"Атаңар ар дайым депутат же чиновник болбойт деп балдарыма көп айтам" дейт парламент депутаты Таабалды Тиллаев. Ал уул-кыздарын коомдон, карапайым калктан ажырап калбашы үчүн ыймандуу жана жөнөкөй болууга үндөп келерин билдирди. Бул саныбызда саясатка аралашканына 3 гана жыл болгонуна карабай калкыбызга тааныла алган эл өкүлү Таабалды Тиллаевдин жеке жашоосу жана саясий ишмердүүлүгү тууралуу баян курабыз.
Каарман тууралуу
Туулган жылы, күнү – 1976-жыл, 7-май
Туулган жери – Баткен облусу, Лейлек району, Чимген айылы
Адистиги – Бухгалтердик эсеп жана аудит
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы
Ишмердүүлүгү – 1995-2012-жылдары мамлекеттик мекемелерде аудитор болуп иштеген. 2012-2013-жылдары «КыргызНефтьПром» ишканасынын аткаруучу директору, ал эми 2013-2014-жылдары «ГлавнефтеГаз» мекемесинин башкы директору болуп эмгектенген. 2015-жылдан бери «Республика-Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
– Саламатсызбы, Таабалды Гапырович? Бала кезиңиз Баткендин Лейлек районунда өтүптүр. Балалыгыңызды эстегенде кандай элестер көз алдыңызга тартылат?
– Мен 1976-жылы борборубуздан эң алыс жайгашкан Лейлек районунда туулгам. Балалык дегенде эле козу баккан, тоого чыккан, чөп чапкан, эгин эккен, суу кечкен күндөрүм көз алдыма тартылат. Окуучулук күндөрүм эске түшөт. Мектепте жакшы баага окугандыгымдан аяктап жатып Мактоо кагазын алган элем. Жаш кезимден эле дарыгер болууну кыялданчумун. Бирок медициналык академияга тапшырайын десем документтеримди кабыл албай коюшкан. Балким, жаштык кылдым же жалгыз келгеним себеп болду окшойт. Кийинчерээк экономика тармагында окуп калдым.
– Ата-энеңиз кандай адамдар? Алардын кандай сапаттары сизде бар?
– Атам 82, апам болсо 73 жашка чыкты. Өтө жөнөкөй адамдар. Атам колхоздо катардагы жумушчу болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыкты. Апам үй кожойкеси. Ата-энемден, эң негизгиси, сабырдуулукту үйрөндүм. Алардын мүнөздөрү окшош, жоош, токтоо. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжесимин. Негизинен, апам 10 бала төрөгөн. Бирок жетөөсү туулгандан кийин эле чарчап калыптыр. Апам 9 ай бою төшөктө жатып, мени кыйналып төрөгөн экен. Дарыгерлер апамды "төрөй албайт, өзү да, бала да каза болот" деп карабай коюшуптур. Ошондо атамдын тажикстандык достору апамды кошуна республиканын төрөтканасына алып барып, аман-эсен төрөтүп алышыптыр. Чоң апам сүйүнгөнүнөн «ушул баланы кыйналып таап алдык, атын Таабалды коёлу» деп сунуштаган экен. Атым ошондон улам Таабалды. Мен чоңойгончо апам катуу ооруп, кыйналып жүрдү. Ошол кездерде апамдын көңүлүн көтөрүү үчүн «Апа, көп жашаңызчы. Мен сизди багам. Машина алып берем» деп көп айтчу экенмин. Буюрса, азыр ден соолугу жакшы. Кээде «балам, сени төрөп, мен айыгып кеттим» деп ыраазы болуп калат.
– Адамдын эң негизги максат, милдетинин бири – өз балдарына мыкты тарбия берүү деп айтылат. Үй-бүлөдө кандай атасыз? Балдарды тарбиялоодо эмнеге көп көңүл бурасыз?
– 1 кыз, 4 уулум бар. Чынында мурда аларга көп убакыт бөлчү элем. Бирок саясатка аралашкандан бери балдарыма аз убакыт бөлүп калдым. Алар кээде таарынышат. Жаш да, ойногулары келет. Бирге болууну каалашат. Менин да аларга жүрөгүм ооруйт. Саясаттагы киши балдарга толук көңүл бура албай калат экен. Аларды дайым жөнөкөй, сабырдуу жана ыймандуу болууга чакырам. «Атаңар ар дайым депутат же чиновник болбойт» деп айтып келем. Элге аралаштырганга аракет кылам. Айылга, тууган-урукка көп алып барып турам.
– Саясатчынын жубайы болуу кыйын дешет. Өмүрлүк жарыңыз саясатка аралашканыңызга нааразы эмеспи?
– Жубайым дагы жөнөкөй эле үй-бүлөдөн. Саясатка аралаша электе эле мага турмушка чыккан. Бирок саясатка кадам таштаганымды туура кабыл алды. Себеби максаттарыбыз бар болчу. Бул чөйрөдөн жакшы да, жаман да күндөрдү башыбыздан көп өткөрдүк. Жубайым мага чыдап келе жатат.
– 2005-жылы бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча университетти аяктаган экенсиз. 24 жашыңызда окуу жайга тапшырыпсыз. Университетке кеч тапшырууңуздун себеби эмнеде?
– Алгач 1995-жылы Кыргыз улуттук университетине тапшыргам. Ал кезде шогураак болчумун. 3-курсту аяктап жатканда окутуучум менен чырдашып кеткеним үчүн окуудан чыгарып салышкан. Андан кийин бизнес чөйрөсүндө жүрүп калдым. 2000-жылы гана кайрадан жогорку окуу жайга тапшыргам.
– 2015-жылкы парламенттик шайлоого чейин бир нече мекемеде катардагы адис катары, кийинчерээк жетекчилик кызматтарда иштептирсиз. Кайсы чечимиңизден, кандай кадамыңыздан кийин өзүңүздү саясатчы катары эсептей баштадыңыз?
– Буга чейин 7 жыл Каржы министрлигинин аудит бөлүмүндө иштеп келдим. Ошондо мамлекеттик бюджет эмне экенин, мамлекеттик кызмат эмне экенин түшүнгөм. Бизнес менен да алектендим. Колдон келишинче тааныштарыма, колунда жок үй-бүлөлөргө жардам берип, аз да болсо коомго пайда алып келүүгө аракет жасадым. Ушул активдүү аракеттеримден улам 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Республика-Ата Журт» партиясынан «элге көп иштерди жасаптырсыз, бизге кошулуңуз» деген сунуш түштү. Ошентип саясатка 2015-жылы толук аралаштым.
– Парламентти кандай элестетчү элеңиз? Келгенден кийин сизге эмнеси жаңылык болду?
– Чынын айтсам, башкача элестетчүмүн. Бирок ушул жумушту тандап келген соң кадимкидей эле аралашып, көнүп кеттим. Мурда бул жерде таанымал, күчтүү саясатчылар жүргөндүктөн азыр андай деңгээлге жетпей жаткан болушу мүмкүн. Менимче, сырткы жашоо менен Жогорку Кеңештин ичиндеги жашоо бирдей эле.
– Жеке инсан катары каршы болсоңуз да, фракцияңыздын, командаңыздын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарга «макул» деп добуш берген учурлар болду беле?
– Дайым позициям боюнча гана добуш берем. Кээде өзүбүздүн командага, жадакалса лидерибиз Бабанов демилгелеген мыйзамдарга да каршы чыккан учурлар болгон.
– Өмүрбек Бабановду жакшы тааныган адам катары айтсаңыз, Бабанов президенттик шайлоодо эмнеден жаңылды? Депутаттык мандатын тапшырып, сыртта жүргөнүнө кандай пикирдесиз? Саясатка кайтып келет деп ойлойсузбу?
– Анын саясатка кайтышын же кайтпашын убакыт көрсөтөт. Бирок бизге «башка саясатка кайтып барбайм» деп айтты. Аны менен видеочалуу аркылуу сүйлөшкөнбүз. Ал бардык партиялаштарга «сиздердин жолуңуздар ачык, мен силерге ыраазымын. Силер да мага ыраазы болуңуздар. Эми саясатка аралашпайм» деп айтты. Ал киши сөзүнө турса керек. Менимче, жаш болгону үчүн, туура эмес команда чогулткандыгы үчүн жеңилип калды окшойт.
– Буга чейин аудитор болуп иштедиңиз. Учурда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы болуп турасыз. Айтсаңыз, өлкө бюджетин эң натыйжасыз коротуп жаткан тармак кайсы? Ага эмне себеп болууда?
– Биздин бюджет социалдык багытка көп жумшалат. Акчанын баары айлык төлөөгө эле кетип жатат. Өнүктүрүүгө каралбайт. Президент коррупция боюнча туура маселе көтөрдү. Ошол күч түзүмдөрү ар кимге «крыша» болом деп бюджетке зыян алып келүүдө. Бажы, салык кызматынын жетекчилеринин 10 жылдан берки киреше-чыгашаларын иликтеп чыгуу керек. Айрым мамлекеттик кызматкерлер бар, канча жылдан бери аз айлык алса да үйлөрү кабат-кабат, айдаганы акыркы үлгүдөгү унаа. Мындай байлыкты кайдан топтоду алар? Азыр биз да Коопсуздук Кеңешинин алгачкы натыйжалары качан чыгарын күтүп жатабыз. Бюджеттин 80 пайызы эптеп жашап турууга, 20 пайызы гана өнүгүүгө сарпталууда.
– Учурда мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард доллардан ашты. Карыздын көлөмү ички дүң продукциянын (ИДП) 60 пайызынан ашпашы керек. Бүгүн канча пайыздык чекке жетти?
– Учурда тышкы карызыбыз ички дүң продукциянын (ИДП) 56 пайызын түзүп жатат. 2020-жылы 35 миллиард сом төлөшүбүз керек. Албетте, карыз жаман. Бирок экономикабызда дагы 10 пайыздык өсүү бар. Карызды кандай пайдаланып жатканыбыз да өзүнчө чоң маселе. Мисалы, Бишкек ЖЭБине карызга алынган 386 миллион доллар сарпталды дешкен. Бирок депутаттык комиссия да, өкмөттүк комиссия да анча жумшалган эместигин айтууда. Ушул сыяктуу эле түндүк-түштүк альтернативдүү жолун, Датка подстанциясын курууга алынган карыздардын да иштетилүүсүндө бир топ суроолор бар.
– Маегиңиз үчүн рахмат! Эл өкүлү катары каражаттардын натыйжалуу иштетилишин тыкыр көзөмөлдөйсүздөр деген ниеттебиз.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg