
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн, тактап айтканда, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы
Дамир Мусакеев президенттин буйругу менен кызматынан бошотулду.
Мусакеев Мамлекеттин күзөт кызматынын башчылыгына ошол кездеги президент
Алмазбек Атамбаев тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда дайындалган. Ага чейин ал
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген.
КСДПнын 31-мартта өткөн курултайында
Мусакеевдин экс-ажо
Атамбаевди кайтарып жүргөнү коомчулуктун сынына кабылды. Мыйзамга ылайык, УКМКнын 9-бөлүмү өлкө жетекчилеринин – президент, парламент спикери, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрагасынын коопсуздугун камсыздайт. Экс-президент макамына ээ адамдар дагы мамлекет тарабынан коргоого алынат. Бирок
Мусакеевдин дагы бир экс-президент
Роза Отунбаеваны кайтарып жүргөнүн коомчулук байкай элек.
Мусакеевдин ордуна Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын 2011-2013-жылдары жетектеген
Малик Нурдинов келери айтылууда.