Эл депутаттарды унаасын көрүп таанышы үчүн KG сериясындагы унаа номурларын кайтаруу керек. Бул сунушту Жогорку Кеңеште «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты. Анын оюнча, KG номурду эл өкүлү каалаган автоунаасына тагып алса болот. «Жолдо бара жатканда Жогорку Кеңештин депутаттарына эч кандай тоскоолдуктар болбошу зарыл. Эл шайланган депутаты келгенин билбей калууда. KG номурун кайтаруу керек»,- дейт Икрамов. Икрамовдун бул пикирине депутат Дастан Бекешев каршы чыкты. «Менде номурга байланыштуу көйгөйлөр болгон эмес. Эл депутатты KG номурдан эмес, кылган ишинен таанышы керек»,- деди Бекешев.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтык унаадан жана KG сериясындагы номурдан 2015-жылы баш тартышкан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg