Мындан 10 жыл мурун «Тамашоу» долбоору түптөлүп, элди күлкүгө сугарып баштаган. Аталган долбоордун туурунан жүздөгөн таланттар тапталып учурдун мыкты телеалпаруучусу, тамада, күлкү жаратуучулары чыкты. «Тамашоунун» атасы, негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев долбоор тууралуу кызыктар, андагы күңгөй-тескейлер менен бөлүштү.
«АФИШАЛАРДЫ ӨЗҮМ ЧАПТАП ЧЫКЧУМУН»
-2005-жылдары Кыргызстанда КВН оюндары бир гана орус тилинде өтөр эле. Негизи эле КВН орус тилинде ойнолот эмеспи. Өзүм ойноп жүргөндө орус тилин билбей КВНге катыша албай жүргөн көп балдарды көрдүм. Бишкекте жашап деле орусча сүйлөй албаган студенттер бар болчу. Ошондо кыргызча КВН ачуу оюм пайда болуп, акырын бышырып жүргөм. Ал кездеги Эрмек жаш, өрт эле. Кийин кандай болуп калат деп деле кооптонбоптурмун. Мен үчүн башкысы, башымда бышырып жүргөн оюмду ишке ашырып максатка жетүү болчу. Өзүм батирде жашачумун, менде идея гана бар эле. «Тамашоуну» ачам дегенде көбү ишенбей, «канча долбоорлор ачылып, кайра жабылып жатат, ошолордун катарында эле болуп калат. Андан көрө өзүңө иште» деп кеңеш айткандар болгон. Ошентип жарыя берип команда чогултууга өттүм. Өзүм ошондо ийримдерге барчумун, андан чыгып алып «Сейтек» улуттук балдар борборунун жанына жарыя боюнча балдар келип калышабы деп аларды күтөм. «Тамашоуго» деп 1 бала келет, кээде 2-3төн келишет. Бир жолу бир бала турат, жанына барып «кечиресиң, «Супер-Инфодогу» жарыя боюнчабы?» деп сурасам «жок, ай, сүйлөшкөн кызымды күтүп жатам» деп коёт (күлүп). Айтор, кээ бири «ооба» десе, кээ биринен «жок» деген жоопту укчумун. Ошентип жүрүп 2 ай ичинде 14 команда чогулттум. Биринчи оюн 2008-жылдын 1-ноябрь күнү болду. Уюштуруу иштерине досторум кол кабыш кылды, бир досум калыстарга стол ташыйт, бир досум кире бериште билет айрып карап турат, бирөөсү тартипти карайт. Мирбек Сагынбеков деген спортчу досум билеттерди айрып баарын киргизип, эшикти жаап, концерт башталганда чуркап келип калыстар тобунда отуруп алганда баары таң калып карашкан эле «билет айрыган жигит калыспы?» деп. Ал учурда афишаларды өзүм илет элем. Бир күнү афиша чаптап жатсам бирөө келип «афишаларды өзүң илесиңби?» деп сурайт. «Ооба, Табылды байкебиз деле убагында шорону өзү чакалап сатчу, биз деле азыр ушинтип афиша илип туралы» деп тамашалаган элем. Анын сыңары азыр мен «Тамашоуну» ачканыма, кезинде бул долбоор үчүн кыйынчылыктарды басып өткөнүмө өкүнбөйм. Долбоордун редактору Арслан Ибрагимов экөөбүз Максим Горький көчөсүнөн Спорт ордосуна чейин 100 квадрат метр баннерди көтөрүп келгенибиз эч эсимден кетпейт. Азыр да Арслан байкеге «билесизби баннер ташыган күндөрдү?» деп күлүп калам.
«ТАМАШОУ» – ТАЛАНТТАРДЫ ТАПТООЧУ МЫКТЫ МЕКТЕП»-«Тамашоу» – бул таланттарды таптоочу мыкты мектеп. Долбоордун эң башкы жетишкендиги деп мен жүздөгөн таланттуу балдар чыгып өлкөбүздөгү алдыңкы телеалпаруучу, тамада, актёр, режиссёр, сценарист болуп жатканын айта алам. Алардын баары жылдыз болуп, өз ордун табышты деп айта албайм, бирок көпчүлүк таланттуу жигиттер ушул долбоордон тапталып чыкканына кубанам. Анан да эң башкысы, кыргыз тилинде сүйлөөнү модага айланта алдык. Аз да болсо Казакстан, Орусиянын КВНдеринде ойноп ийгилик жарата алдык. Аймактардан таланттуу жигиттер келип, оштуктар нарындыктар менен, таластыктар жалал-абаддыктар менен мамиле түзүп, карым-катышта болуп, дос күтүштү. Таланттуу, каалоосу күч, тартипке бекем кыз-жигиттерге биздин эшигибиз дайыма ачык.
«ДОЛБООРДУН ТАРЫХЫНДАГЫ ЧЕМПИОН КОМАНДАЛАР»
-10 жыл ичинде «Тамашоудо» 9 команда чемпион аталышты. Алар: «2-рота», «Саяктар», «Ак-Өргө city», «Ак-Кеме», «Моника Беллуччи», «No name», «Позитифф», «Универсал», «Ассорти» командалары. «Ак-Өргө city» командасынын балдары бир көчөдө чоңоюп-өскөн балдар, бири-биринин үйүнө барып репетиция кылып жүрүп чемпион болушкан. Уткандан кийин балдардын ата-энелери Арслан Ибрагимов экөөбүздү коноктоп ыраазычылыгын айтышкан. Ал эми «Моника Беллуччи» командасы 4-сезондо «Ак-Кеме» командасына 0,1 упайга утулуп калышкан эле. Чынында бул команда Орусиянын КВН оюндарында аткарчу тамашаларды жаратып койчу. Жакында эле «Тамашоунун» 10 жылдыгына арналган кубок өткөрүп, ошондо баары келишти. Ар бири менен кобурашып, өткөн күндөрдү эстеп сүйлөшүп отургум келди.Cанжар Мыкыев,
«Тамадалар» командасынын оюнчусу:
– «Тамашоу» долбоору биз үчүн эң бийик трамплин болду. Эрмек байке Кыргызстан КВНинде ойноп жүргөндө мен да ошол жакта ойночумун. Ал убакта кыргызча сүйлөө мода эмес болчу, шаардыктар менен кыргызча сүйлөшсөң сени «колхоз» деп кабыл алышар эле. Мына ошол кыргызча сүйлөө мода эмес деген стереотипти бузган Эрмек Нурбаев деп айта алам. Бул долбоордо ойногон көп балдар өз жолун таап кетишти. Анын арасында мен да бармын. «Тамашоудо» "серый кардинал" бар, ал – долбоордун башкы редактору Арслан Ибрагимов. Көрүүчүлөр бул кишини көп көрүшпөгөнү менен, анын эмгеги тоодой. Самат Эркинбеков,
«Ак-Өргө city» командасынын оюнчусу:
– Мен «Тамашоудо» 16 жашымдан баштап ойногом. Командада эң кичүүсү мен элем. «Тамашоудо» биз 6 жыл ойнодук, көп тамашаларды аткардык, тапталдык, жашоону үйрөндүк. Жаңы келгенде «силер жылдыз болосуңар» десе эч ишенчү эмес элем. Кийин эле клиптерге, кинолорго чакыра баштаганда долбоордун таасирин сездим. «Тамашоудон» биз чоң турмуштук сабак алдык. Башында балдардын көбүнүн кесиби чыгармачылыкка тиешеси жок эле. Кийин талантыбыз ачылды. Эрмек байке атабыз болсо, Арслан байке апабыз болду.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Лунара Бекиева
star@super.kg