«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ваннага кирген Алибектин энеси кыйкырып жиберди.
– Бул эмнең кокуй күн?! Алибек, кайдасың, уулум?
Диана кан болгон билектери менен полдо жаткан экен. Эмне кыларын билбей карбаластаган энеси телефон чалды. Ал телефонун алайын деп жатканда Жамиля алдырбай койду.
– Бүгүн меники бол, суранам. Бул түнү меники бол,- деди кумарлуу шыбырап.
Алибек ким чалып жатканын караган да жок. «Тез жардамга» чуркаган эне, ортодо чырылдап ыйлаган наристе. Сыртта болсо дагы деле жамгыр жаап жатты.


ххх


Диананын өмүрү коркунучта эмес дегенден кийин гана жакындары терең дем алышты. Башы шылкыйган Алибек эмне кыларын билбейт. «Бул жинди кызбы? Жашоосунан мен үчүн баш тартып кете турган болуптур. Бул эмне шумдук? Кайдан жолуктум буга? Мындан ары эмне кылам?..» Небересин көкүрөгүнө кыскан энесин карап алып Алибектин жүрөгү мыкчыла түштү. Бели ооруп турса да колундагы наристени силкилдетип сооротуп жатыптыр.
– Сиз үйгө барыңыз, апа, мен бул жерде болом. Коркунучтуу эч нерсе жок деди. Бала да ачка болду.
– Мейли, сен жанынан кетпе. Телефон чалып тур,- деди чарчаңкы ордунан турган энеси. – Кече кайда элең? Кечке телефон чалдым, албай койдуң.
– Укпай калыптырмын, апа. Түнү менен таксиде иштедим,- деп койду көзүн ала кача.
Таң атканда Жамилянын коюнунда жатканда досу СМС жазганын, Диана билектерин кесип салганын андан укканын жашырды. Өзүнө келген Диана маңдайында отурган Алибекти көрүп күлүмсүрөп койду.
– Демек, тирүү калган экем.
– Артисттик кылайын, мени коркутайын десең, ишке ашпады. Кан көп жоготуп койдуң.
– Хм, ооба, туура айтасың. Акыркы көзүрүмдү колдонсом, ал дагы ишке жарабады.
– Диана, сен эмне кылып жатасың? Мени ушундай нерсе менен токтотом деп ойлоп жатасыңбы?
– Жок.
– Анан?
– Мен сенсиз жашай албайм.Жөн эле жашай албайм, Алибек. Биринчи күндөн баштап... Жүрөгүмө бир от түштү. Ага эч кимдин алы жетпей калды. Эч нерсеге карабай, мени сүйбөгөнүңө карабай тийип алдым. Күйөөсүнүн сүйүктүүсү эмес экенин сезип жашоодон артык аялга оор нерсе болбосо керек. Бирок мен күчтүүмүн, чыдайм дедим. Ал дагы аз болду сага. Тигиниңди көзүмдүн алдына алып келип койдуң. Мен сени аны менен бөлүшө албайм. Андан көрө өлгөнүм артык. Бул келесоолук де, акылсыздык де, акмак болбо де. Бул сүйүү...
– Жок, бул өзүмчүлдүк,- деди башын чайкаган жигит.
Алы кетип калган экен, аялы шыбырап сүйлөп жатты. Бирок баары бир ал Жамилядан баш тарта албайт эле. Андан эч бир күч баш тарттыра албасын жүрөгү менен сезип турду.


ххх


– Сен чындап ушундай чечтиңби?
– Ооба, Данияр байке. Мен кетем Стамбулга. Бул жерде иштей да, жашай да албачудаймын. Колумда балам, сиңдим, энем бар. Стамбулдан иш табам. Анткени англисче жакшы билем.
– Эң негизги себеби эмне?
– Алибек.
– Хм, Алибекпи? Эмне дейин? Балким, туура кылып жаткандырсың. Диана мурунку күнү өзүн өлтүрө турган болуп кан тамырларын кесиптир. Оор абалда жатат.
Жамиля таң кала тиктеп калды.
– Ооба, туура кылып жатам,- деди ал жаш аралаш күлүмсүрөп.Коштошуп чыгып бара жатып ал Алибекке арнаган конвертти таштады. Узун бойлуу, чечкиндүү кадам таштап бараткан кыздын аркасынан суктана тиктеп турду Данияр. «Сендей күчтүү кыздар аз. Жолуң ачык болсун, карындашым. Сен аны анын бактысы үчүн таштап кетип баратасың. Ал ар бир аялдын колунан келе берчү иш эмес».


ххх


Чачы түшө бергенден улам алып салышкан Нуриля азыр кичине болуп кеткен эле. Жаны кыйналып турса да жол азабына эч нерсе дебей чыдап жатканына Жамиля ыраазы. Мекенине кетип баратканына сүйүнгөн уулу, көзүнүн нуру өчкөн энеси... Булардын эч бири Жамилянын жүрөгү канап жатканын сезбеди. Аэропорттон Алибекке улам бирөөнүн караанын окшоштуруп жиберет. Акыркы учурда келип калса, колунан тартып алып калса...
– Сен артыңа эмне эле кылчактап жатасың? Бирөө-жарым узатканы келет беле?- деди апасы акыры.
– Жок, келбейт эч ким. Караган жокмун.
Бирок жашоо кинодогудай болбоду. Алибек келип колунан тартып алып калбады. Учакка түшүп беркилер оор уйкуга кеткенде гана көз жашына эрк берди. «Бул жолу да жеңилдим. Аракет кылсам да болбоду. Эмне мынча жүрөк жанчылып жатат? Демим кысылып, жаным көзүмө көрүнүп... Болду, токтотчу, жүрөк. Мени мынчалык кыйнабачы, болду».
Ыйлап жатты. Энтигип, эзилип, адатынча үнсүз ыйлап баратты.


ххх


Диана жакшы болуп калгандан кийин Алибек Жамилянын үйүнө келди. Коңгуроону кечке басып турду. Эч ким ачпаганынан коңшусунун эшигин какты.
– Кечиресиз, бул үйдө жашагандар...
– Кетти.
– Ким? Кайда кетти?
– Чет өлкөгө.
– Эмне деп жатасыз? Кайдагы чет өлкө?!- жини келип кыйкырып жиберген жигитти тиги олурайып карап туруп эшигин жаап алды. «Мүмкүн эмес» деп башына келген ойлордон жан талаша качты. Экинчи эшикти ургулап алардан да ошондой жооп алды. Шалдая түштү.
– Мүмкүн эмес...- деди башын чайкай.
– Кечиресиз, мага бир нерсе дедиңизби?- деди каршысындагы. Тигинин коркунуч каптаган көздөрүн таң кала тиктеп турду. – Бул жердеги жакын адамыңыз беле?
Эч нерсе деп түшүндүрө албады. Тамагына кептелген тоголок нерсени араң жутту. Басып баратат басып баратканын сезбей. Дем алып жатат дем алганын сезбей...
– Эй, көзүңө кара, бала.
Кетип баратып бирөөнү уруп да алды. Жинди болгон немедей көчөдө басып жүрө берди. Ыйлай албай койду. Көкүрөгүнө бир чоң таш келип кептелип калгандай. Бакырып-өкүрүп колуна тийгендин баарын тыптыйпыл кылгысы келди. Анте да албады. Бул бүтүн дүйнөнү жагып, отуна кошо күйгүсү келди. Күйүп баратты...


Ххх


– Өзүңө кел. Канча күндөн бери ичип жатасың? Аяш апам да жинди болгону калды,- деди Данияр.
Туруп кебетесин карады. Бир жумадан бери укмуш болуп калган экен.
– Бул менминби?- деди ичинен таң кала.
– Апаң өлгөнү калды бир жумадан бери,- деди Данияр. Эсине апасы келди. Анан аялы, соңунда кызы.
– Жамиля...- деди Данияр.
– Айтпа, байке, мага атын да айтпа.
– Сага таштап кетти. Кааласаң оку, каалабасаң өрттө,- деди да, маңдайына таштап чыгып кетти...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
ziash85
2018-04-03 09:40:37
Жамиля туура чечим кабыл алды менимче.бирок байкуш кыйналат го
+12
rafo80
2018-04-03 09:50:03
ziash85,туура айтасын
+3
Aitun
2018-04-03 10:10:07
Жашоо ушундайда.
+5
Dilbaranurdinova
2018-04-03 10:28:42
Жамиля акылсыз бир карасан акылдуу
+6
Supsuluu
2018-04-03 10:56:29
Эшшек. Мендик бол деп уялбай жатып алганын. Ушунчалык акылдуу болсо мени менен калба, кызыңа бар демек. Жанды гана чыгарат да. Келбе эми ошол жактан. Дианага эле боорум ооруду.
+9
Nurik1988
2018-04-03 11:08:38
Supsuluu,Суйуу деп койот аны, Диана озу кунолу эптеп жармашып тийип алган
+11
Dina.janym
2018-04-03 12:35:05
Supsuluu, Муну деген сүйүү деп коёт, бул баш айланткан сезимди бир гана Сүйүүгө кабылган Жандар түшүнөт жа сезет...
Мен бир гана Жамиляга боорум ачыйт бул жерде, Диана болсо өзүнөн көрсүн... ((((
+7
Stshcksishd
2018-04-03 11:39:05
Суйуу ушундай козу кор кулагы кер болот экен даа
+6
stervella415
2018-04-03 17:05:44
Ырас кетти...керем менен эле кал жамиля
+2
sumaika
2018-04-03 18:59:20
Жамилянын боюнда болуп калбаса эле эми((
+3
nuriwka
2018-04-03 20:29:57
Админ аябай аз чыгарып жатасыздар!!!!!!!!!!! Кооп чыгаргылачы!!!!
+5
originalkgz96
2018-04-03 20:31:01
Журок оорулуу кылатко
0
Tynybek90
2018-04-03 21:01:57
Эми ал деле ыссык жанда бир кун болсо да бир болгусу келди
+2
Gulnyr19
2018-04-03 22:08:21
Дагы бир жума күтмөйбү? Айлык ала турган күндү күткөндөй күтөсүңго чиркин.
+4
Khanbolot98
2018-04-04 00:34:11
Ушул чыгарманы профессионал режисёрлор кино кылып тартса Три метра над уровнем неба деген кинодон да өткөн кызык кино болмок деп ойлойм
+1
Askerbaeva84
2018-04-04 00:40:06
Качан бутот бул сериял кишини эзип жиберди го аздан жазбай коп коптон эле жазгылачы сураныч
0
Djka
2018-04-04 15:39:35
Ary jok akmak dese ozumchul dep koiyot kaisy beti mn aityp jatat owo sozdu ozuchu ozumchuldon da jaman iiii olturup ele salchuu neme da dagy da bawyn wylkyiyp tuwup kalsa kana ui9ty jok akmaktar dese Jamil9n da ozumchul Kudai bilet jurgon jerinde da Jon jurboi chalyp daregin bilgizet boluw kerek al akmaktagy
0
naziman
2018-04-09 08:13:23
Жамийлянын боюнда болуп калбаса эле эми Алибектен
0
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан