«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)
(Башталышы өткөн сандарда)
Данияр таштап кеткен төрт бурчтук кагаз менен тиктешип көпкө отурду. Ачканда, окуганда эмне? Эмнеге кетип жаткан себебин жазгандыр? Себеби белгилүү эмеспи. Эки-үч күн аялы оор абалда жатканда кабарлашпай калды деп таарынып басып кеткендир. Же болбосо Алибек эки үй-бүлөнү бага албайт деп ойлогондур. Башы менен жер казып болсо да тапмак эле да. Ызалуу жаштар агып жатты. Анын ушунча аракетин, сүйүүсүн, курмандыгын билбей жөн эле басып кетти. Алды да басып кетти. Тебелеп-тепсеп кетти! Ушубу анын сүйүүсү? Ызасы алкымын муунтуп жатты. Эч нерсени ойлобоско тырышты. Дагы бир жолу ичкиси келип турду. Бирок эрки, акылы менен токтотуп жатты. Калтыраган колдору менен кагазды алды.
«Билем, мага таарындың. Чыдабады деп ойлодуң. Акмак деп сөгүп жатасың. Ыйладың, жаның кашайып мени муунтуп өлтүргүң да келгендир. Бирок ишенем, бир күнү өзүңө келесиң. Эмне деген гана ойлорду ойлобой жаткандырсың. Алибек, дүйнөдө баарынан шек санасаң болот. Бирок менин сүйүүмдөн шек санаба. Жети жашыбызда бир партага отурган кезибизди эсте. Көздөрүбүздү эсте. Шек санап баштаганыңда таза наристе кезибизди эсте. Мен үчүн да оор. Бул жолу мен баарына бел байлап келгем. Тозоктун отуна күйсөм да сени менен болууга макулмун деп келгем. Бирок тозоктун отунан да оор нерсе ымыркай кызыңды колума алганымда эле... Мен ага кыянаттык кыла албасымды ойлодум. Биз сүйүүбүз үчүн болушунча күйдүк. Экөөбүз бири-бирибизге жетишинче залал келтирдик. Эми башкалар жапа чекпесин. Эң маанилүүсү, балдарыбыз жапа чекпесин. Сен күчтүүсүң, атамдай болуп ичип кетпейсиң. Жоопкерчиликтүү күйөө, камкор ата болосуң. Мен сага ишенем. Мен кеткенден башка жол көрө албадым. Керемге кетпедим. Дагы бир жолу айтам, байлык үчүн кетпедим. Болгону жашашым керек. Бутума турганга болгон гана аракетим. Жакындарым үчүн күрөшүшүм керек. Мени кечир. Жарым жолдо калтырганым үчүн кечир. Бул жолу да жарым жолдо калтырдым. Эң жаман сапарлаш экем. Суранам, мен үчүн эч кимди кектебе, жаман адамга айланба. Кандай жакшы адам болсоң, ошол боюнча каларыңды билем. Анткени сен Алибексиң. Сен Жамилянын Алибегисиң! Кош бол. Мага бактылуу болом деп сөз бер.
P.S. Жок, акыркы сөзүм бул эмес. Мен сени сүйөм!»
Кагазды мыкчый кармап отуруп калды. Мына, бул акыйкат болчу. Колундагы кагаз да, андагы жазылган нерсе да чындык эле. Аны ойлогондо өзүн эң алсыз адам сезди. Чындык калкып чыкты. Алибек алсыздык кылды. Келери менен эч нерсеге карабай жетелеп келип үйлөнүп алышы керек эле. Бала төрөлсүн деди. Анан торолсун деди. Анткиче 6 ай өтүп кеткен экен, анан эмне кылсын кыз?
ххх
Керем Эгенин энтигип кирип келгенин көрүп таң кала тиктеди.
– Керем бей, мен аларды көрдүм.
– Кимди?
– Жамиляны, Эмрени...
– Дениң сообу сенин? Аларды кайдан көрмөк элең?
– Чын, өз көзүм менен көрдүм. Кадыкөй тараптан. Өтүп бара жаткам, Эмрени жетелеп кетип бара жатыптыр, мына сүрөткө да тартып алдым.
Сүрөттү көрүп, эт жүрөгү дирилдеп кетти. Келиптир! Кийген кийимине чейин тааныды. Эмренин бою бир аз өсүп калган экен. Апасына бир нерсе деп сүйлөп күлүмсүрөп кетип бара жатат. Телефонду тиктеп катып калды.
Эми эле чуркап жөнөп кеткиси келсе да, өзүн токтотуп калды. Азыр жетип барса чочутуп алышы мүмкүн эле.
– Эге, кантип болсо да кабарын ал. Каякта жашап жатат, эмне кылып жатат? Эмне максат менен келди? Баарын бил. Бирок Жамиляга артынан жүргөнүңдү билгизбе. Мага кабар бер.
Жамиля чакан батир алып, үй-бүлөсүн жайгаштырды. Интернеттен, гезиттерден жумуш караштырып жатты.
– Апа, сиз Эмре менен Нуриляны карап туруңуз, менин бүгүн бир жолугушуум бар. Ошол жакка барып келейин.
– Качан келесиң? Балаңдын да тынчы жок экен, башым тегеренип... Же менин сөзүмдү түшүнбөйт. Муну мен кантип багам, билбейм,- деп баштады апасы адатынча наалып.
– Апа?!
– Сен чыга бер, Жами. Мен карап турам Эмрени...- деди сиңдиси алы жок болсо да. Ал чыгып кеткенден кийин Нуриля апасын тиктеп калды.
– Эмне карайсың мени? Улактай секирген бул баланы...
– Апа, сен Жамиляны көрбөй жатасыңбы? Буту үзүлгөнчө чуркап жүрөт. Биз үчүн! Бул сенин өз кызың, апа, бир аз болсо да...
– Ээ, менден башкаңдын баарың кыйынсыңар. Же бул баланын сүйлөгөн тилин билбейм. Эмне кыл дейсиңер эми?
Кагынып-силкинип басып кетти апасы. Нуриля Эмрени карап жылмайып койду.
– Тейзе, сен жакшысың,- деди ал таежесинин бетинен сылап.
– Мен чоңойгондо силерди багам.
– Азаматсың. Азырынча апамдын жинине тийбей акырын ойно, ээ?
ххх
– Ооба, мен кылдат кылганга аракет кылам, ханым. Өзүмдүн да уулум бар. Наристелерге кандай мамиле жасашты билем,- деп жатты жан талашкан Жамиля. Тиги Жамиляны сынай тиктеп турду.
– Болуптур, бүгүн кызым менен тил табышканга аракет кылып көр.
Куду кумурсканы карагандай текебер тигилип турган аялдын жумушуна ыраазымын деп басып кеткиси келди. Эрдин кесе тиштеген ал эки жаштагы кыздын бала багуучусу болуп ишке кирди. Аялдын көз карашы эч нерсе эмес, анык тозок кийин башталды. Ханымдын күйөөсү иштей баштаган күндөн баштап Жамилядан майланышкан көздөрүн албайт. Шылтоо кылып
«тигини алып берип койчу, муну алып берип койчу» дейт да, эптеп эле колуна колун тийгизип же өтүп бара жатып жөн өтпөй сөйкөнүп кетет. Тим эле жаны көзүнө көрүнүп кете жаздайт. Бирок иш керек болгондуктан эптеп бир ай болсо да маянасын алып кете турган болду.
ххх
– Бир үйдө бала багуучулук кылып жатат.
– Эмрени ким карап жатат?
– Апасы жана сиңдиси кошо келди. Сиңдисин терезеден көрдүм. Чачын алып салышыптыр. Менимче, олуттуу бир оорусу бар.
– Энеси да бул жактабы?
– Ооба.
Керем ойлонуп калды. Азырынча бул жакта экенин билбегени дурус.
ххх
Алибек үйүнө келди. Апасы айланып кагылып тосуп алды. Эмшеңдеп ыйлап да алган.
Суз гана бетин тосуп койду.
– Эмне болду, балам?
– Баары сен каалагандай болду, апа. Эми көңүлүңдү жайланта бер. Кандай баа менен болсо да сен уулуңдун үй-бүлөсүн сактап калдың. Азаматсың! Бирок ушуну бил, апа, сен уулуңдун ийгилиги үчүн бактысын курмандыкка чалдың.
– Алибек, антип айтпа, балам, баары ордуна келет...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Жамилянын сулуулугу өзүгө душман болотго. Акылдуу бол. Күчтүү бол.
Уландысын дагы бир жума айла жок күтөбүз эми.аз го деп наалысак деле угушпайт.эми Жамиля ошондо баары бир Керемге кайтпайт экен да ээ
Кайса экен керемге. Баласынын атасы.
Керем мн эле калсынчы байкуш жаман кыйналды
Алибек акылы жок неме экен.Эми апасын кекеткени неси.
Жамиляны Керемге кайтсын дейсинер анда Шерифе не кылат Жамиляны тынч койбосо кк дагы бир куру-тоомат мн иш баштайт да.
Админ көбүрөөк жазгылачы аябай аааз
Мен Жамиляны Керемге ыраа көрбөйм эч качан, мен жек көрөм Керемди, болбогон бир түрк(((
Жамиля күчтүү, акылдуу кыз...жүрөгү мн сүйгөн адамы Алибик мн бирге болбодубу, демек мен анын жалгыз калышын каалайм, ал өзү да ушуну каалайт, уулу бар ошол жетиштүү....!
Эми Жамилянын бул кожоюну да бирди туудуртуп койбосо болду.
Кереми Эмир го "черная любовьдогу". Кичине эле айырма болбосо сценарии окшошуп кетет экен.
Уландысы качаан күттүрдүгө чиркин