Көпшөк куймактарды (оладьи) эрте мененки чайга жана шашкедеги шам-шумга берсе эң сонун вариант. Шашылыш бирөө-жарым келип калса дароо бышырып бере койгонго да жакшы.
АШКАБАК ЖАНА КАБАКЧА МЕНЕН
4 порция
Даярдоо убактысы – 40 мүнөт
Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 300 грамм
Кабакча – 300 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Жумуртка – 2 даана
Ун – 5-6 аш кашык
Укроп (же петрушка), мурч – каалоого жараша
Өсүмдүк майы – каалоого жараша
Туз – бир чымчым
Даярдоо ыкмасы:
1. Кабакча менен ашкабактын сыртын жууп, кабыгын аарчып, сүргүчтүн чоң көзүнөн өткөрүп, ашыкча ширесин сыгып алабыз. Сарымсакты жанчып, укропту майдалап туурап алабыз.
2. Сүргүчтөн өткөрүлгөн жашылчаларга туз, мурч, жумуртка, сарымсак, тууралган укроп, унду кошуп аралаштырабыз.
3. Көмөч казанды ысытып, майдан куюп, камырдан салып, эки жагын кызарта бышырып дасторконго беребиз.
БЫШТАК ЖАНА АЛМА МЕНЕН
4 порция
Даярдоо убактысы – 30 мүнөт
Керектелүүчү азыктар:
Йогурт (алманыкы болсо жакшы) же айран – 0,5 литр
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 4 аш кашык
Быштак – 250 грамм
Сода – бир чымчым
Ун – 6 аш кашык
Туз – бир чымчым
Алма – 2 даана
Өсүмдүк майы – каалоого жараша
Каймак – 4 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Чуңкур идишке йогуртту куюп, жумуртка менен кумшекерди кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Эми быштакты кошуп блендер менен чалып, аралаштырабыз. Үстүнө содага 1 тамчы уксус кошуп өчүрүп, аны кошобуз (эгер сизде йогурт болсо). Эгер айран кошуп жатсаңыз анда соданы өчүрбөй түз эле кошосуз. Баарын жакшылап дагы аралаштыруу кажет.
2. Буларга ун менен тузду кошобуз. Камырдын коюулугу коюу каймактай болуусу шарт. Кабыгы аарчылган алманы сүргүчтүн чоң көзүнөн өткөрүп, камырга кошуп аралаштырабыз.
3. Көмөч казанды ысытып, майдан куюп, куймактарды бышырабыз.
4. Бышкан куймактарды каймак (кыям болсо деле болот) менен дасторконго узатабыз.
БАНАН ЖАНА ЖАҢГАК МЕНЕН
2 порция
Даярдоо убактысы – 30 мүнөт
Керектелүүчү азыктар:
Банан – 1 даана
Жумуртка – 1 даана
Ун – 80 грамм
Кумшекер – 2 аш кашык
Сүт – 50 грамм
Көбүрткүч (разрыхлитель) – 0,5 чай кашык
Грек жаңгагынын маңызы – 1 кочуш
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Бал – каалоого жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Бананды боткодой майдалап алуу керек. Бул үчүн блендерди кондонсоңуз же кашык менен эзсеңиз болот. Жаңгактын маңызын талкалап, майдалап алабыз.
2. Кумшекерди идишке салып, үстүнө жумуртканы чагып, банан пюресин жана жылуу сүттү кошуп аралаштыруу кажет. Булардын үстүнө эленген унду, көптүргүчтү жана талкаланган жаңгактын жарымынан көбүн кошуп кайрадан аралаштырыңыз.
3. Көмөч казанды ысытып, майды куюп, куймактын камырынан 1 аш кашыктан куюп бышыра беребиз. Бышкандардын үстүнө балдан куюп, жаңгактан себелеп дасторконго суна берсеңиз болот.
КУЙМАКТЫ БЫШЫРУУ СЫРЛАРЫНАН
• Эгерде куймакка унду көбүрөөк кошуп койсоңуз, анда куймак жакшы көтөрүлөт жана даамдуу болот. Бирок муздаганда катуу болуп калат. Эгер унду аз кошсо, анда бышырганда куймак жакшы көтөрүлбөй калат.
• Куймакты орточо отко бышырса, ичи чийки болбой жакшы бышат.
• Куймактын камыры коюу каймактай болуусу шарт.
• Куймактарды чоңдорго чай, кофе менен, балдарга болсо йогурт, жемиш пюреси, повидло же кыям менен берсе жакшы.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg