МУХАММЕТКАЛЫЙ АБУЛГАЗИЕВ – ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТЫН ЖАҢЫ БАШЧЫСЫ

Мухамметкалый Абулгазиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Мухамметкалый Абулгазиев 1968-жылы 20-январда Нарындын Кочкор районунда туулган. 1994-жылы Бишкектеги Айыл чарба институтун (агроном адистигин), 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин (экономика жана бизнес адистигин) аяктаган. Абулгазиевди кыргыз коомчулугу 2009-2010-жылдары Социалдык фонддун төрагасынын орун басары, 2010-2016-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезинен бери жакшы тааныйт. 2016-2017-жылдары биринчи вице-премьер-министр кызматында туруп, Боинг кырсыгы боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссияны жетектеген. Чиновник 2017-жылдын август-сентябрь айларында президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеди. 2017-жылдын сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Артынан чуу, олуттуу доомат ээрчий элек мамлекеттик ишмерлердин бири деп сыпатталып жүрөт.
Эске салсак, ушул жылы 7-мартта Фарид Ниязов президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Президент Сооронбай Жээнбеков «сыйлуу орун бош калбайт, менин жанымда ишти алып кете турган татыктуу кадрлар бар» деген. Жарандык коом, оппозиция өкүлдөрү Ниязовдун ордуна Абулгазиевдин барышын күтүлгөн чечим катары кабыл алды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан