Гезитибиздин өткөн санындагы сурамжылоодо мырзалар тарабынан бой-мүчөсү келишкен деп табылган ырчы Айпери Кубик кызы турмушка чыга турганын билдирди. Ырчы: "Алдын ала пландалган иштерим бар болгондуктан, азыр үлпөт тойдун так күнүн айта албайм. Ал колумду сурап, мен макулдугумду бердим. Ата-энелерибиздин уруксатын, макулдугун, батасын алганбыз. Болочок күйөөм ишкер. Буюрса, тойдон кийин ал тууралуу кененирээк маалымат берем",- дейт.
Эске салсак, Айпери Кубик кызы 2014-жылы Нарулан аттуу мырзага турмушка чыгып, 1 уулдуу болушкан. 2016-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен.