Ырчы Мээрим Карыпова менен жолдошу Турат мырзанын түтүн булатышканына 15 жыл болду. Экөө студент кезинде баш кошуп, турмуштун ысык-суугун бирге өткөрүп келе жатышат. «Ачка калган, ыйлаган күндөр болду. Бирок анын баарын жеңдик» дейт ырчынын жолдошу.
«ҮЙДӨГҮЛӨРГӨ АЙТПАЙ ЭЛЕ АЛА КАЧЫП БАРГАМ»
Турат Курманалиев: – 2001-жылы август айларында дос балам экөөбүз сейил бактан Мээрим менен таанышканбыз. Анда уюлдук телефон жок, үйүнүн телефон номерин алып сүйлөшүп, жолугуп жүрдүк. Мээримдин ак көңүл, ачык-айрым, бетке айткан, жоопкерчиликтүү мүнөзүн жактыргам. Анан, албетте, жакшынакай болчу (күлүп).
Мээрим Карыпова: – Мага шуулдаган балдар жакчу эмес. Жолдошумдун оор басырыктуулугун баалагам. Турат менин кайсы кесипке окуп жатканыма деле кызыкпай, көңүлүмдү алуу менен убара болчу (күлүп).
Т.: – Экөөбүз көп сейилдедик. Өзүм романтик болгондуктан, сөз менен да, ыр менен да көңүлүн алганга аракет кылдым. Эжеңердин музыкант экенин билчүмүн, бирок мага ырдап берчү эмес, тескерисинче, мен ага ыр арнайт элем.
М.: – Турат көбүнчө мага Улуттук консерваторияга жолугууга келчү. Ал кезде Бек Борбиев популярдуу болуп, анын ырларын арнагандан тажабайт эле. Коляска сүйрөгөн жаш жубайларды көрсө, «карачы, биз да буюрса ушинтип басабыз» деп кыялдана берчү.
Т.: – Сүйлөшкөнүбүзгө бир жарым жыл болгондо биз баш кошолу деп чечтик. Бишкекте турган таежемден келин алып келатат деп Көлгө айттырып жиберип, артынан биз барганбыз. Үйдөгүлөрдүн анча даярдыгы жок болчу. Мен 20 жаштамын, Мээрим 19да. Ата-энем таң калганы менен, улуу баласы болгондуктан сүйүнүп эле кабыл алышты.
М.: – Менде ошондо чочулоо деле болгон эмес экен, кандай кабыл алат деп деле ойлонбоптурмун. Бирок бөлөсү биз үйлөнөр алдында «Сени келечекте кандай жашоо күтүп жатат, билесиңби? Тураттын апасы ооруйт, атасы жакшы киши эмес, жакыр турушат. Сен ошого макул болуп кетип жатасыңбы?» деп сураган болчу. Бир тууган бөлөсү эмнеге минтет деп аябай ачууланган элем. Эмне болуптур, жашап кетебиз деп койгом. Көрсө, ал мени ошентип сынаган экен. Айылга барсам кары эмес эле жапжаш, 39 жаштагы кайненем кучак жайып тосуп алган.
Т.: – Кызыгы, Мээримди коштоп барган курбусу бар эле. Ал «комуз барбы, ырдайм» дегенинен айылдан издештирип отуруп таап келдик. Курбусу ырдап оозубузду ачырган. Мээримге «курбуң жакшы ырдайт турбайбы» десем, «мен деле ырдайм» дейт. Комузду берип "чертип көрчү" десем укмуш чертип салбадыбы. Кийин коноктор келген сайын жубайымды ырдатып жатышты окшойт (күлүп).
Мен чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. Чоң атам комуз менен ырдап, дастан айткандарды сыналгыдан калтырбай көрөт эле. Роза Аманованы аябай жактырчу. Ошондо мен 5-6-класста болсом керек, «ата, мен ушундай чачы узун, комуз ойногон аял алам» дечү элем. Айткандай эле тилегибизге жетип, мен чыгармачыл адамга үйлөндүм, Роза Аманова болсо бизге өкүл эне болду.
«КУРСАГЫБЫЗ ТОЙГОНУНА СҮЙҮНЧҮБҮЗ»
Т.: – Баш кошкон соң айылда бир айча жашап, шаарга көчүп келдик. Экөөбүз тең студентпиз, батирде турабыз. Бирде акча алып келем, бирде жок болуп калат. Кечке эле эки жактан сурай берип уялып да калат экенсиң. Өз оокатыбызды кылалы деп тытынып иштедик. Мээримдин ыйлаган күндөрү да болду.
М.: – Азыркы жаштар үй, машина болуш керек дешет го. Бизге башында кыйынчылык деле сезилчү эмес, бирге болгонубузга кубанып жашадык. Эркиндик бульварынын жанында турчубуз, бирден балмуздак жегенибизге, курсагыбыз тойгонуна сүйүнчүбүз.
Кош бойлуу кезде балдарымды кыйналуу менен көтөрдүм. Кызым боюмда болгондо эми жумушка чыкпай, ырдабай каламбы деген коркунуч болду. Жолдошум да ошону сезди окшойт. Кызымды төрөгөндөн кийин "сен ырдашың керек экен" деп колдоо көрсөтүп баштады. Кудайга шүгүр, азыркы күнгө чейин кесибимди түшүнүп, колдон келген жардамын аябай келет.
«ТАҢ АТКАНЧА УКТАЙ АЛБАЙ ЖҮРДҮМ»
М.: – Жолдошум ичинде кири жок, ачык-айрым адам. Мени айттырбай көз карашымдан сезип турат. Туура эмес кылып койсом урушпай «ойлонуп көрчү» деп багыт берет. Ачуум келсе менин кыялым чарт-чурт. Жолдошум ошол маалда унчукпай жеңет.
Т.: – Мээрим чыгармачыл адам болгондон кийин ар кандай кептер айтылат. Негативдүү сөздөр болуп калса жубайымды колдоп, жанында болгонго аракет кылам. Өтө эле жагымсыз сөздөр өзүмө да катуу тиет, бирок Мээримге билдирбегенге аракет кылам.
М.: – 2009-2010-жылдары ата-энем удаа кайтыш болушту. Чыгармачыл адамдар баарын жүрөктөн өткөрүшөт экен, катуу ооруп калдым. Кээде таң атканча уктай албайм. Бир жылча ушундай абалда жүрдүм. Ичимен ойлоп коём, балким, башка эркек болсо эмне эле ооруй берет деп басып кетмек беле?.. Турат мени бөпөлөп, эс алганга шарт түзүп аябай карады. Ошондо чындап жолдошум мени абдан сыйлаарын, жакшы көрөрүн, мага түбөлүктүү жар болуп берерин түшүндүм.
Т.: – Жубайым апам менен менден да жакшы сүйлөшөт. Шаарга келгенде Мээрим апамды машинасына салып алып базарларды кыдыртат, салондорго алып барат. Ошентип өзүнө көндүрүп алдыбы, азыр "Мээримге тийбе эле, тийбе" деп калды. Экөө бир команда болуп алышкан. Казан-аяк кагышат дешет го, кээде таарыныша кетебиз, бирок жубайым бат эле унутуп калат. Кичине таарынып жатып эле жазылып кетет. Үйдүн кассасы да жубайым. Майда-чүйдө тамак-ашка өзүм алам, чогултканы келгенде эжеңерге санап берем, өзү чогултат.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg