БИР БҮРКҮМ. ШАБДАН БААТЫР 7-АПРЕЛЬ ДЕП ӨЗГӨРТҮЛДҮ...
Москва шаарындагы «Печатный экспресс» басмаканасынын директору Сергей Москвин шарттуу түрдө абактан бошотулду. 2016-жылы аталган басмаканада өрт чыгып, ошол жерде иштеп жаткан Кыргыздын 14 КЫЗ-КЕЛИНИ КӨЗ ЖУМГАН.
Баткендин Кадамжай районунан өлкөдө ЭКСТРЕМИСТТИК уюм деп таанылган «Йакын-Инкар» уюмунун 13 мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду.
2018-жылкы АЖЫЛЫК САПАРГА жалпысынан бир адам үчүн 2890 доллар керектелет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Бишкек шаардык кеңеши ШАБДАН БААТЫР көчөсүн 7-АПРЕЛЬ деп атоо чечимин кабыл алды.
Бишкек шаарына ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ 22-мартта токтотулду. Былтыр суук аба ырайына байланыштуу жылуулук берүү 10-апрелге чейин созулган.
Учурда Таластагы КИРОВ суу сактагычындагы суунун көлөмү 320 миллион метр кубга жетти. Бул былтыркыга салыштырмалуу 180 миллион метр кубга аз.
III Бүткүл дүйнөлүк КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ Ысык-Көлдө ушул жылдын 2-8-сентябрь күндөрү өтөт.
Январь айында МИГРАНТТАР Кыргыз өлкөсүнө 145,9 миллион доллар которушту. Бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул айына салыштырмалуу 24,5 миллион долларга көп. Маалыматты Улуттук банктан тастыкташты.
2017-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫ мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет жасаган 148 факт катталды.
Быйыл 7-АПРЕЛЬ – Элдик Апрель революциясынын күнү ишембиге туш келгендиктен, 9-апрель дем алыш күн деп жарыяланды.
Өлкөдө 1-апрелден тарта 7 жаштагы 7 миң БАЛАНЫН ДЕН СООЛУГУ атайын долбоордун негизинде текшерүүгө алынат.
Нооруз майрамынан кийин Бишкектин борбордук аянтынан 11 ТОННА ТАШТАНДЫ чыгарылды.
ДҮЙНӨЛҮК БАНК Кыргыз өлкөсүнө интернетти жана электрондук тейлөөнү жакшыртуу үчүн 25 миллион долларды гранттык негизде, 25 миллион долларды насыя түрүндө берди.
«АЛЬФА ТЕЛЕКОМ» (МЕГАКОМ) компаниясын сатып алууга швейцариялык "MFT Services SA" компаниясы кызыгууда. Ушуну менен сатып алууга ниеттенген компаниялардын саны 4кө жетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.