Анатолий Цой, «MBAND» тобунун ырчысы: «БИШКЕК – МЕНИН ЖҮРӨГҮМӨ ЖАКЫН ШААР»

Анатолий Цой Бишкек шаарында өсүп, иштеп, ал тургай ырчылык карьерасын кыргыздын «МКД» тобунда баштаган. Арканды алыс таштаган Цой 4 жыл мурун орусиялык продюсер Константин Меладзе уюштурган сынакка катышып, ийгилик жылмайып, «MBAND» деп аталган топтун мүчөсү катары ырдап баштаган. Азыр ал Орусиянын сахнасын багындырган жылдыз. «Бишкекти жакшы көрөм»,- деген Анатолий биздин гезитке маек курду.

– Салам, Анатолий. Бишкекке бул жолу кандай себеп менен келдиң? Дегеле өлкөбүзгө канча убакта бир келип турасың?
– Тилекке каршы, Бишкек шаарына аз каттайм. Акыркы жолу былтыр 1-апрелде келгем. Анда да, бул жолу да атамдын туулган күнүнө келдим. Ата-энем жумушуна байланыштуу Казакстанда жана Кыргыз жеринде жашашат. Мындан ары бат-бат келип турганга аракет кылам.

– «MBAND» Кыргыз жергесинде да белгилүү топ. Бул жакта да күйөрмандарыңар көп. Бишкекке концерт коюп келүүнү ойлондуңар беле?
– Албетте. Биздин топ Бишкекке келе элек. Бул жакка концерт коюу боюнча бир нече жолу чакыруу түшкөн. Бирок ортодо келише албай, учуп келүүгө шарт болбой жатты. Кыргыз жергесиндеги күйөрмандар келишибизди суранып, кат жазып турушат. Ошол нерсени эске алып, Бишкекке концерт койсокпу деп жатабыз. Менимче, бул ой ушул жайда ишке ашса керек. Концерттерди сыналгыдан көрүү менен жакындан күбө болуунун ырахаты, андагы эмоциялар башкача. Бишкек – жүрөгүмө жакын шаар. Анын абасы, курчап турган тоолору, тийген күнү башкача. Бул мен Москвада кездештире албаган баалуу жана маанилүү факторлор.

– Миллиондогон көрүүчүлөргө белгилүү ырчысың. Бул деңгээлге жетүү татаал болдубу?
– Бул жол абдан узак болду. Акчаң же чалып сүйлөшүп коё турган байкелериң болбосо, бийиктикке көтөрүлүү оор экен. Мен жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан жигитмин. Биз бай болбосок да артымда моралдык жактан колдоо көрсөткөн жакындарымдын турганы мага дем берди окшойт. Ата-эне, бир туугандарымдын жардамы менен ушул деңгээлге жеттим деп ойлойм. Узак убакыт жол жүрсөм да акыбети кайтты. Бардыгы өз убагында дегендей, сааты чыкты окшойт, шоу-бизнеске келдим.

– Белгилүү продюсер, композитор Константин Меладзе менен иштешүү оңой элеби?
– Орусиянын шоу-бизнесине аралашып, Валерий, Константин Меладзе сыяктуу дөө-шаалар менен иштешүү бактысы буюрганына кубанычтамын. Бул кишилердин ар бир баштаган иши, долбоору ийгиликтүү болгону алардын мыктылыгынан кабар берсе керек. Константин Меладзени жакындан билгенден кийин ал мен үчүн устат эле эмес, жакын дос, агадай болуп калды. Ортодо продюсер менен ырчы эмес, ага-ини, достордой мамиледебиз. Биз ага жумуш боюнча эле эмес, жеке маселелер менен да кайрыла алабыз. Анын кеңеши, насааты туура жол көрсөтөт. Ал өзүнүн жүрүш-турушу, тарбиясы менен бизге үлгү боло алды. Константин Меладзе ар бир адам менен тил табышып, иштеше алган киши. Эл алдына чыкпаса да, камера алдында сүйлөбөсө да ал адамды баары сыйлашат. Ушундан улам Константин Меладзедей болгум келет.

– Музыкалык карьераң аяктагандан кийин эмне иш кыласың?
– Музыка – баңгизат сыяктуу нерсе экен, андан баш тартуу кыйын. Ырчылык карьерамды аяктаган соң жаш таланттардын сахнага чыгуусуна жардам берген продюсер болсом деген тилегим бар. Дагы бир кыялым – кинематография тармагында билим алып, тасма дүйнөсүнө аралашуу.

– Чоң шоу-бизнесте өзүңдүн жемиңди жегизбей, тың болуш керек дешет. Бийиктикке жетип, анда кармалып туруу үчүн дагы кандай сапаттар керек?
– Туура, шоу-бизнесте атаандаштык күчтүү. Ырчы болобу, бийчи болобу улам жаңы күйөрман тапкысы келет. Максатка жетүү үчүн өжөрлүк керек. Мен ушул сапатымдын артынан дайыма максатыма жетип келем. Анан ак көңүлдүк, боорукерлик сапат жакшылыкка алып барат деген ишеним менен жашайм. Ата-энем берген чыгыш элдерине мүнөздүү болгон тарбияны карманып келем. Ак көңүлдүк, боорукерлик, сый мамиле, жылмаюу, чынчылдык эл арасында урматка татыганга жардам берет деп ойлойм. Ушул 4 жыл аралыгында белгилүүлөр арасында да көптөгөн досторду тапканга үлгүрдүм.

– Топтогу жигиттердин ичинен улуусу эмессиңби. Артём менен Никитага бир тууган агадай эле болуп калсаң керек?
– Топтун улуусу катары продюсердин алдында жоопкерчилик көпчүлүк учурда мага жүктөлөт. Тёма (ред.: Артём Пиндюра) менден 1, Никита (ред.: Никита Киоссе) 9 жаш кичүү. Кенжебиз деп Никитага агалары катары кээде колдоо көрсөтүп, кээде тарбия берип калабыз. Ал жаштайынан чоңдордун жашоосуна аралашып калды. Аны улуу да, кичүү да күйөрман кыздар жактырат (күлүп). Ал эми Тёма экөөбүз улуураак аудиторияга ылайыктуу болсок керек.

– Эми жакынкы пландарың менен бөлүшсөң.
– Жакында биз көптөн күткөн 2-альбомубуз жарык көрөт. Ал биринчиге салыштырмалуу бир топ эле айырмаланат. Мурдагыга караганда «MBAND» чоңойду, көз караштар, түшүнүктөр өзгөрдү дегендей. Эми биз сүйүүнү жөн эле кыялданып койгон жаш жигиттер эмес, клипте жашоону түшүнүп калган, көптү көргөн киши катары өзүбүздү көрсөттүк десем болот.

– Маегиң үчүн рахмат! Кыргыз элине кайрылсаң болот.
– Сиздерге да рахмат, убагында «Супер-Инфо» гезитине маек куруп, 1-бетке чыкканым эсимде. Элге, күйөрмандарга тынчтык жана жакшылык каалайм. Максатыңарга жетүү үчүн артка кылчактабагыла, беттеген жолуңардан кайтпагыла, эч качан кол шилтеп салбагыла дейт элем. Анткени ар бир иш биздин мээбиз аркылуу ишке ашат. Колдон келбеген нерсе жок экен.

Ырчы 3-апрелде бишкектик күйөрмандары менен жолугушуп, сүрөткө түшүп, кол тамга берди.
"Ата-энем жумушуна байланыштуу убактылуу Бишкекте".


Алтынай Тынышова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
jemile
2018-04-10 09:40:42
Бир уучуң бизде турбайбы, азамат, ийгилик
+11
kakukani
2018-04-10 09:44:51
Ийгилик
+5
Real_mir
2018-04-10 10:16:21
издейм сени арасынан элдердин. ..
+5
Mamiev
2018-04-10 12:44:48
Бул жигит карьерасын Кыргызстанда баштаганын эч соз кылбайт.Интернеттен карасанар казакстандан орусяга барганын айтат болду.Ийгилик кантсе да
+7
patriot_doni
2018-04-11 15:00:15
Mamiev,мен да кошулам...Казакстандан барганмын деп айтат...
+1
AKCAHAT
2018-04-11 20:03:29
Mamiev, бул контракта айтылса керек, Кыргызстан десе албетте томон коз карашта калат аудиториясы ал эми Казахстан бизден бир аз онуккон орустарга жакын бизге салыштырмалуу. Ошо го дагы айттырбайтко продюсери, группанын авторитети тушот деп
+6
Aitun
2018-04-10 19:50:19
Она вернется она вернется.....ушул ыр менен олло ооругам...
+3
Dembele84
2018-04-12 20:15:47
Цой молодец!таланттуу жигит,мындан дагы коп нерселер чыгат.
0
surgeon777
2018-04-13 15:43:57
Кыргызстанды бир ооз созу менен эстеп койбогонун айтса болмок суроо берген журналист,Казакстандан барган ырчы болуп маек бере берет го!
0
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан