ТҮШТҮК КОРЕЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР НООРУЗДУ ШАҢДУУ БЕЛГИЛЕШТИ

25-мартта Түштүк Кореянын Сеул шаарында ал өлкөдө билим алып жаткан Кыргыз студенттердин демилгеси менен Нооруз майрамы белгиленди. Иш-чараны уюштуруучулардын бири, студент Нурсултан Алтыбаевдин айтымында, быйылкы Нооруз майрамы өткөн жылдардагыдан көп жагынан айырмаланды. «Нооруз майрамын 2013-жылдан бери Түштүк Кореянын ар кайсы шаарларында белгилеп келебиз. Бул жылы Сеул шаарында өткөн майрамдык иш-чарабыз өзгөчөлүктөргө бай болду. Түштүк Кореяда биринчи жолу боз үй тигилди. Уюштуруучулар биринчи жолу элчилик тарабынан ыраазычылык кат алды. Башка улуттагы адамдар өтө көп катышты. Жалпы 350дөй адам келди. Оюн-зоокторго активдүү катышкан 2 адамга биринчи жолу Чежудо аралына жолдомо бердик. Буга чейинки иш-чараларыбызда боз үйдүн жоктугу абдан билинчү. Быйыл элчи Кылычбек Султан бул тилегибизди ишке ашырды. Боз үйдү өз каражатына Кыргыз өлкөсүнөн алдырып, Кыргыз диаспорасына тапшырды»,- дейт Алтыбаев.
Ошондой эле элчи Кылычбек Султандын иш-чараны демилге башталгандан тартып аягына чейин колдогонуна ыраазычылык билдирди. Эске салсак, учурда Түштүк Кореяда 6 миңге жакын Кыргыз жараны окуп, иштеп жүрөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан