СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫН ӨЛТҮРГӨН ДЕП ЖИГИТИ КАРМАЛДЫ

24-мартта Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-2 жаңы конушунда киши колдуу болуп каза тапкан 25-30 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылган. Көп өтпөй анын ким экендиги аныкталып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген. Андан соң аны өлтүргөн деп шектелип 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин тургуну кармалды.


«МАРКУМ ӨТКӨН ЖЫЛДЫН ДЕКАБРЬ АЙЫНДА ӨЛТҮРҮЛГӨН»
Бул кылмыш тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 24-март күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-2 жаңы конушундагы жер тилкелеринин биринен белгисиз аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган ыкчам иликтөө тобу ал жерден буту байланып, үстүнө таш ташталган 25-30 жаштардагы аялдын өлүгү жатканына күбө болушкан. Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында маркумдун ким экендиги аныкталып, ал 1992-жылы туулган А.Н. аттуу Талас облусунун тургуну болуп чыккан. 29-мартта бул кылмышка шектелип 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкектеги жаңы конуштардын биринин тургуну кармалып, ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алгачкы тергөө иштеринин жыйынтыгына караганда, кылмыш өткөн жылдын декабрь айында болгон. Кылмышка шектүү менен маркумдун ортосунда уруш чыгып, ал маркумдун өлүмүнө алып келген. Шектүү кылмыш ишин жашыруу максатында маркумдун денесин жаңы конуштардын бириндеги жер тилкелерине алып барып, үстүнө таштарды үйүп салган. Б.Т. таксист болуп иштеп жүргөн. Учурда тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.


«НЕБЕРЕМ ИШТЕГЕНИ БИШКЕККЕ КЕТКЕН ЭЛЕ»
Маркум Түркияга барып иштеп келүүгө даярданып, жол киресине акча топтоп жүргөн. Бул тууралуу аны кичинесинен тарбиялаган таятасы айтып берди. Небереси тууралуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун 66 жаштагы тургуну Жаныбек Сооронбаев буларга токтолду:
– Неберем 1 жарым жашка чыкканда кызым менен күйөө балам ажырашып кетишкен. Ошондон баштап ал биздин колубузда тарбияланды. Атасы менен апасынын башка үй-бүлөсү бар. Неберем мектепти аяктагандан 2 жылдан кийин өзүбүздүн айылдык жигитке турмушка чыккан. Бирок кийин кайненеси менен келише албай жолдошу экөө ажырашып кетишти. Жолдошу экөөнүн ортосундагы уулу азыр 5ке чыгып калды. Ал баланы багышып жардам берүүгө менин алым жетпейт, кемпирим 4 жыл мурун каза болгон. Ошондуктан неберем баланы күйөө балама таштап, иштегени Бишкекке кеткен. Ал жакта шаурма жасап саткан жайда иштеп жүргөн.
Акыркы жолу 2017-жылдын октябрь айынын аягында үйгө келип жолугуп кеткен. Ошондо ал Түркияга барып иштеп келем деп айтып жаткан эле. Декабрдын 15теринде келиним менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, 20ларында Түркияга кетерин айтыптыр.


«ТУУРА ЭМЕС АДАМДАРГА ИШЕНИП АЛГАН ОКШОЙТ»
– Ошол бойдон дайыны жок болуп кетти. Телефонуна чалсам, өчүк болуп туруп алды. Издеп баштадым. Бишкекке барып досторунан, чогуу иштегендеринен сураштырсам эч ким билбейт, таппай койдум. Түркияга кетип калган окшойт деп кызымдын телефон чалышын күтүп жүргөм. Анан эле интернетке чыккан сүрөтүн балдарым көрсөтүп калышты. Мындай окуя болот деп ким ойлоптур? Анын өлтүрүлүшү тууралуу жаман кабарды укканда өзүмдү жоготуп коюптурмун.
Сөөктү айылга алып келип, 26-мартта жерге бердик. Неберемди өлтүрдү деп шектелип анын сүйлөшүп жүргөн жигити кармалыптыр. Неберем ал жигит тууралуу бизге эч нерсе айткан эмес, жигити бар экенин да билген эмесмин. Ошол жигит өлтүргөнүн моюнуна алыптыр деп уктум.
Менин божомолум боюнча неберемди 1 эмес, 2-3 адам биригип пландап эле өлтүрүп, анын Түркияга кетүүгө жол кире үчүн чогулткан акчасын алып коюшкан. Көтөрүп жүргөн сумкасынын боосу менен эле муунтуп өлтүрүшүптүр. Аны өлтүргөн адам колу менен кылганын моюну менен тартсын. Мыйзам чегинде жазалансын. Кызым ак көңүл, ишенчээк эле. Минтип туура эмес адамдарга ишенип алган окшойт.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
nurhan2702
2018-04-11 12:12:24
Урматтуу Президенттибизден умут кылабыз. Коррупцияга малынган сотторду тазалап, олкого акыйкаттуу сот иш алып баруусун талап кылсын. Ошондо олкодо кылмыштар азаят
+3
Jasa
2018-04-11 13:50:15
Ажырашып таятасына таштап кеткен апасына мин наалат каралашып кабарлашбайбы,бир бактысыз шордуу болгон экен да байкуш кыз
+7
noeli
2018-04-15 11:51:54
Jasa,ошо да, муштайынан тагдыры талкаланган экен да байкуш кыз. Ата, Апа мээрим берип чогуу чонойтконго жетпейт баланы.
0
Jeki95
2018-04-11 19:58:27
Олум жазасын киргизсе олкобуздун жарымын жоготуп алабызго...
-2
Shokoladka94
2018-04-11 20:50:59
Ар бир адам ыймандуу болсо, себепсиз кумурсканы да олтурбойт эле...
+1
Soni130587
2018-04-11 21:24:14
Сызда жаткандан коро ыссык тошокто жатпайсынбы ошол кызга уйлонуп.
+2
Meerman
2018-04-12 13:51:08
aialyn tashtap ketkender erkekter urgan da soigondor tonogondor da aldagandar da erkekte r krim info erkekterge tolup ketti akcha tabam dep tytyngandar aialdar bazarda. erkekter alsyz bolup baratat akcha tapkandy bilbeit
+3
Lina
2018-04-12 23:44:29
Ушунун баары келип жумушсуздука такалат.Болбогон акчага кызыгып адам өлтүрүү жана тоноого барып атышат.Таксист болуп иштеген күндө деле жаратып таппаса керек да.азыр эмне көп такси көп
0
Lirka
2018-04-13 13:45:56
Jeki95 эмне азыр кобоюп жатабы анан,андай ХХХХХ ХХХХХХ бизде болбой калды бирда тартип жок, мыйзам иштебейт.
0
Jeki95
2018-04-13 15:02:57
Lirka ХХХХХХХХХХХХХ акчасы коптор чыгып кетет айласын табып. Анан баягы эле карапайым колунда жоктор эле калабыз. Андан коро ыйманыбызды тилеп жашай берели.
0
Bolunbo.kyrgyz
2018-04-13 15:57:30
Мумкун башка бироо олтургондур тообо адамды адам кантип олтурот тируу малды сой десе коркосун жанын ачышып
0
MKW.MYRZAiYM
2018-04-13 17:14:42
ХХХХХХХХХХХ турмого чогултуп алып, жон эле бага бербей, курутуш кк, коомго зыяны тиет анан дагы.
0
simone
2018-04-14 13:38:43
Адамды олтуруп коюп, кенири такси кылып иштеп жургонун коркпой
0
Sanirabiga11
2018-04-16 14:25:30
Кудайым ай 5жаштагы баласына эле кыйын болуптур
0
agnesa
2018-04-16 22:47:19
Аял заты назик алсыз болот ошол учун Аллах Таала кызды биринчи ата энеге экинчи куйоосуно аманат кылат . Балким Барга жокко каниет кылып озунун уйундо баласын карап иштесе да озуно жакын жерде иштесе балким мындай иштер болбос беле. Алыс жерде аял затынын жалгыз журушуно Аллах Таалам тыю салган. Аны менен кошо махрам болгон эркек журушу керек эле.Ар ким дин менен жашаса бактылуу болмок. Бирок аны копчулугу тушунбойт.
+1
dinara7684
2018-04-17 08:54:26
agnesa,
Копчулук адамдар тушунбойт дагы сиз айтып жатканды.Туура.Дин менен адам бактылуулук табат.
0
dinara7684
2018-04-17 08:55:21
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан