Мирлан Мурзаев: «ФУТБОЛ ҮЧҮН САБАКТАН КАЧКАНГА ТУУРА КЕЛЧҮ»

27-март. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Кыргызстан-Индия футболдук беттеши. Бул арада «Ак шумкардын» коргоочусу чабуулга аралашып, сол капталдан пас чыгарып берди. Муну 10-номурду кийген чабуулчу дарбазага таамай сокку жаратты. Гоо-оол! Стадиондун диктору менен кошо күйөрмандар Мирлан Мурзаев деп сүрөөнгө алып жатышты...


Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 29-март
Туулган жери – Баткен облусу, Сүлүктү шаары
Бою – 183 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Амплуасы – Жарым коргоочу

Жетишкендиктери:
Өлкө чемпиону:
2007, 2008, 2009, 2012, 2014-жылдар
Өлкө Кубогунун ээси: 2008, 2012, 2014
АФК чакырык кубогунун мыкты оюнчусу: 2009

Ойногон клубдары:
2004-жыл
– «Абдыш-Ата» (Кант)
2006-жыл – «Мурас-Спорт» (Бишкек)
2007-2010-жыл, 12-13-14-15-жыл – «Дордой» (Бишкек)
2010-жыл – «Локомотив» (Москва)
2011-жыл – «Хапоэль» (Петах-Тиква, Израиль)
2014-жыл – «Денизлиспор» (Түркия)
2015-2016-жыл – «Афжет Афьонспор» (Түркия)
2016-2017-жыл – «Ушакспор» (Түркия)
2018-жыл – «Серик Беледиеспор» (Түркия)

– Сокку жасадың, бир нече көз ирмемден кийин гол. Болгондо да улуттук курама команда үчүн жана жеңиш алып келген гол. Индия менен болгон оюндагы жеңишти ким менен биринчи бөлүштүң, ким биринчи куттуктады?
– Чынында оюнга күйөрмандарымды уят кылбасам экен деп чыккам. Болгон аракетимди жумшадым. «Мыкты оюнчу» аталам деп ойлогон эмесмин. Ким жакшы ойноду, ким жаман, ким гол киргизди маанилүү эмес болчу. Негизгиси оюнду утуп алыш керек эле. Уттук! Оюндан кийин дос балдар интернет аркылуу жазып куттукташты, үйдөгүлөр чалышты. Буюрса, Азия Кубогунда да Кыргызстандын желегин татыктуу көтөрөбүз деп ишенем.

– Эми башынан баштайлы. Эмнеге башка спорт эмес, футбол?
– Мен Сүлүктү шаарында төрөлгөм, бирок кийин үй-бүлөбүз менен Кара-Балтага көчүп келип, балалыгым ушул шаарда өттү. Балдар менен ойноп жүрүп эле футболго кызыгып кеттим. 1-2-класстан бери ойнойм. Бир жолу ойноп жүрсөм машыктыруучу көрүп калып, «футбол ойнойсуңбу, сага форма берем» дегенинен кызыгып анын командасына кошулгам. Машыгуу оюндары саат 2де болчу да, мектепте түштөн кийинки сменада окуп калганда айла жок футбол үчүн сабактан качканга туура келчү. Эртең менен окуп баштагандан тарта баарына жетишип калдым, мектепти жакшы окуп бүтүрдүм. Мектепте окуп жүргөндө футболду профессионалдык деңгээлде ойнойм деп ойлочу эмесмин, болгону каалоом күч болду.

– Футболдук карьераң качан жана кайсы клубда башталды?
– Биринчи профессионалдык футболдук карьерамды канттык «Абдыш-Ата» клубунан баштагам. 8-класста окуп жүргөндө бир жылдай спорт мектебинде окудум. Анан революция болуп кетип ал мектеп жабылып, Кара-Балтага келе бергем. Көп өтпөй Аскар Мааткабылович келип ата-энем менен сүйлөшүп, келишим түзүп өз командасына алган. Ошентип 2007-жылдан баштап Бишкекте «Дордойдо» ойноп калдым.

– Улуттук курамага кошулуу оңойго турбаса керек, канча жашыңда чакыруу алдың?
– 2016-жылы «Дордойдо» ойноп жүргөндө машыктыруучу Анарбек Ормонбековдон улуттук курамага кошулууга чакыруу алгам. Ага чейин Антон Землянухин болуп жаштар курамасында ойночубуз. Антон экөөбүз классташпыз, бири-бирибиздин ата-энелерибизди «ата, апа» деп кичинебизден чогуу чоңойдук, футболдо да бирге болдук, ал «Абдыш-Атада», мен «Дордойдо».

– Бир убакытта улуттук курам үчүн гол киргизе албай жүрдүң окшойт...
– Ар бир футболчу гол киргизүү үчүн дайыма аракет кылат. Кээде болот, кээде болбойт дегендей. Кээ бир адамдар бир оюн менен эле «а, бул ойной албайт экен» деп туура эмес чечим чыгарып коёт. Андай эмес. Футболду өзүңдүн атың үчүн эмес, жалпы команда үчүн ойнойсуң. Бири коргонууда туруп өз дарбазасын голдон сактайт, бири каршылашка гол киргизе тургандай кылып командалашына пас берет. Футбол – командалык оюн. Негизгиси фамилия эмес, команданын жеңиши.

– Карьераңдагы кайсы оюн өзгөчө эсиңде калган?
– Былтыр Бишкекте өткөн Кыргызстан-Казакстан беттешинде 2:0 эсебинде жеңишке жеткенбиз. Ошол оюнда 25-30 метр аралыктан сонун гол киргизгем. Кудай буюрса, ал гол менин тарыхымда калат.

– Кыргыз футболунун тарыхында из калтырдыңар. Команда мүчөлөрү Азия Кубогуна чыгарыңарга ишендиңер беле? Кайсы команда менен болгон оюн оор болду?
– Ишенич, үмүт ар дайым болот. Машыгуу сайын балдар бири-бирибизге дем берип, «балдар, чыгалы. Мыкты оюн көрсөтөлү, тарыхка жазылалы» деп сүйлөшчүбүз. Бизге бардык оюн, жеңиш оңой берилген жок, ар бир оюнга өзгөчө даярдандык. Ар бир оюн оор, ар бир оюн эсте калды. Азыркыга чейин Азия Кубогуна чыкканыбызга ишенбей кетем. Маанай дагы деле «5». Күйөрмандар келип бизди ушунчалык колдоп бергенине чоң рахмат. Кыргызстан үчүн чоң майрам болду.

– Чет элдик кайсы клубга, кайсы футболчуга күйөрмандык кыласың?
– «Реал Мадрид» клубунун оюндарын калтырбай көрөм. Ал эми оюнчулардан Криштиану Роналду, Серхио Рамостун күйөрманымын.

– Түркиянын "Серик Беледиеспор" клубунда ойноп келесиң, ал жактын чемпиондугундагы өзгөчөлүктөргө токтоло кетсең?
– Түрктөр кичинесинен чоңуна чейин футболду абдан жакшы көрүшөт. Башка спорт түрлөрүнө караганда футболду биринчи орунга коёт десем болот. Ошого жараша олуттуу мамиле кыла билишет.

– Спортто жүрүп эмне таптың, эмне жоготтуң?
– Спорттон эч нерсе жоготкон жокмун, тескерисинче, жер кыдырдым, канча өлкө кыдырсам ошого жараша чет элдик досторумдун да саны көбөйдү. Спорт мага жакшы гана нерселерди берип келет.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең?
– Кызым Раяна менин биринчи күйөрманым, жубайым Елена экөө менин бардык оюнумду интернеттен калтырбай көрүп турушат.

– Маегиңе рахмат! Алдыдагы оюндарда ийгилик!

"Кызым Раяна менин биринчи күйөрманым".


Асыл Орозбекова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Tyty1990
2018-04-10 09:15:05
Азаматсынар кыргыз футболу өнүгө берсин
+4
kakukani
2018-04-10 10:26:07
Молодец ийгилик
+3
love.me.again
2018-04-10 13:54:59
Келин бала оруспу не
+3
Pandora
2018-04-10 19:25:45
love.me.again,Озу деле оруска окшош экен
+3
tursunbaev78
2018-04-12 00:57:26
Pandora,точна уругунда татар же орус бар окшойт
+4
omu
2018-04-12 17:35:03
tursunbaev78,Сүлүктүдө татарлар бар
-1
S.A.J.R
2018-04-10 16:26:34
молодец ийгилик
+4
Jeki95
2018-04-11 20:14:24
Ушундай фудболчуларыбыз турганда азия чемпионун дагы утабыз.
+4
belka
2018-04-12 11:13:37
Азаматсың дүйнөлүк чемпион бол ылайым! Еыргыз жигити деп биз сыймыктаналы,балдарыбыз сени көрүп шыктанышсын!
+4
Mydearzh
2018-04-14 13:08:41
Акыркы суротундо Мессиге окшошуп калыптыр.
+1
Nadyrbek98
2018-04-15 02:01:07
Сулуктунон болот турбайбы а мен болсо билбейт болчумун
+1
Suluu4a
2018-04-15 13:02:39
Биз чоогу окуганбыз. Постоянно сабактан акыркы сабактан сурана берчуу..футболго барам деп. Эжебиз олло урушчу эле "футболду не кыласын,ал сага не берет...эн бесполезный нерсе..сабак окуу "деп. Ошол Эже азыр эмне деп ойлоп жатат экен? Ийгилик сага Мирлан!
+1
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан