ӨКМӨТ ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ ҮЧҮН БЮДЖЕТТЕН КОШУМЧА 10 МИЛЛИОН СОМ БӨЛӨТ

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү үчүн бюджеттен кошумча 10 миллион сом бөлүнөт. Өкмөттүн бул сунушун Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети колдоду. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, аталган каражатты кайсы булак аркылуу алышары аныкталган жана аны сарамжалдуу иштетүү көзөмөлгө алынат.
Алгач аталган 10 миллион сом Чолпон-Ата шаарындагы 2 жыл мурун 1,6 миллиард сомго жаңыланган ипподромду оңдоп-түзөөгө жумшаларын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канатбек Аманкулов билдирген. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы да ушундай эле маалымат тараткан. Бул маалымат интернет коомчулугунда кескин сындарга кабылды. «Миллиарддаган сомго салынган ипподром эки жылдан кийин эле оңдоп-түзөөгө муктажбы?» деген суроолор жааган. Мындай сындардан кийин Жогорку Кеңеш «аталган каражат ипподромду оңдоого эмес, көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүгө жумшалат экен» деп маалыматына түзөтүү киргизди. Буга чейин өкмөт III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бюджеттен 307 миллион сомдун тегерегинде каражат жумшаларын билдирген.
Жакында Мамлекеттик сатып алуулар порталына III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билет даярдоо үчүн 2 миллион 93 миң сомго тендер жарыяланды. Бул каражатка 23 миң билет жасатылмакчы.
Аталган иш-чара быйыл 2-8-сентябрь күндөрү өтөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан