– Дайыр, эл туш болгон көйгөйдөн улам сурагым келип турат. Бишкекте коомдук унаалардын айдоочулары иш таштап, эл барчу жерине учурунда жете албай кыйналышты. Сенде мындай маселе болгон жок да, коомдук унаага түшө элегиңе канча болду?
– Cтудент кезде Орусияга мигрант болуп барып, пол жуугуч да болуп иштедим. Бир аз акча чогултуп, ага Кытайдан кийим алып келип саткам. Ал ишимди бир жолго салып алып, киреше түшө баштаганда машина сатып алгам. Ошондон бери коомдук унааларга түшө элекмин, эсептеп көрсөм 10 жыл болуптур.
– Жаңы эле гастролдон келипсиң, кайсы аймактын элине шаң тартууладың?
– «Үч жылдыздан бир концерт» деген долбоор менен 2-марттан тарта түштүк жергесин кыдырып келдик. Мен, Гүлжайна Атаканова, Аваз Акимов үчөөбүз толук бир ай гастролдодук. Негизи концертибиз 1-мартта башталып, ошол күнү Аваз экөөбүз Бишкектен Баткенге учмакпыз. 1-мартта, өзүңөр билгендей, учагыбыз жолдон күйүп, Баткенге жетпей, кайра Бишкекке кондук. Ошентип биринчи концертибиз болбой калды. Бирок муну жакшылыкка жоруп, концертибизде эл батпай, зал жарылат экен деп койдук. Биз ойлогондой эле ар бир концертибиз укмуштуудай шаң менен өттү.
Концерттин өзгөчөлүгү, өзүмдү куудул катары да сынап көрдүм. Сатира жазып, анын үстүнөн көптөн бери иштеп келгем. Сахнада Аваз экөөбүз ойнодук. Концерттен кийин көрөрмандардан «силердин куудулдук да өнөрүңөр бар турбайбы, азаматтар» деген жакшы пикирлерди уктук.
– Жакында бир жакка эс алганы барам деп жаттың эле, кайсы өлкөгө сапар тартканы турасың?
– Өткөн жылы катуу депрессияга кабылдым. Ошондо өзүмө келүү үчүн Таиландга, Египетке бардым. Ошол сапарымды токтотпоюн деп тапкан акчамдын канча бир бөлүгүн чет өлкөлөргө саякаттоого бөлүп коюп жатам. Көр оокат менен алышып жүрсөк, өмүрүбүз узундай сезилет тура. Көп иш аткарууга убакыт, акча жетишсиз боло берип, өмүр өтүп кетчүдөй. Каражатым кайсы өлкөдө эс алууга жетсе, ошол жакка барам, азыр издештирип жатам.
– Жалгыз барып эс алуу кызыксыз эмеспи же мунун жакшы жактары бар бекен?
– Жалгыз чет өлкөгө чыкмак түгүл, көчөгө да чыккым келбейт. Чет өлкөлөргө эс алууга чыгармачылыктан сырткаркы досторум менен барам. Бири дарыгер болсо, экинчиси банкта иштейт дегендей. Мурдагы саякатымда да ошолордун демилгеси менен кеткем. Алар «кой, Дайырды алаксыталы» дешкен эле. Бул жолу да менин гастролумду бүтсүн деп күтүштү.
– Жакшы эс алып келгиле. Негизи колунан баары келген адамдай көрүнөсүң, ырчы болбосоң ким болушуң мүмкүн эле?
– Мен жаңы бир нерсе менен алектенүүнү чечсем эч нерседен коркпойм. Кичине аракет кылып баштаганда эле бир аз болсо да мөмөсүн берип баштайт. Турмуштун агымына жараша, заман талап кылган кесипти аркалап кете бермекмин.
– Депрессияга туш болдум дедиң, бул ажырашуудан келип чыктыбы?
– Жыл айланбай ажырашты» деген сөз адамга катуу тийип, кимди болбосун депрессияга түшүрөт экен. Кандай сонун максаттар, тилектер менен баш кошконбуз, ошонун баары көз алдымда күйүп, күл болуп калды. Анан кантип депрессияга кабылбайм? Бирок азыр келинчегим экөөбүздүн мамилебиз ошол кездегиге караганда бир кыйла жакшырды. Балабыз үчүн сүйлөшүп жатабыз. Аталык милдетимди күндө аткарбасам да, колумдан келишинче жардам берип жатам. Балама мындай тагдырды каалабайт элем. Анткени мен дагы атасыз өскөм. Айла жок, маңдайга жазса эмне кылабыз?
– Уулуң сенин эле көчүрмөң экенин сүрөттөрдөн байкадык...
– Мага караганда апама окшош го дейм. Бирок көпчүлүк апам экөөбүздү аябай окшоштурушат. Бала башкача бакыт тура. Анын кандай чоңоюп жатканын көрүп, жанында жүрсөм башкача болмок. Анын менден бөлөк өсүп жатканы мага арман.
Айрымдар кээде «качан үйлөнөсүң?» деген суроону берип таң калтырышат. Бир жараатың айыкпай жатып, кайра жаңы жашоо баштоо оор да. Убакыт-сааты келгенде үйлөнөт чыгармын.
– Мамилеңер бир кыйла оңолуптур, өзүңө окшош балаң чоңоюп келе жатат, жарашып албайсыңарбы?
– Эми мүнөзүбүз келишпесе, жарашуунун деле кажети жок го дейм. Жарашкан күндө деле бүгүн болбосо эртең же бир айдан кийин кайра эки айрылыш жол күтүшү мүмкүн. Келинчегиме чаң тийгизгим келбейт. Анткени аны турган турпаты, ушул мүнөзү менен жактырып, үйлөнгөм. Көпчүлүк учурда менин мүнөзүм оор болуп калды окшойт. Ошондон улам бири-бирибизди түшүнүш кыйын болуп калды.
– Рахмат маегиңе. Бактылуу бол.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg