ТАМЕКИ ЖЫЛЫНА 6 МИҢ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛУУДА

Өлкөдө жыл сайын 6 миңдей адам тамеки чегүүдөн улам келип чыгуучу ар кандай оорулардын айынан көз жумат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү билдирип чыкты. Маалыматка караганда, акыркы мезгилдерде тамекиге караганда насвай чеккендердин саны көбөйгөн. «2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөө боюнча, акыркы 6 жылда 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында тамеки чеккендердин саны азайган. Бирок насвай чеккендердин саны эркектерде 2,5 эсе, аялдарда 3 эсе өскөн. Өспүрүмдөр учурда кальян чегүүнү адатка айлантып алышты. Алар 13-15 жашынан баштап эле кальяндын даамын татып жатышат»,- деп билдиришти уюмдун өкүлдөрү.
Эске салсак, 2018-жылы өлкөдө эң арзан тамекинин бир кутусу 50 сомго бааланып, жыл сайын бул баага 10 сомдон кошулуп турмакчы.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан