Эстрада ырчысы Нияз Абдыразаков буга чейинки маектеринде бойдок экенин айтып келген. Эми ырчы 22 жашында үйлөнүп, 1 жылдан соң жубайы менен жылдызы келишпей ажырашканын ачыктады.
– Кандайсың, Нияз? Жеке жашооңдогу сырларды ачыктагың келип калыптыр?..
– Рахмат, баары жакшы. Элдин баары кызыккан жеке жашоом тууралуу бир чындыкты айтууга убакыт келди деп ойлойм. Мен 22 жашымда чоң сүйүүгө кабылып, Адеми деген кызга үйлөнгөм. Ортобузда 5 жаштагы Дияра аттуу кызыбыз бар. Экөөбүз 1 жылдан ашык чогуу жашап, кызыбыз төрөлгөндөн кийин ажырашып кеттик. Жаштык кылдыкпы же жылдызыбыз келишпей калдыбы, айтор, жашай албадык. Ортодо уруш-талаш деле болгон жок. Сырттан бирөөлөр деле бузган жок.
– Чоң сүйүүгө кабылып үйлөнгөн соң жарашууга аракет кылдыңбы?
– Жарашуу тууралуу көп ойлондум. Ата-энем да «жарашып алгыла» деп айтып жатышты. Бирок алдына барып «жарашалы» деп айткан жокмун. Ал сөз ичимде эле калып калды.
– Кызың менен жолугушуп, каралашып турасыңбы?
– Кызым тайларынын колунда тарбияланып жатат. Алардын тарбиясын алып жатканына кубанам, анткени жакшы адамдар. Кызым экөөбүз бири-бирибизди бат эле сагынышып кетебиз. Тез-тезден жолугуп турабыз. Колумдан келишинче жардамдашканга аракет кылам. Менден алыс болуп, менин тарбиям жетишсиз болуп калбасын дейм.