ТҮШТҮК КОРЕЯДА МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮРГӨН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ АЗАЙДЫ

Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарынын саны азайды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2017-жылы Түштүк Кореяда 1 миң Кыргыз жараны мыйзамсыз жүргөн болсо, учурда алардын саны 600гө түштү. Ал эми Түштүк Кореядан Кыргыз жарандарына келген эмгек келишимдеринин саны 30 пайызга көбөйдү.
15-мартта элчи Кылычбек Султан Түштүк Кореядагы К-BIZ орто жана чакан ишканалар ассоциациясынын жетекчиси И Жэ-уон менен жолугуп, миграция маселесин талкуулашты. Анда 2018-жылдын 1-чейрегинде Кыргыз жарандарына Түштүк Кореядан келген эмгек келишимдеринин саны 30 пайызга көбөйгөнү тууралуу айтылды. Кыргыз өлкөсү Түштүк Кореянын EPS программасына (чет өлкөлүк жумушчуларды кызматка алууга уруксат берүүчү систем) 11 жылдан бери мүчө. Бул программага ылайык, 2018-жылдын 1-кварталында Кыргыз жеринен 116 жаран жумушка чакырылган.
Түштүк Кореядагы Кыргыз элчилигинин өкүлдөрү 21-мартта Кыргыз өлкөсүнөн Кореяга жумушка барган 20 адамды аэропорттон тосуп алып, консулдук каттоого алышты. Айта кетсек, учурда Түштүк Кореяда 6 миңге жакын Кыргыз жараны иштеп, окуп жүрөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан