Президент Сооронбай Жээнбеков 28-март күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Маалыматты президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева тастыктап, бирок жолугушууда эмне тууралуу сүйлөшүү болгонун ачыктаган жок. Стамалиева айткандай, Жээнбеков менен Атамбаев буга чейин деле маал-маалы менен жолугуп келишкен.
Алмазбек Атамбаев президенттиктен 2017-жылы 24-ноябрда кеткен. Андан бери президент менен экс-президенттин жолугушуусу тууралуу расмий маалымат берилген эмес. 6-мартта өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков айрым маселелер боюнча Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кеңешип турарын айткан эле.
31-мартта КСДП партиясынын кезектеги курултайы өтөрү, анда Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгына шайланары, ошону менен Атамбаевдин саясий турмушка кайра кайтары күтүлүүдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg