БИР БҮРКҮМ. БАШКЫ САЛЫКЧЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КОРРУПЦИЯГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ...

  • Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун бир тууган агасы АЛМАЗБЕК ЖУМАБЕКОВ Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
  • УРАН АХМЕТОВ өз арызынын негизинде юстиция министри кызматынан бошотулду. Ахметовдун орун басары болуп иштеп келген Манас Сарымсаков министрдин милдетин убактылуу аткарууда.
  • Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ОРУСИЯНЫН АЙМАГЫНА дипломатиялык кызмат статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачуу жөнүндө макулдашууну колдоду.
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары КУБАНЫЧБЕК КУМАШОВ «коррупцияга» шектелип, УКМК тарабынан кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
  • Өлкөнүн САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО мекемелеринде 2016-2017-жылдары жана 2018-жылдын биринчи кварталында 145 миллион 381,4 миң сомдук каржылык тартип бузуулар катталган.
  • Кыргыз өлкөсүндө апрель айында ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН метр кубу 14 сом 35 тыйын болот. Аталган баа март айында 14 сом 29 тыйын болгон. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.
  • Республика боюнча жылына 395 миң тонна минералдык ЖЕР СЕМИРТКИЧ керектелет. Учурда анын 58,7 миң тоннасы өлкөгө алып келинип, 44 миң тоннасы дыйкандарга сатылган. Аталган маалыматты Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен таратышты.
  • Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасындагы ЭРКЕЧТАМ жана ТОРУГАРТ көзөмөл-өткөрүү бекеттери 5-апрелден 9-апрелге чейин убактылуу жабылат. Мындай сунушту Кытай тарап жаз майрамына байланыштуу демилгелеген. Бул боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынан таратышты.
  • Акыйкатчы институтунун демилгеси менен аскер кызматында жүрүп ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН ЖООКЕРЛЕРГЕ камсыздандыруу максатында 1 миллион сом төлөп берүү сунушталууда.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков чиновниктердин жана алардын жакын туугандарынын үлүшү бар компанияларды мамлекеттик сатып алууларга катышуусуна тыюу салган мыйзамга кол койду.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан