БИР БҮРКҮМ. КАНАТБЕК ИСАЕВДИН ИШИ ТЕРГЕЛИП БҮТТҮ...
Кыргыз өлкөсүнүн 1782 жараны ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ТҮРМӨСҮНДӨ жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда.
Өлкөбүздүн 1860 калктуу конушунун 430унда ТАЗА СУУ көйгөйү бар. Таза сууга муктаж аймактар негизинен Ош, Нарын жана Баткен облустарында жайгашкан.
Жогорку Кеңештин депутаты КАНАТБЕК ИСАЕВГЕ каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери аягына чыкты. Тараптар материалдар менен таанышып чыкканга чейин, тагыраагы, 30-апрелге чейин Исаев УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Бул ага каршы козголгон экинчи кылмыш иши. Исаевди буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту «коррупция» беренеси боюнча айыптуу деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан.
Жогорку окуу жайларга 2018-2019-окуу жылы үчүн 5705 ГРАНТТЫК ОРУН берүү пландалууда.
2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө 1 миллион 375 ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК жаран эс алууга келген. Бул көрсөткүч 2016-жылкыга салыштырмалуу 8 пайызга көп.
Март айына карата ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДА 14,5 миллиард метр куб суу бар. 2017-жылдын декабрь айында аталган көрсөткүч 17, 8 миллиард метр куб болгон. Маалыматты «Электр станциялары» ишканасынан билдиришти.
Өлкөнүн ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ жыл сайын 35-38 миңдей кадр даярдап чыгарса, алардын 8 миңи жумушсуздардын катарына кошулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Азия өнүктүрүү банкы ҮЧ-КОРГОН ГЭСин калыбына келтирүү үчүн 100 миллион доллар бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган банктын вице-президенти Чжан Вэньцай билдирди.
Былтыр Бишкекте жаңы төрөгөн БАЛАСЫН ДААРАТКАНАГА ЫРГЫТЫП салган эне 2 жылга эркинен ажыратылды.
2017-жылы 1394 кыргыз жараны ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРГӨ ҮЙЛӨНГӨН. Аталган маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан таратышты.
Учурда өлкөдө 298 миң бала ЖӨЛӨКПУЛ алууда. Аталган маалыматты эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.