Орусиянын Рязань облусунда 13 Кыргыз жараны кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, кулчулукка кабылган жарандар Орусиянын ИИМи жана Миграция кызматы тарабынан куткарылган. «Рязандагы тигүүчү цехте 100дөй ар башка өлкөнүн жарандары иштеп келген, алардын 13ү Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргызстандыктарды Бишкекте иштеген 39 жаштагы Эркинаалы аттуу жаран ишке орноштурган. Бирок түзүлгөн эмгек келишиминдеги шарттар аткарылбастан, жарандар кулдай иштетилип келген. Катуу басымдан улам бир Кыргыз жараны өзүн өлтүрүүгө да аракет жасаган. Цехтин жетекчилиги шартка нааразы болгон мигранттардын документтерин күч колдонуп алып койгон»,- деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта. Тигүүчү цехтин жетекчиси Орусия жараны, ал эми негиздөөчүсү вьетнамдык жаран болгону айтылды. Учурда тергөө иштери башталып, Эркинаалы аттуу жаран боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Орусияда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg