ТАЕНЕСИ НЕБЕРЕСИН САТЫП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КАРМАЛДЫ. ЖОКЧУЛУК УШУНДАЙ КАДАМГА АЛЫП БАРДЫБЫ?

Ош шаарында 1 айга толо элек наристени таенеси 20 миң сомго баалап, сатып жиберүүнү көздөгөн. Бирок ал ою ишке ашкан эмес, таене милиция кызматкерлерине кармалып калган.

«НЕБЕРЕСИН САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН ТАЕНЕ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ»
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова төмөнкүдөй маалымат берди:
– ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Ош шаарында белгисиз айым наристе сатууга аракет кылып, ал үчүн кардар да таап койгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, наристе сатууну пландап жаткан аялдын ким экендиги аныкталып, ал 59 жаштагы М.Л. аттуу Ош облусунун тургуну экендиги билинген.
2018-жылдын 22-мартында милиция кызматкерлери атайын операция жүргүзүшүп, жыйынтыгында бала сатууга аракет кылган аял колго түшүрүлгөн. Аял сатып алуучуга наристени таштап, 20 миң сомду колуна алгандан кийин кармалган. Ымыркай анын небереси болуп чыкты. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, ымыркай социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген. Кылмышка шектүү үй камагына чыгарылды. Аталган окуя боюнча Ош ШИИББинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кармалган жаран жашоо шартынын начар болгондугуна байланыштуу наристени бага албастыгынан улам ушундай жолго барганын айтып жатат. Наристенин апасы болсо кызынын сатыла тургандыгын билбегендигин билдирип, апасы наристени башка туугандарына берип бактырат деп ойлогонун айтты. Азырынча ушундай көрсөтмө берип жатышат. Тергөө учурунда алардын көрсөтмөлөрү өзгөрүп кетиши мүмкүн. Анткени алар туугандар да.

«НАРИСТЕНИН АПАСЫ МЕКТЕПТЕ ОКУГАН ЭМЕС»
Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева наристенин энеси мектепте окубагандыгын жана анын паспорту да жок экендигин айтты:
– Ымыркайдын апасы да, чоң энеси да Ош облусунун Өзгөн районунда жашашат. Наристенин апасы 1997-жылы туулган, анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн башка документи жок экен. Паспорт алган эмес. Мектепте да окуган эмес. Ал эми наристенин атасы тууралуу маалымат жок. Ал кыздын төрөгөнүн, оор абалы тууралуу уккан соң Өзгөн райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкерлери төрөтканга барып кабар алышкан болчу. Кызматкерлер апасын ымыркайы менен кошо Ош шаардык реабилитациялык борборго жайгаштырууга жана паспорт алууга жардам бермекчи болушкан. Бирок жаш эне ага каршы болуп, төрөт үйүнөн чыгып кеткен.
Небересин сатууга шектелип жаткан аял жана анын улуу кызы (ред.: наристенин энесинин бир тууган эжеси) менен сүйлөшкөнүбүздө, алар бул баланы бага албастыгын айтып жатышат. Анткени турмуш-шарттары начар үй-бүлөлөр экен. Эч жерде иштешпейт. Наристенин апасы менен сүйлөшө элекпиз. Наристени биз 6 айга чейин карайбыз. Андан кийин аны апасы же жакын туугандары алса, беребиз. Болбосо, ымыркай асырап алууну каалаган үй-бүлөгө берилет.

«АЙЛА ЖОК УШУЛ ИШКЕ БАРЫШСА КЕРЕК»
Кылмышка шектелип кармалган аялдын аты жашыруун калгысы келген айылдашы төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Мен бул үй-бүлөнү көптөн бери көрө элекмин. Бирок тааныйм, бир айылданбыз. Бул үй-бүлөнүн жашоо шарты аябай оор, өздөрүнүн үй-жайы жок. Айылда батирлеп же каралбай калган эски тамдарда жашашчу. Жайында үй-бүлө мүчөлөрү баары биригип кыш куюп иштеп, жалданып талаага чыгып элдин жумушун кылып беришчү. Айыл тургундарынын ар кандай кара жумуштарын жасап берип акча табышчу. Төрөгөн кыздын атасы балык да кармап, сатып жүрчү. Өздөрү эч ким менен деле мамиле кылышчу эмес, ал тургай кошуналар менен деле киришип-чыгышчу эмес. Кармалган аялдын 2 кыз, 1 уулу бар. Алардын бирөөсү да мектепте окуган эмес. Алардан башка да 1 уулу болуп, ал баңгиликтин айынан каза тапкан деп уккам. Кабарлардан кызы төрөп, өзү ал небересин сатып кармалыптыр деп угуп жатабыз. Жашоо шартынын оордугунан айла жок бул ишке барышты деп ойлоп жатам. Төрөгөн кыздын жолдошу жок болчу. Ал кыз психикалык жактан жабыркаган деп уккам, бирок так билбейм.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Baku88
2018-04-03 13:16:28
Турмушун эшек араба туулдун калдын балаага туулбай койбой не кылдым тууралап жатсам алаада деген экееен ушундай макал бар мааниси аябай терең. Сабатсыздыктын акыр аягы ушул нерсе мн бүтөт. Байкуштар бир туруп боорум ооруп кетти. Айла жок баарынан да наристе аман болсунчу башкасы өз жолу мн кете берет. Келечекте мыкты айым болуп чонойсун Кудайым бак берип бактылуу кыз болсун
+5
Eureka
2018-04-03 13:50:55
21 кылымда да окубаган сабатсыз адамдар бар тура, Озгон районунун билим беруу жана соцкызматкерлери убагында иштебегени корунуп турат.
+3
Baku88
2018-04-03 14:14:25
Eureka, 21 кылымда балдардын окубай калышына соцкызматкерлеринин күнөөсү жок көбүнчө ата энелерден көз каранды. Өкүнүчтүүсу арабызда дале болсо илгерки түшүнүк мн жашагандар бар анан бир жагы жокчулуктун айынан да көп балдар окубай калышат. Бул кыздын окубай калганына мүмкүн оорусу да себепкер эгер кошунасы чын айтса башкысы аман болушсун
+1
Tractorist
2018-04-03 14:18:32
Ээ озгондун байлары,козунорду ачкыла,жакшыраак ойлонгула.Ушул кыйналган уй булого жардам берсенер болбойбу,эртен Аллаталанын астында этегинерден тартып отурбасын...
+3
kokul
2018-04-04 15:13:27
Сатып жиберсе да мейли главный бала тируу экен. Туалетке же мусорго таштап салгандан коро чынбы?
+4
Aktilektaanyshbek
2018-04-05 05:40:55
Төрөгөн аялдын жолдошу балык кармап ........анан эле жолдошу жок болчу. Түшүнбөдүм...
-2
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2018-04-05 15:47:46
Aktilektaanyshbek, төрөгөн кыздын жолдошу эмес атасы деди.
0
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан