КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада да чыдамкайлык керектелет. Каршы чыгууларга көңүл бурбаңыз. Дем алыш күндөрү жетекчилик, таасирдүү же улгайган адамдар тарабынан колдоолор болот. Ага даяр болуңуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жума күнгө чейин башка шаардык адамдардын, жашыруун душмандардын кылтагынан сак болуңуз. Жума күндөн тарта адамдар сизге суктана карап көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бейшембиге чейин курбулар, кесиптештер менен мамиле түзүүдө жана каржы жаатында көйгөйлөр жаралса капаланбаңыз. Жума күндөн кийин колуңузга акча тиет же романтикалуу кечти баштан кечиресиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көйгөйлөр жума күнгө чейин чечилип бүтөт. Ишемби, жекшемби күндөрү достор же кесиптештер менен чогуу убакыт өткөрөсүз. Эски мамилелер жөнгө салынат. Үй-бүлөдө сыйлашуу күчөйт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Кесиптештер же жетекчилик менен жакшы тил табышасыз. Жумуш, ден соолук жаатындагы айрым маселелер апта акырына чейин чечилет. Бирөөлөр менен болгон өтө жакын мамиле романтикага айланышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын акырында башка шаарларда жашаган жакыныңыздын келиши же сиздин ага барышыңыз күтүлөт. Эс алууга убакыт табылат. Сүйүү темасы да козголот. Сапарга чыккандар жагымдуу таанышууларга кез келет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада акчага ээ болосуз. Аманатка ташталган буюм, акчага байланышкан маселе да чечилет. Тренингдерге катышууңуз мүмкүн. Жума күндөн тарта жеке иштериңиз сиз ойлогондой ишке ашат. Бирөөлөргө карата сезимдер жаралат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Акыркы мезгилде сизди түйшөлткөн кырдаал, абал тездик менен өз нугуна түшө баштайт. Айрым мамилелер жаңырат. Өнөктөштөр жана жубайыңыз менен жагымдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз. Каржы маселеси көтөрүлөт.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Акча маселесин чечүүгө даярдана бериңиз. Ылайыктуу убактысы келди жана ал 1,5-2 айга чейин созулат. Акча тийчү күндөр ишемби же жекшемби. Кээ бирлердин чогуу иштеген кесиптешине көздөрү түшөт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Каршылыктар болуп жатса чыйралууга аракет жасаңыз. Аптанын экинчи жарымында чыгармачылык менен иштөөгө туура келет. Балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Үй-бүлөлүүлөр күтүлбөгөн сүйүү романдарынан сак болуулары керек.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада айрым учурларда сабырдуу болуу кажет. Керектүү буюмдарды сатып аласыз. Жума күндөн тарта жакындарыңыз менен бирге бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиресиз. Жүрөк жылыткан мамилелерди байкайсыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада дос, кесиптештер менен мамилелер жөнгө салынат. Жаңы адамдар менен таанышасыз. Бейшембиге чейин ачууга алдырбаңыз. Апта соңунда бир туугандар, кошуна, жакын санаалаштар менен жагымдуу сүйлөшөсүз. Жакшы кабар угасыз.