Эдилбек Чокубаев, каскадёр: «ҮСӨНДҮ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮН БААРЫ ӨЛҮП ЖОК БОЛУШТУ»

Мындан туура 13 жыл мурун белгилүү каскадёр, коомдук ишмер Үсөн Кудайбергенов өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Анда каскадёрдун өлүмү «саясий буюртма киши өлтүрүү болду» деп айтылган эле. Бирок көп жыл өтсө да бул кылмыштын бети ачылбай келет.

КАСКАДЁР ТУУРАЛУУ
Орто Азиядан чыккан алгачкы каскадёрлордун бири Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусуна караштуу Калинин (учурдагы Жайыл) районунун Сары-Булак айылында жарыкка келген. 15 жашында жаңы ачылган кыргыз циркинде «Кыргызстан жигиттери», «Шумкар» топторунда чабандес болуп иштей баштаган. Циркте иштеп жүрүп, эң алгач «Жамиля» тасмасына каскадёр катары тартылат да, кийин башка кинолордо да оор трюктарды аткарып баштайт. 1969-жылы цирктеги жумушун таштап, Москвадагы кинематография институтунун (ВГИК) режиссёрдук факультетине тапшырат. Окуу менен катар эле кинолорго тартылып, кинодогу эң оор жана жоопкерчиликтүү эсептелген согуштук трюктарды уюштуруу, коюу боюнча иштей баштайт. Үсөн Кудайбергенов мурунку СССРдеги жана чет элдик киностудиялардын көпчүлүгү менен кызматташып, жалпысынан 300дөй тасмага тартылган.
Үсөн Кудайбергеновдун тобу дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнө барып, түрдүү тасмаларда укмуштуудай трюктарды аткарышкан. Ал «Өзбекфильм» тарткан «Генийдин жаш чагы» тасмасында ат менен 27 метр бийиктиктен дарыяга секирген. Ал эми «Өзбекфильм» тарткан «Шок» тасмасында от менен трюк аткарып жаткан (өзүн өзү өрттөгөн кызды дубляж кылууда) окуучусун сактайм деп бети-колун күйгүзүп алган.
1999-жылдагы Баткен окуяларында Үсөн Кудайбергенов жана анын командасы мекенибиздин чек арасын кайтарууга жардам берген. 2005-жылкы «Жоогазын революциясы» деп аталып калган 24-марттагы окуядан кийин Бишкек шаарындагы абалды турукташтырууда да чоң роль ойногон. Кудайбергенов элдик кошуундарды уюштуруп, мародёрчулукка каршы күрөшкөн. Акыркы кездерде Бишкектин четиндеги жер басып алууларды токтотууга аракет кылып жүргөн. Ал 2005-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын четиндеги Орто-Сай айылындагы үйүнөн белгисиз киллерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн.


«КЕЧИКПЕЙ КЕЛГЕНИМДЕ ҮСӨН ОШОЛ КҮНҮ АТЫЛБАЙ КАЛАТ БЕЛЕ?..»
Кезинде Үсөн Кудайбергенов менен чогуу иштешкен белгилүү каскадёр Эдилбек Чокубаев маркум тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 1974-жылдан кийин Үсөн менен чогуу иштешип калдым. Биз мурунку СССРдин аймагында тартылган тасмалардын баарына эле катыштык окшойт. Ал убакта СССРде бизден башка ат үстүндөгү каскадёрлор тобу жок эле. 1986-жылы согуштук трюктарды тартуу студиясын ачтык. Ал убакта кино көп тартылчу, жылына 8ден 12ге чейин киного тартылчубуз. 1991-жылдан кийин кино тармагы «өлдү», анан ар кимибиз өз алдынча кеттик. Орто-Сай айылында чоң сарайыбыз бар эле, ал да, аттарыбыз да бүт жок болду.
Акыркы жылдары Үсөн экөөбүздүн чөйрөбүз башка болуп, кээде гана жолугушчубуз. Аны толтура киши айланчыктап калган. Эмне болду билбейм, 2000-жылы соттолуп, камалып кетти. Ошентип 2003-жылга чейин отурду. Үсөн абакта отурганда барып жолугуп турчумун. Түз сүйлөп, түз жүргөнү үчүн абакта да барктуу эле. Бир ирет Казакстандан актёр Фархат Абдраимов жана дагы бир режиссёр достору келип, аларды Үсөнгө жолуктурганы алып бардым. Абакка кирип жатканда артыбыздан темир эшиктер жабылган сайын алар алаңдашат. Кирсек Үсөн беш бармак, казы-карта, коньяк менен тосуп алды. Ошондо казактар «эркиндикте жүрүп биз мындайды жебейбиз» деп таң калышкан.
Үсөн каза болгон күнү экөөбүз жолукмакпыз. Ээр жасаган устаканам бар болчу, жасалган ээрлерди Алматыга да жөнөткөн элем. Ал жактагылар «ээрлериң сатылды, акчасын алып кет» деп чакырып калышты. Алматыдан келе жатып Үсөнгө телефон чалып, «кечинде барам, мончого барып эс алып келели» дегем. Бирок унаамдын дөңгөлөгү жарылып, жолдо калдым. Ошентип Бишкекке 3-4 саат кеч келип, мончого барбай калдык. Анан эле «Үсөндү атып кетти» деп чалышты. Барганымдан көп өтпөй үзүлүп кетти. Мен Алматыдан убагында келгенимде мүмкүн ал ошол күнү атылбай калат беле? Бирок аны баары бир атышмак, көптөн бери артынан аңдып жүрүшкөн экен.
Үсөндүн куралчан жан сакчысы бар болчу, ал ошол күнү жумуштары чыгып, суранып кетиптир. Киллерлер ошондон да пайдаланды окшойт. Үйүнүн алдында времянка бар эле, анда Жолдош деген бала жашачу. Үсөн времянкага киргенде бирөөсү артынан келип, тапанча менен атканда от албай калыптыр. Ошондо Үсөн горшок менен чаап жиберсе ага тийбей калат. Ошол убакта экинчи киллер кирип, атып жиберген. Үсөндү кимдер өлтүргөнүн билебиз, бирок ал эми расмий айтылбайт да. Аны өлтүрүүгө тиешеси барлардын баары өздөрү өлүп, эч кимиси калган жок.
Үсөн 2 жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Күлийпа Кондучалованын кызы эле, ал аялынан 1 кызы бар. Экинчи аялы Альмира Исмаилова деген өзбекстандык улуту башкыр актриса болчу. Андан 2 уулу бар. 91-92-жылдары кино тартуу токтоп жүдөп калганыбызда ал аялы Италияга кетип калган. Улуу уулу Ниязбек Швейцарияда окуп келип айылда жашайт, экинчиси Жаныбек Италияда жашачу.

«АК ЖЕРИНЕН КАМАЛГАН»
Саясий ишмер Феликс Кулов да кезинде Үсөн Кудайбергенов менен дос болуп, чогуу жүрүп калган:
– Мен Үсөн менен өткөн кылымдын 90-жылдарында жылкыларга кызыгып, алектенип жүргөнүмдө таанышып калгам. Ал өтө чынчыл, жөнөкөй, ак көңүл киши болчу.
Абакка отуруп калганы боюнча айтсам, ал акча жеген эмес. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүдө атчан согуштук аракеттерди театралдаштырып көрсөтүп даярдоону өкмөт Үсөнгө тапшырган. Ал бөлүнгөн акчага Манастын 40 чоросун чагылдыруучу адамдарга аскердик кийимдерди сатып алып, андан да көп адамдарды, аттарды каржылаган. Үсөн чыгармачыл адам да, ошолордун баарын документ түрүндө каттабай эле сатып алган экен. Анан анын үстүнөн текшеришкенде сатып алган буюмдары ага берилген акчадан да көп болуп чыккан. Көрсө, ал керектүү нерселерди сатып алууда өз чөнтөгүнөн да акча коротуптур. Бирок баары бир ак жеринен камалып кетти.
Үсөндүн өлтүрүлүшү боюнча кыскача айтсам, аны өлтүрүүгө буюртма берген адам азыр тирүү эмес, аны Кудай жазалады.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Tyty1990
2018-04-10 09:35:22
Ким өлтүрттү экен.
+9
Nibiru.
2018-04-10 09:38:25
Ошондо ким олтуртконун кыйыр турдо да болсо айтып койбойт беленер. Ансыз деле олгон экен ал.
+9
Jelezo
2018-04-10 09:44:39
Садыркулов окшойт
+3
maks94.kb
2018-04-10 10:24:00
ХХХХХХХ билбейм бирок
0
admin_media
2018-04-10 11:19:11
maks94.kb, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынган!
0
Mers124
2018-04-10 11:24:32
Акматбаевдин опгсы
0
Zainidin96
2018-04-10 23:23:11
Карагылачы мен мен деген эр азаматтарыбыз болгон азырчы ар ким озунун чонтогун карап жашап калган
+8
century
2018-04-11 00:52:13
Айтылып турбайбы кыйыр түрдө "аларды Кудай жазалады" деп, кандай ой жүгүртпөйсүңөр, кичине ойлонсоңор. Алар азыр тирүү эмес Кудай жазалаган деп дап даана эле айтылып турбайбы. Болбосо Медет Садыркуловдун өлүмүн кайра бир сыйра окуп чыккыла.
-1
Mystery
2018-04-11 14:43:15
Рыспек Акматбаев
-3
traveler
2018-04-12 10:40:11
Может Баяман Эркинбаев
-4
MKW.MYRZAiYM
2018-04-16 12:14:14
traveler,
0
Kg-samsung
2018-04-13 00:20:47
Ошону убагында айтпайсынарбы дос болсонор туштон кийин билет элем деп айтпай ХХХХ ХХХХХ
+4
gulka_875558
2018-04-14 09:03:07
Kg-samsung, достору убагында айтып чыкканда буларды деле олтуруп кетмек да. Оз жандарын ойлошот да.
+2
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан