АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА ЫРЫН ПЛАГИАТ ДЕГЕНДЕРГЕ НААРАЗЫ

Жакында эле ырчылар Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабеков «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу дуэт жаздырып ырдап чыгышкан. Учурда эл жакшы кабыл алып жаткан бул чыгарманы айрым ММКлар «бул ыр плагиат» деп жазып чыкканы Алтынай Нарбаеванын намысына тийиптир. Ырчы бул тууралуу:
– Мен ушунча жылдан бери атымды көчөдөн топтоп алган жокмун. Маңдай терим менен тапкан атымдын кайсы бир адамдардын сөзү менен жерге чабылып калышын каалабайм. Плагиат деп айтылып жаткан ыр казак элинин ырчысы Роза Алкожа ырдап жүргөн ыр. Сөзү Жадыра Байбуланованыкы. Былтыр өзү мени концертине чакырып, конок болуп келгем. Ошол жолугушууда ал «кайсы ырымды алып ырдасаңыз ырдай бериңиз, сиздей кыргыз элинин ырчылары ырдаса мен кубанам» деген. Анын уруксаты менен быйыл Мирбек Атабеков экөөбүз «Мен сени сүйөм, өмүр» ырын аткарып чыктык. Быйыл 50 жашка чыктым, мага бул чыгарма Мирбектин чоң белеги болду. Аранжировка, үн жаздыруу, клиптин бардык каржылоосун Мирбек өзү көтөрдү. Эки элдин ортосунда ыр эмес, көп нерсе тең орток болуп келе жатат. Биз автордун уруксаты менен ырдап чыктык. Плагиат деп сөз тараткандар бизден кечирим сурабаса, өз укугумду коргогонго мажбур болом»,- деп билдирди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
hanisa
2018-04-03 10:04:22
Ан эмне деш керек??плагиаткко,Мирбек озу ырдаса жакшы болмок эжебиз ырдаганы жаккан жок .бул эжекебиздин ырларын такыр укпайм Плагиат болгон учун кандай чыкты деп угуп коргом
-18
ksb
2018-04-03 10:35:30
hanisa,сени ук деп эч ким кыйнаган жок,сен укпасан эле жамандап бир нерсе жазыш керекпи? Мыкты ырчы айым,Мирбек экоонун дуэти мыкты болгон.Плагиат деп автордун уруксааты жок,башка бироо ырдап чыккан ырды айтат
+21
Nanei
2018-04-03 10:52:02
Плагиат,плагиат,плагиат
-14
Aikan1966
2018-04-03 15:44:56
кайдан угам бул ырды
0
Sanirabiga11
2018-04-03 17:38:49
Ыр сонун чыккан)
+3
Shahrizaada
2018-04-03 23:04:46
Уруксат берген деп атса деле плагиат дейсинерда. Тушунук олуп калганго кебирлерде
+11
aizira
2018-04-03 23:14:06
ушул эжекенин уну жакпаса анда сен музыкадан айланбай эле кой да.
+12
s.sweet
2018-04-04 12:33:05
aizira,туура айтасын созуно кошулам
+4
aqua-94mema
2018-04-05 10:36:24
Аябай соонун ырдайт. Атамын машинасында сиздин ырларыныз бар . Анан мен "Айшенемин ырларынан коюн"деп коем тамашалап .
+2
cholpon119966
2018-04-05 11:16:10
Алтынай эже, капаланбаныз сиз абдан таланттуусуз мыкты ырчысыз унунузго береке. Мен сизди аябай сыйлайм Жана баалайм ошондой эле мекенибиздин булун бурчунда мен сыяктуу куйормандарыныз коп экенине ишенем. Дует сонун чыккан, Мирбек да эн таланттуу ырчы.
+2
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан