Президент Сооронбай Жээнбеков 4-апрелде УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди, Коррупцияга каршы кызматтын башчысы Сагынбек Исмаиловду кабыл алды. Мамлекет башчыга өлкөдө резонанс жараткан кылмыш иштери, анын ичинде Бишкек жылуулук электр борборундагы авария, аталган борборду модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш иштери жөнүндө маалымат беришти. Жолугушууда быйыл февраль айында кабыл алынган Коопсуздук Кеңешинин чечимдери кандай аткарылып жатканы талкууланды. «Коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш»,- деди Сооронбай Жээнбеков. Президент сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда калып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле жемкорлукка каршы күрөшкө коомчулук катуу назар салып турганын айтып, УКМКнын жетекчилигинен эл менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.