«Салам, Кыргызстан!» телеберүүсү 4 жылдан бери көрсөтүлүп келген. Берүүнүн алып баруучулары Гүлжайна Атаканова жана Назира Жетигенованын эфирдин этикасына туура келбеген одоно тамашалары айрым учурда келген конокторду мазактоого жетип, коомчулуктун сынына көп кабылчу. Мисалга, Чыпалак баатыр каймана аты менен белгилүү болгон Зарылбек Аликеновду "кемчонтой", ырчы Клара Алибекованы "куник", "эзилип жүрсө муну ким алат?" деп мазакташканы акыркы тамчы болду көрүнөт. Коомдук телеканалдын жетекчилиги коомдогу кескин сындардан кийин аталган берүүнү эфирден убактылуу алып салганын билдирди. Берүүнүн алып баруучусу Гүлжайна Атаканова төмөнкүлөрдү билдирди:
- Эгерде элге жакпаган көрсөтүү болсо 4 жыл бою жашабайт эле. Анын «фишкасы» ушул тамашалар болчу. Эл бизди күтүп көрчү. Биздин эфирге Чыпалак баатыр, Клара Алибекова эле эмес, Эмгек сиңирген артисттер деле келчү. Ошондой эле курч тамашалар менен өткөрчүбүз. Жакында Чыпалак баатыр жана Клара Алибекова менен өзүм барып көзмө-көз сүйлөшөм. Алардын "адамдык аброюбузга шек келтирди" деп таарынганын байкаган эмесмин. Көрсөтүүнүн жабылып калышы туура эмес чечим деп ойлойм. Көрсөтүүнүн режиссёру «кам санабагыла, кайра эле чыгышыңар мүмкүн» деп жатат. Андыктан бул долбоор кайрадан эфирге чыгарына толук ишенем.Ырчы Клара Алибекова бул тууралуу мындай дейт:
– 1 жыл мурун «Салам, Кыргызстанга» конок болуп баргам. Мени эле эмес, баарын эле ошондой катуу тамашалашат. Учурунда мага катуу тийген. Бирок кесиптеш адамдардын тамашасы катары кабыл алгам. Жабылды деген чечимди жакында уктум.
Ал эми Чыпалак баатыр менен байланышканыбызда: «Башкаларды деле мендей эле тамаша кылышчу. Берүүнүн жабылышына күнөөлүү эмесмин»,- деп билдирди.
Берүүнүн режиссёру Канат Култаев жетекчиликтен берүүнүн концепциясын карап чыгуу тапшырмасы берилгендигин, учурда берүү бир гана алпаруучу менен тартылып жатканын билдирди.