ӨМҮРБЕК БАБАНОВГО ДАГЫ БИР КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Бабановго «бийликти басып алууга даярдык көрүү» жана «массалык баш аламандык уюштуруу» беренелери боюнча кылмыш иши ачылган.
Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабанов жана
Канатбек Исаев, аны менен кошо кармалган 3 адам бийликти күч менен басып алууга даярданышкан. Аталган кылмыш иши боюнча Бабанов билдирүү таратып, кылмыш ишин «ойдон чыгарылган шек» деп атады.
«Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз! Дагы бир ирет кайталагым келет: бизде шайлоо атаандаштык менен өттү, анын негизинде жеңүүчү аныкталды. Демократия деген ушул – өлкөнү шайланган адам башкарат», - деп билдирүү таратты Бабанов.
Эске салсак, Өмүрбек Бабановго буга чейин «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан