КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ ТАРЫХТА БИРИНЧИ ЖОЛУ ФУТБОЛ БОЮНЧА АЗИЯ КУБОГУНА ЧЫКТЫ

Кыргыз өлкөсү өз тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Азия кубогуна катышат. Мындай мүмкүнчүлүккө 22-мартта Түштүк Кореяда өткөн беттеште Мьянманы 5:1 эсебинде жеңип алган соң жетишти. Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жазылып турат. Ал эми Мьянма 5 упай менен 3-орунду алса, упайсыз Макао 4-орунга жайгашкан.
Алдыда Кыргыз курама командасы тандап алуу оюнунун акыркы беттешинде Индия менен беттешет. Оюн 27-мартта Бишкек шаарында болуп өтөт. Бул оюнда жеңген да, жеңилген да команда Азия Кубогуна чыгат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
S.A.J.R
2018-03-27 11:25:53
алга кыргызстан
0
kum-bel.
2018-03-27 18:29:00
Кыргызстан алга
0
kakukani
2018-03-28 17:42:52
Молодцы кыргыз желегин желбиретип журо бериниздер
0
KENEWBEK88
2018-04-01 18:48:33
Молодцы ребята, так держать до конца
0
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан