Ырчы Айпери Кубик кызы ишкер жигитке турмушка чыгарын жазганбыз. Түштүктөгү гастролдук туру бүткөн соң ырчы айым жигити менен Египетке эс алууга кетишти. Айпери жигити экөө үйлөнүшкөнүн, учурда бал айын өткөрүп жүрүшкөнүн айтат.
– Айпери, турмушка чыгыптырсың, тууруң туруктуу болсун! Египетке бал айына кеткениңер күтүлбөгөн кабар болду...
– Рахмат. Чынында мен деле билген эмесмин. Жолдошум паспортторумдагы маалыматтарды мага билгизбей алып, билет сатып алып койгон экен. Гастролдон келгенде жеңил кийимдериңди ал, кеттик дейт. Ата-энемден уруксат сурап, батасын алып жолго чыктык.
– Египетте үйлөндүңөрбү?
– Ооба, бизди Египетке келгенде жолдошумдун достору тосуп алышты. Жолдошум романтикалуу кеч уюштуруп, колумду кайра сурады. Ошентип достор арасында чакан тоюбузду белгиледик. Азыр бал айын бул жакта өткөрүп, эс алып жүрөбүз.
– Күйөө бала сени ырчы катары билет беле? Чыгармачылыгыңа кандай көз карашта?
– Ооба, менин ырчы экенимди билчү. Чыгармачылыгымды жакшы түшүнөт. Акыркы клибимди тартууда жанымда коштоп жүрдү. Жолдошум мени жумушуңа аралаштырба деген. Ошон үчүн аны элге чыгарып, элдин талкуусуна калтыргым келбейт.
– Бактылуу болгула!