Тамашоучу, «No name» командасынын оюнчусу Кадыр Жарматов кыргыз-өзбек кино жаратуучулары биргелешип тартып жаткан «Атасынын баласы» деген комедияда роль аткарды. Бул тууралуу Кадыр:
– Аталган тасманы Ошто көп жыл жашап кеткен Ислам Мансуров аттуу жигит тартып жатат. Ислам 12 жылдан бери Ташкентте жашап, белгилүү өзбек кинолорун тарткан «Uzteam» кино тартуучу студиясында режиссёр болуп иштейт. Тасманын мазмуну кыргыз-өзбек достугун бекемдеп, ынтымакка чакырган, тарбиялык мааниси терең сценарийден турат. Ислам өзү мага кайрылып, «сиз шаардын бардык бурчун билесиз, тартуу иштерине жардам бериңиз» дегенинен учурда жардам берип жатам. Тартуу иштерине да көмөктөшүп, тасмага өзүм да тартылдым. Жакында эле Ташкенттен тартып келип, учурда тартуу иштери Ош шаарында уланууда. Буюрса, тасма май айында сатыкка чыгат,- дейт.