АЙНУРА САЛАХИДИНОВА ЖАНА ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ КЫРК ЖЫЛКЫЛУУ БОЛУШТУ

Апрель айы жылдыздар үчүн жемиштүү башталды. 1-апрель күнү Айнура Салахидинова эки уулдан кийин кызын жарыкка алып келди. Эл аралык күлкү күнүндө төрөлгөн кызына ата-энеси Айкен деген ысым ыйгарышкан. «1-апрелде төрөгөнүмө көбү ишенбей, сүйүнчүлөсөм тамаша катары кабыл алышты (күлүп). Жолдошум тандап отуруп кызыбызга Айкен деген ат койду. Мен кыз төрөп алсам деп кыялданып жүрдүм эле, минтип чүрпөбүздү колума алып, бактылуу болуп отурам»,- дейт кубанычы коюнуна батпаган ырчы.
Ага удаа 4-апрель күнү кыргыз сахнасында бала кезинен бери эмгектенип келаткан Ильяз Абдыразаков да 2 уулдан кийин кыздуу болуп, бактысында чек жок. «Абдан кубанып жатабыз. Медина кесарево жолу менен төрөгөндүктөн кызымды менин көкүрөгүмө жаткызышты. Экөөбүз жарым саат кучакташып, сүйлөшүп жаттык. Үйдө Нияз экөөбүз эле болгондуктан, апам «кызым болсо» деп кыялданчу экен. Мына эми эки уулунан эки кыз небересин кучактап жыргап калды. Кыздуу болорубузду жакында гана билип, бирок аны эч кимге айткан эмеспиз. Досторум, туугандар эми гана билип, кубанып жатышат»,- дейт Ильяз.
Ырчылардын кыздарынын бешик боолору бек болсун! Келечекте ата-энесиндей атагы чыккан инсандардан болушсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kakukani
2018-04-10 09:41:36
Омуру узун жана ыймандуу кыздардан болуп чонойушсун
+4
mirana9395
2018-04-10 09:44:26
аябай суйундумго озум торогондой болуп.омурлорун берсин
+10
sely
2018-04-11 12:08:45
Кыз деген создун озу канча баалуу менин да эки уул бир кызым бар. Дагы кыз торосом кудайым кыз берсин деп тилеп келем.
+2
Nurmuhammed2016
2018-04-11 15:15:56
Бешик боонор бек болсун. Бизге дагы коптун катарында кыздуу болууну АЛЛАХЫМ насип кылсын.
+2
Akylaj85
2018-04-11 21:09:09
Экичи кыз небересиго
+1
nurhan2702
2018-04-12 13:35:28
Бешик боонор бек болсун! Бактылуу, омурлуу кыздардан болушсун
+1
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан