:51
Жалдыраган атасыз,энесиз калган балдардын козунун жанында жалындаган кандай суйуун болсо да экинчи планда калат...
+4
dasta
2018-04-02 17:56:21
Tirikter anan oshol kunu olgudoi jamgyr jaadyryptyrda
0
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан