Бирде «Таттуу махабатым» деп эркелетсе, бирде «Мени унут» деп кайгырган Нурлан Насип эми жалаң бактылуу махабат жөнүндө ырларды жаратарынан шегибиз жок. Анткени анын жашоосунда жаңы бурулуш болду. 20-март күнү ал кесиптеши, сүйүктүүсү Асел Кадырбекованын колун сурады. Аселдин туулган күнүнө карата уюштурулган кечеде ырчы мырза 101 роза гүлүн сунуп, Аселге бриллиант көздүү шакек такты.
– Нурлан, куттуктайбыз! Аселге үйлөнүү сунушун киргизүүгө канчадан бери даярданып жүргөн элең?
– Рахмат, көптөн бери эч кимге айтпай, бул планды ичимде бышырып жүргөм. Досум экөөбүз алдын ала шакекти тандап алып койгон элек. 20-мартта Аселге «мен туулган күнүңдү өткөрүп берейин» деп эле айткам. Бирок анын колун сураарымды билген эмес.
– Өзүң да аябай толкундандың окшойт?
– Ооба, жакшы эле толкундандым (күлүп).
– Буга чейин мамилеңерди эмнеге сыр кылып жүрдүңөр?
– Акыркы кезде жеке жашоо тууралуу айткандан да чочулап калганбыз. Анткени ар ким ар нерсени айтып, ушак сөздөр көбөйүп кетет экен. Ошондуктан мамилебизди жарыя кылбай жүрдүк.
– Негизги суроо, той качан?
– Асел экөөбүз өз чечимибизди кылдык, калганын ата-энебиз чечет. Алар өздөрүнчө сүйлөшүп, той өтчү күндү белгилешет. Буюрса, быйыл үйлөнөбүз.